ИнструкцияДействует

Инструкция о порядке захоронения умерших граждан и установки надмогильных сооружений на территории города Орловка (утверждено постановлением Орловского городского кенеша от 6 августа 2026 года № 111/16-29)

Редакцияот 06.08.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

 

 

(Орловка шаардык кеңешинин

2026-жылдын 6-августундагы

№ 111/16-29 токтомуна бекитилди тиркеме)

М.И.Токтакунов _____________

 

Нускама

Орловка шаарынын аймагында каза болгон жарандарды көмүү жана көрүстөндөгү мүрзө үстүндөгү курулмаларды орнотуунун тартиби жөнүндө

 

1-глава. Жалпы жоболор

 

1. Ушул Маркум болгон жарандарды көмүү жана мүрзө үстүндөгү эстелик курулмаларын орнотуу тартиби жөнүндө Нускама (мындан ары – Нускама) Кыргыз Республикасынын «Сөөк коюу жана сөөк коюу иши жөнүндө» Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 Жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана Орловка шаарынын «Орловка шаардык турак жай-коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасынын карамагындагы муниципалдык көрүстөндөрдө каза болгон жарандарды көмүү тартибин жөнгө салат, тарыхый-маданий мааниге ээ болгон көмүүлөрдөн тышкары.

2. Орловка шаарынын аймагындагы көрүстөндөрдү көмүүнү уюштуруу, күтүү жана пайдалануу «Орловка шаардык турак жай-коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасы (мындан ары – Ишкана) тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен биргеликте жүзөгө ашырылат.

3. Орловка шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү каада-салттарды, улуттук үрп-адаттарды жана дин тутуу өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген кошумча эрежелерди белгилөөгө укуктуу.

4. Белгилүү бир түрдөгү сөөк коюу жөрөлгөсүн өткөрүүгө мажбурлоого, ошондой эле жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин бузган жөрөлгөлөрдү өткөрүүгө жол берилбейт.

5. Өздүгү аныкталбаган, талап кылынбаган сөөктөрдү, ошондой эле туугандары жок болгон учурда каза болгон адамдарды көмүү Ишкана тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

 

2-глава. Көрүстөнгө жер тилкесин бөлүп берүү

 

6. Орловка шаарынын аймагында көрүстөн үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык жергиликтүү мамлекеттик администрациянын чечими менен жүзөгө ашырылат.

7. Санитардык, экологиялык жана археологиялык корутундуларды даярдоо суроо-талап боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлөт.

8. Орловка шаарындагы көрүстөндөрдү долбоорлоо төмөнкүлөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт:

- калктын саны;

- шаардын өнүгүү келечеги;

- пайдалануунун эң аз мөөнөтү 30 жылдан кем эмес болушу.

- бир көмүү үчүн каралган жер аянтынын ченемдери;

Сөөк коюнун түрү

Жер тилкесинин өлчөмү

Мүрзөнүн өлчөмү

Аянты, м²

Узундугу, м

Туурасы, м²

Узундугу, м

Туурасы, м

Үй-бүлөлүк көмүү

10

2,5

4,0

2,0

1,0

10 жаштан жогору бала же чоң адамдын сөөгүн көмүү үчүн (мусулман салты боюнча, казылган жайы менен)

10

2,5

4,0

2,0

1,0

9 жашка чейинки баланын сөөгүн көмүү

3

2,0

1,5

1,5

0,7

Динине карабастан табыт менен көмүү

5

2,5

2,0

2,0

1,0

 

инфраструктура объекттерин жайгаштыруу зарылдыгын.

9. Көрүстөндөрдү эксплуатациялоону «Орловка шаардык турак жай-коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасы камсыздайт.

 

3-глава. Көрүстөндөрдү күтүү жана эксплуатациялоо

 

10. Орловка шаарындагы көрүстөндөрдү күтүү «Орловка шаардык турак жай-коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасы тарабынан жүзөгө ашырылат.

11. Ишкана төмөнкүлөрдү камсыздайт:

- аймакты көрктөндүрүү;

- жашылдандыруу;

- жолдорду жана аллеяларды күтүү;

- таштанды үчүн контейнерлерди орнотуу;

- суу менен камсыздоону уюштуруу (болгон учурда);

- коомдук ажатканаларды күтүү;

- жарыктандыруу (мүмкүнчүлүк болгон учурда).

12. Көрүстөндүн аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:

- коомдук тартипти бузууга;

- алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө;

- жаныбарларды сейилдетүүгө;

- мүрзө эстеликтерине жана жашыл көчөттөргө зыян келтирүүгө;

- өз алдынча бак-дарактарды отургузууга;

- курулуш материалдарын атайын бөлүнгөн жерлерден тышкары сактоого.

13. Келүүчүлөр тынчтыкты, коомдук тартипти жана санитардык ченемдерди сактоого милдеттүү.

14. Орловка шаарындагы бардык көрүстөндөрдүн аймагы тосмо менен курчалууга тийиш.

 

4-глава. Көмүү үчүн жер тилкесин берүү тартиби

 

15. Көмүү үчүн жер тилкеси акысыз негизде берилет.

16. Көмүү үчүн жер тилкеси «Орловка шаардык турак жай-коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасы тарабынан кайрылган күнү төмөнкү документтердин негизинде берилет:

- арыздын;

- өздүгүн күбөлөндүргөн документтин;

- өлгөндүгү жөнүндө медициналык күбөлүктүн негизинде.

 

17. Жер тилкеси төмөнкү учурларда берилет:

- маркумдун эркине ылайык;

- жашаган жери боюнча;

- каза болгон жери боюнча;

- жакын туугандарынын жанына (бош орун болгон учурда).

18. Өз алдынча көмүүгө тыюу салынат.

 

5-глава. Көмүү жана кошумча көмүү

 

19. Кызмат көрсөтүүлөрдүн прейскуранты

19.1. Орловка шаарынын көрүстөндөрүнүн аймагында бир көрдү брондоо жана көмүү үчүн бир орун берүү үчүн 500 (беш жүз) сом өлчөмүндө акы белгиленет.

19.2. Көрсөтүлгөн акы бекитилген прейскурантка ылайык «Орловка шаардык турак жай-коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасы тарабынан алынат жана төмөнкү максаттарга жумшалат:

- көрүстөндөрдү күтүү жана көрктөндүрүү;

- аймакты тазалоо;

- таштандыларды чыгаруу;

- инфраструктураны күтүү.

19.3. Төлөм касса аркылуу же белгиленген башка тартипте жүргүзүлүп, төлөмдү ырастоочу документ берилет.

19.4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда (социалдык жактан корголбогон адамдардын категориялары, талап кылынбаган сөөктөр жана башка учурлар) төлөм алынбашы мүмкүн.

20. Көмүү Орловка шаарындагы иштеп жаткан көрүстөндөрдө жүргүзүлөт.

21. Көмүүнү уюштурууну «Орловка шаардык турак жай-коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасы камсыздайт.

22. Көмүү санитардык жана укуктук талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт.

23. Кошумча көмүүгө туугандарынын макулдугу жана туугандык мамилени ырастаган документтер болгон учурда жол берилет.

 

6-глава. Көмүүлөрдү эсепке алуу

 

24. «Орловка шаардык турак жай-коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасы бардык көмүүлөрдү эсепке алат.

25. Эсепке алуу каттоо журналында (кагаз жана электрондук түрдө) төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү менен жүргүзүлөт:

- маркум жөнүндө маалыматтар;

- көмүлгөн күнү;

- көмүлгөн жери;

- арыз берүүчү жөнүндө маалыматтар.

26. Документтер белгиленген тартипте сакталууга тийиш.

 

7-глава. Мүрзө үстүндөгү эстелик курулмаларын орнотуу

 

27. Эстеликтерди орнотуу «Орловка шаардык турак жай-коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасы менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.

28. Төмөнкүлөр сунушталат:

- жөнөкөйлүк принциптерин сактоо;

- өтө кымбат эстелик курулмаларын орнотпоого;

- көрүстөндүн бирдиктүү сырткы көрүнүшүн сактоого.

29. Эстеликтердин бийиктиги 0,70 метрден ашпоого тийиш.

30. Адеп-ахлак нормаларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген эстеликтерди орнотууга тыюу салынат.

 

8-глава. Корутунду жоболор

 

31. Ушул Нускаманын талаптарынын сакталышын контролдоону Орловка шаарынын мэриясы менен биргеликте «Орловка шаардык турак жай-коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасы жүзөгө ашырат.

32. Ушул Нускаманын талаптарын бузган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

33. Көрүстөндөрдү өз алдынча бузууга жол берилбейт жана алар мамлекеттин коргоосунда болот.

 

 

Мэр г.Орловка

 

“Орловка шаардык ТКЧ” МИ мекеме башчысы

 

___________Койшыбаев А. А.

 

____________Кудайбергенов А. Ш.