Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-ноябрындагы «Кызыл-Жылдыз айылындагы Амангелди Кулов атындагы борбордук көчөсүнө тротуар, арык жана жарыктандыруу үчүн өздүк салым акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө» №15/8 токтому
ЭСЕНАЛЫ ДАЙРАКУНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XV КЕЗЕКТҮҮ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 19-ноябры №15/8
Кызыл-Жылдыз айылындагы Амангелди Кулов атындагы борбордук көчөсүнө тротуар, арык жана жарыктандыруу үчүн өздүк салым акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Жылдыз айылындагы Амангелди Кулов атындагы борбордук көчөсүнө тротуар, арык жана жарыктандыруу үчүн Нарын облустук «Теңир Тоо» өнүктүрүү фондуна көрсөтүлүп жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөт тарабынан бөлүнүп берилүүчү өздүк салым акча каражатын карап чыгып жана талкуулап, Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын ХV кезектүү сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облустук «Теңир Тоо» өнүктүрүү фондуна көрсөтүлүп, жалпы сметалык наркы 10 248 515 (он миллион эки жүз кырк сегиз миң беш жүз он беш) сомду түзгөн Кызыл-Жылдыз айылындагы Амангелди Кулов атындагы борбордук көчөсүнө тротуар, арык жана жарыктандыруу долбоору жактырылсын.
2. Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 3 074 555 (үч миллион жетимиш төрт миң беш жүз элү беш) сом акча каражаты каралсын.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Ы. Бакаев |