Приложение Методологии разработки профессионального стандарта (Утверждена приказом Министерства труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики от 18 сентября 2026 года № 227)
Көңүл буруңуздар!
Ушул Методология
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 15-июлундагы № 77
токтому күчүн жоготту деп таанылган учурдан
тартып күчүнө кирет
| Тиркеме 1 |
| (Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын 18-сентябрындагы № 227 буйругу менен бекитилди) |
Кесиптик стандартты иштеп чыгуу
МЕТОДОЛОГИЯСЫ
1. Жалпы жоболор
2. Кесиптик стандартты иштеп чыгууну уюштуруу тартиби
3. Кесиптик стандартты баалоо жана бекитүү тартиби
4. Уюмда кесиптик стандарттарды ишке киргизүүнүн жол-жобосу
5. Кесиптик стандартты иштеп чыгуунун тартиби
6. Кесиптик стандартты тариздөө
1. Жалпы жоболор
Кесиптик/эмгек ишмердүүлүгүнүн түрү - тектеш мүнөзгө, эмгектин жалпы натыйжаларына жана шарттарына ээ, жалпыланган эмгек функцияларынын жыйындысы.
Экономикалык иштин түрү - ишмердүүлүктүн түрлөрүн классификациялоонун кыйла бөлүнгөн категорияларын мүнөздөөчү продукттардын (товарлардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн) бир тектүү топтомун алууну шарттаган процесс.
Кыргыз Республикасынын экономикалык иштеринин түрлөрүнүн мамлекеттик классификатору - Кыргыз Республикасынын техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтарын классификациялоонун жана коддоонун бирдиктүү системасынын курамдык бөлүгү болуп саналат.
Билимдер - иш же окуу жаатына байланыштуу фактылардын, принциптердин, теориялардын жана практикалардын жыйындысы. Билимдер теориялык жана/же фактологиялык мааниде баяндалат жана окутуу аркылуу маалыматты өздөштүрүүнүн натыйжасы болуп саналат.
квалификация - белгиленген үлгүдөгү документ менен тастыкталуучу, окутууга жана кесиптик иштин белгилүү бир түрүн аткарууга даярдыгын мүнөздөөчү билимдердин, көндүмдөрдүн жана социалдык-инсандык компетенциялардын деңгээли.
компетенция - билим алып жаткандарды белгилүү бир чөйрөдө анын натыйжалуу өнүмдүү иши үчүн зарыл болгон билим берүүгө даярдоого карата алдын ала коюлган социалдык талап (ченем).
компетенттүүлүк - адамдын белгилүү бир кырдаалда (окуу, инсандык жана кесиптик) билимдин жана көндүмдөрдүн ар кандай элементтерин өз алдынча колдонууга интеграцияланган жөндөмдүүлүгү.
Компетенттүү иштин критерийлери - талаптарга жана ченемдерге ылайык белгилүү бир эмгектик функцияларды аткаруунун натыйжаларынын сыпаттамасы.
Жеке компетенциялар - конкреттүү турмуштук жана/же кесиптик кырдаалды кыйла натыйжалуу чечүүгө багытталган жүрүм-турум аракеттери.
Жөндөмдөр - бул автоматизмге чейин жеткирилген, жогорку сапаттагы эмгек функцияларын аткара билүү.
Кыргыз Республикасынын квалификацияларынын улуттук алкагы - бул улуттук квалификациялык чакан системаларды интеграциялоого жана координациялоого, квалификациялардын салыштырмалуулугун камсыздоого багытталган жана квалификациялардын ылайык келүүсүн тастыктоо жана ыйгаруу системасы үчүн негиз болуучу критерийлердин топтомуна ылайык квалификациялардын деңгээлдеринин түзүмдөштүрүлгөн баяндамасы.
Кыргыз Республикасынын кесиптеринин жалпы республикалык классификатору - бул аталыштардын бирдейлигине жетишүүгө мүмкүндүк берген эмгек ишмердүүлүгүнүн түрлөрүнүн тутумдаштырылган тизмеси, калктын иштин түрлөрү боюнча бөлүштүрүлүшүнө статистикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү, иш менен камсыз кылуу саясатын иш жүзүнө ашыруу, аналитикалык изилдөөлөрдү жана салыштырууларды аткаруу, анын ичинде эл аралык аналитикалык изилдөөлөрдү жана салыштырууларды аткаруу максатында статистикалык эсептөөлөрдү уюштуруу.
Кайчылаш функциялар – бул белгилүү бир кесиптик стандартка тиешелүү бардык иш функцияларын натыйжалуу жана коопсуз ишке ашыруу үчүн иш аракеттеринин жыйындысы.
Квалификациялардын тармактык/сектордук алкактары - белгилүү тармактагы/сектордогу квалификациялардын мазмунун системалык жана түзүмдөштүрүлгөн деңгээлдери боюнча баяндамасы;
Тармак - бул өндүрүлүүчү продукциянын, өндүрүш технологиясынын, негизги фонддордун жана иштегендердин кесиптик көндүмдөрүнүн жалпылыгы менен мүнөздөлгөн ишканалар менен уюмдардын жыйындысы.
Кесиптик стандарт - кесиптик ишмердүүлүктүн белгилүү бир түрүн жүзөгө ашыруу жана белгилүү бир эмгек функциясын аткаруу үчүн керектүү квалификациянын мүнөздөмөсү.
Кесип - бул атайын даярдыктын натыйжасында алынган жана квалификациясы жөнүндө тиешелүү документтер менен тастыкталган белгилүү бир билимди, көндүмдөрдү жана практикалык жөндөмдөрдү талап кылган адамдын эмгек ишмердүүлүгүнүн негизги түрү.
Эмгек функциясы – бул кызматкерден аларды аткаруу үчүн зарыл билимге, көндүмгө жана тажрыйбага ээ болушун талап кылган иш аракеттеринин жыйындысы.
1. Кесиптик стандартты иштеп чыгуу методологиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5- июнундагы № 178 Жарлыгы менен бекитилген 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук өнүгүү программасын, Кыргыз Республикасынын “Билим берүүжөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30- сентябрындагы № 505 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында квалификациялардын улуттук системасынын концепциясын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана кесиптик стандартты иштеп чыгуу, эксперттик баалоо жана колдонууга киргизүү тартибин белгилейт.
2. Кесиптик стандарттын максаты - кесиптик/эмгек ишинин белгилүү бир түрүнүн эмгек функцияларын сапаттуу аткарууга талаптарды сүрөттөө болуп саналат. Кесиптик стандарт квалификациялардын улуттук системасынын компоненттеринин бири болуп саналат жана кадрларды баалоодо, сертификаттоодо, даярдоодо жана кайра даярдоодо колдонулат.
3. Кесиптик стандартты негизги колдонуучулар төмөнкүлөр болуп саналат:
- жумуш берүүчүлөр (уюмдардын, мекемелердин жетекчилери) - жумушка алууда, алардын ишине баа берүүдө, эмгекке акы төлөө системасын иштеп чыгууда, кадр саясатын жүргүзүүдө, кадрларды натыйжалуу башкарууда, кадрларды ротациялоодо, ошондой эле кызмат орундары боюнча функциялардын кайталанышына жол бербөө үчүн кызматкердин квалификациясынын шайкештигин аныктоочу негизги ченемдик документ катары. Кесиптик стандарт жумуш берүүчүлөр тарабынан квалификацияларды жогорулатуу программаларын түзүүдө колдонулушу мүмкүн;
- кызматкерлер - тармактагы кесипке коюлган талаптарды түшүнүү, өздөрүнүн квалификациясын жогорулатууну жана мансаптык өсүштү пландоо үчүн;
- тармактык кеңештер, жумуш берүүчүлөрдүн ассоциациялары, жумуш берүүчүлөрдүн республикалык бирикмелери - жаңы кесиптик стандартты иштеп чыгуу жана колдонуудагы кесиптик стандарттарды жаңылоо үчүн;
- сертификаттоо жана квалификацияны ыйгаруу жаатында иш жүргүзгөн уюмдар/борборлор - персоналды сертификаттоо үчүн баалоо материалдарын иштеп чыгуу жана кызматкерлердин квалификациясын сертификаттоо критерийлерин иштеп чыгуу үчүн;
- билим берүү системасынын адистери - мамлекеттик билим берүү стандарттарын, кесиптик негизги билим берүүчү даярдоо программаларын жана кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу программаларын иштеп чыгуу үчүн (тармактар боюнча);
- тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар - эмгек рыногунун саясатын иштеп чыгуу үчүн.
2. Кесиптик стандартты иштеп чыгууну уюштуруу тартиби
4. Эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кесиптик стандартты иштеп чыгуу жана илгерилетүү боюнча ишти түздөн-түз координациялайт. Кесиптик стандартты иштеп чыгуу жана ишке киргизүү үчүн артыкчылыктуу тармактар бекитилген улуттук стратегиялык документтерге жана Кыргыз Республикасынын тармактык өнүгүү программаларына ылайык аныкталат.
5. Кесиптик стандартты иштеп чыгуулардын заказчысы тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жумуш берүүчүлөр жана өкмөттүк эмес уюмдар болушу мүмкүн.
6. Кесиптик стандарт тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, тармактык кеңештер, кесиптик бирликтер, жумуш берүүчүлөрдүн бирикмелери тарабынан иштелип чыгышы мүмкүн.
Кесиптик стандартты иштеп чыгууга тармактык экcперттер, айрым кесиптердин кызматкерлери, жумуш берүүчүлөр, билим берүү системасынын, кесиптик бирликтердин, сертификаттоо жана квалификацияларды ыйгаруу боюнча иш жүргүзгөн органдардын/уюмдардын, изилдөө уюмдарынын өкүлдөрү, көз карандысыз экcперттер жана консультанттар тартылышы мүмкүн.
Кесиптик стандарт демилгелүү топ тарабынан иштелип чыгышы мүмкүн, анын курамына тиешелүү тармактын эксперттери жана адистери кириши керек.
7. Иштеп жаткан кесиптик стандарттардын тизмеси эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен алдын ала макулдашылат.
8. Кесиптик стандартты иштеп чыгууга жана баалоого байланыштуу чыгымдар заказчыга жүктөлөт.
9. Кесиптик стандарттын иштелип чыккан долбоору кызыктар тараптар арасында коомдук талкуулоо жол-жобосунан өтөт (уюштуруу тегерек столдор, кесиптик стандартты иштеп чыгуучулардын сайтына жайгаштыруу ж.б.).
3. Кесиптик стандартты баалоо жана бекитүү тартиби
10. Кесиптик стандартты көз карандысыз баалоо тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында түзүлгөн эксперттик топ тарабынан жүргүзүлөт. Эксперттик топту түзүүнүн тартиби жана анын иштөө регламенти тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет. Буйрукта төраганы, экспертиза жүргүзүү мөөнөтүн, эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүүнүн күнүн көрсөтүү менен эксперттик топтун курамы көрсөтүлөт. Эксперттик топтун курамына кесиптик бирликтин жана кесиптик стандарт арналган тармактын өкүлдөрү кириши керек. Кесиптик стандартты баалоого билим берүү системасынын өкүлдөрү катыша алышат. Кесиптик стандартты баалоого катышкан экcперттердин саны, кесиптик стандартты иштеп чыгуучуларды кошпогондо, кесиби боюнча базалык билими, ошондой эле бул чөйрөдө үч жылдан кем эмес практикалык иш тажрыйбасы бар жумуш берүүчүлөрдүн арасынан 3 адамдан кем эмес курамда түзүлөт. Кесиптик стандартты баалоону өз убагында жүргүзүү жана анын объективдүүлүгү эксперттик топтун төрагасына жүктөлөт.
11. Кесиптик стандарттын долбоору иштеп чыгуучулар тарабынан электрондук жана кагаз түрүндө тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилиши керек. Тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен түзүлгөн эксперттик топ кесиптик стандарттын долбоорун 30 календардык күндүн ичинде анын түзүлүшүнүн жана таризделишинин кесиптик стандарттын макети менен шайкештигин төмөнкү критерийлер боюнча баалайт:
- кесиптик стандарттын мазмуну каралып жаткан квалификация үчүн бардык зарыл талаптарды камтууга тийиш;
- каалаган колдонуучунун кабыл алуусун жеңилдетүү үчүн кесиптик стандартта ушул документте сунушталган бирдиктүү терминология, ошондой эле функциялык анализди иштеп чыгууда конкреттүү, түшүнүктүү аныктамалар колдонулушу керек;
- кесиптик стандарт Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган эл аралык келишимдерге жана эл аралык укуктун башка ченемдерине шайкеш келиши керек.
12. Эксперттик топ кесиптик стандарттын долбооруна баалоо жүргүзөт жана корутунду түзөт (3-тиркеме). Эгерде кесиптик стандартты баалоо боюнча эксперттик топтун сын пикирлери бар болсо, иштеп чыгуучу бир айдын ичинде кесиптик стандарттын долбоорун жеткире иштеп чыгат жана кайрадан кароого киргизет.
13. Тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга каттоого эксперттик топ жактыргандан кийин он иш күндүн ичинде буйруктун жана эксперттик корутундунун көчүрмөсүн тиркөө менен санарип форматындагы эксперттик оң корутундусу менен кошо кесиптик стандарттын долбоорун макулдашууга берет.
14. Эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кесиптик стандарттын долбоору макетке ылайык келбесе, аны четке кагууга укуктуу.
15. Эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үч жумушчу күндүн ичинде кесиптик стандартты реестрге киргизет жана өзүнүн расмий сайтына жайгаштырат. Бекитилген кесиптик стандарт эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жарыяланган учурдан тартып колдонууга киргизилди деп эсептелинет.
4. Уюмда кесиптик стандарттарды ишке киргизүүнүн жол-жобосу
16. Уюмдар кызмат орундарынын аталыштарын жана кесиптердин шайкештигин аныктоодо, өзүнүн кызматкерлерине карата кесиптик талаптарды белгилөөдө эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын реестрине киргизилген кесиптик стандартты жетекчиликке алышат.
17. Кесиптик стандартты ишке киргизүү жол-жобосунун этаптары:
- жумушчу топту түзүү жана кесиптик стандартты ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу;
- иш-чаралардын планын ишке ашыруу.
18. Жумушчу топту түзүү жана кесиптик стандартты ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жумушчу топтун курамы боюнча буйрук чыгарууну жана анын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын аныктоону камтыйт. Топко эмгек боюнча адистер же штаттык ырааттаманы иштеп чыгууга жооптуу кызматкерлер, персоналды башкаруу боюнча адистер, юристтер, ошондой эле түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери кириши мүмкүн.
19. Жумушчу топ уюмдун ишмердигинин түрлөрүн эске алуу менен зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды изилдейт жана зарыл иш-чараларды, аларды жүзөгө ашыруу мөөнөттөрүн, жооптуу адамдарды жана кесиптик стандартты ишке киргизүү жол-жоболорун аткаруу критерийлерин караган кесиптик стандартты ишке киргизүү боюнча планды иштеп чыгат.
20. Иш-чаралар планын ишке ашыруу этабында аткаруучулар кесиптик стандарт кайсы кызмат орундары үчүн милдеттүү экендигин аныкташат, кызматкерлердин квалификациясынын кесиптик стандартка шайкештигин текшеришет жана уюмдун документтерине (штаттык таблица, кызматтык нускамалар, тарифтик торчо ж.б.) өзгөртүүлөрдү киргизишет. Кызмат орундарын аныктоо жана кызматкерлердин квалификациясынын шайкештигин текшерүү штаттык ырааттамада көрсөтүлгөн кызмат орундарын эмгек жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтындагы бекитилген кесиптик стандарттардын реестри менен салыштыруу аркылуу жүргүзүлөт. Кандайдыр бир айырмачылыктар аныкталса, анда аларды жумушчу топтун жыйналышынын протоколуна жазып коюу зарыл.
21. Кийинки кадам кызматтык нускамада билимине, стажына жана кызмат орундарынын аталышына коюлган талаптарды өзгөртүү болуп саналат. Эгерде кызматтык нускама эмгек келишиминин ажырагыс бөлүгү болсо, анда аны өзгөртүү эмгек келишимине кошумча макулдашуу тариздөө аркылуу кызматкердин макулдугу менен гана мүмкүн болот. Эмгек китепчесиндеги жана кызматкердин жеке карточкасындагы ээлеген кызмат ордунун өзгөртүлгөн аталышы жөнүндө жазууларды киргизүү керек.
22. Андан ары, штаттык ырааттамага (жаңы документти бекитүү же колдонуудагы штаттык ырааттамага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө буйрук чыгаруу) өзгөртүүлөр киргизилет. Бул этаптагы акыркы кадам - уюмдун укуктук актыларын шайкеш келтирүү болуп саналат. Ошентип, эмгегине акы төлөө жөнүндөгү жобо анда көрсөтүлгөн квалификациялык деңгээлдерди эске алуу менен акы төлөө системасын камтышы керек.
23. Кесиптик стандартты ишке киргизүүнүн жыйынтыктарын чыгаргандан кийин жумушчу топ тарабынан андан аркы иш-аракеттердин планы түзүлөт:
- кызматкерлердин кесиптик стандарттын талаптарына квалификациялык шайкештигин аныктоо үчүн зарыл болгон аттестациялоону/сертификаттоону уюштуруу;
- кесиптик стандартта белгиленген көндүмдөргө ээ болбогон кызматкерлерди окутуу;
- эмгек келишимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү же кызматкерлер менен кесиптик даярдоодон, кайра даярдоодон жана квалификациясын жогорулатуудан өтүшү жана шарттары жөнүндө макулдашууларды түзүү.
24. Кесиптик стандартты ишке ашыруунун, мониторингдин жана аткарылышын координациялоонун тартиби тармактык ыйгарым укуктуу органдарга жүктөлөт.
5. Кесиптик стандартты иштеп чыгуунун тартиби
25. Кесиптик стандартты иштеп чыгуу жол-жобосу ченемдик укуктук актыларды жана башка маалымат булактарын талдоонун негизинде изилденип жаткан эмгек ишмердигинин түрүнө мүнөздүү эмгек функцияларын аныктоонун ар кандай ыкмаларына/мамилелерине (кызматтык мүнөздөмөлөрдү талдоо методу, DACUM (Currikulum иштеп чыгуу) методу, эмгек функциясын талдоо методу ж.б.) негизделген. Кесиптик стандарттарды иштеп чыгуучулар профессионалдык иш-аракеттерде же кесиптерде аткарылуучу эмгек функцияларын аныктоонун ыкмасын/мамилесин тандай алышат.
26. Кесиптик стандарттын долбоору кесиптик стандарттын макетине ылайык иштелип чыгат (1-тиркеме). Кесиптик стандарттын макетин тариздөөнүн үлгүсү 2-тиркемеде келтирилген.
27. Кесиптик стандарт төмөнкүдөй бөлүмдөрдү камтыйт:
- 1-бөлүм. Жалпы маалымат;
- 2-бөлүм. Эмгек функцияларынын тизмеги;
- 3-бөлүм. Эмгек функцияларынын сыпаттамасы;
- 4-бөлүм. Кесиптик стандартты иштеп чыгуучулар жөнүндө маалымат.
Кесиптик стандарттын квалификациялык деңгээли Кыргыз Республикасынын Улуттук квалификациялык алкактарына (мындан ары - КВФ) ылайык келүүгө тийиш жана эмгек функцияларынын бирдей деңгээлдеринин эң көп саны менен аныкталат.
28. Кесиптик стандарттын аталышы атооч жөндөмөсүндөгү зат атооч менен берилген кесиптик стандарттын жалпыланган аталышы катары келтирилет (мисалы, маалыматтык системалар боюнча адис).
29. Каттоо номери эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кесиптик стандартты бекитүү учурунда толтурулат. Кесиптик стандарттын версиясы анын сериялык номери менен көрсөтүлөт.
30. 1-бөлүм. "Жалпы маалыматтар" төмөнкүлөрдү камтыйт:
- кесиптик стандарттын коду, 15-16 белгиден турат: бир-эки тамгадан жана он сандан - XXXXYYYYZZZZ;
Мисалы, СВ1475330001:
ХХХХ - экономикалык иштин түрүнүн секциясы, чакан секциясы жана бөлүмү;
YYYY - Кесиптердин жалпы республикалык классификатору боюнча баштапкы топ;
ZZZZ - реестрдеги кесиптик стандарттын катар номери;
- Экономикалык иштин түрлөрүнүн мамлекеттик классификаторун (мындан ары - ЭИМК) жана Кесиптердин жалпы республикалык классификаторун (мындан ары - КЖРК) эске алуу менен аныкталуучу кесиптик иштин түрүнүн аталышы;
- кесиптик иштин бул түрү эмнеге багытталгандыгынын күтүлүүчү натыйжасын сыпаттаган кесиптик иштин түрүнүн негизги максаты;
- кесиптердин топтору - кесиптик стандарттын жалпыланган эмгек функциялары менен өз ара байланыштыгы КЖРКга ылайык бир же бир нече баштапкы топтордун аталыштарына ылайык (XXXX төрт белги) көрсөтүлөт. Эгерде маалымат жок болсо, графага сызыкча коюлат;
- экономикалык иштин түрлөрү менен өз ара байланыштыгы: ЭИМКга ылайык экономикалык иштин бир же бир нече чакан класстарынын (XX.XX.X), класстардын (XX.XX) же топтордун (XX.X) коду жана аталышы көрсөтүлөт.
31. 2-бөлүм. "Эмгек функцияларынын тизмеги" эмгек функцияларынын таблица түрүндө сыпатталышын камтыйт, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт.
- эмгек функциясынын коду жана аталышы, квалификациянын деңгээли. Кесиптик стандарттын эмгек функциясынын коду 16 белгиден XXXXYYYYZZZZVVNN турат. Эмгек функциялары УКА негизинде квалификация деңгээлине ылайык келет. Квалификациянын деңгээлинин номери ар бир эмгек функциясына аныкталат.
Мисалы, СВ1431190001ТФ01:
ХХХХ - ЭИМК түрүнүн секциясы, чакан секциясы жана бөлүмү;
YYYY - КЖРК боюнча баштапкы топ;
ZZZZ - реестрдеги кесиптик стандарттын катар номери;
VVNN - эмгек функциясынын номери;
ЖРИК конкреттүү иш/жумуш жок болгон учурда кесиптик стандартты иштеп чыгуучулар эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга ЖРИК аны киргизүүнү сунуштай алат.
32. Бөлүм 3. "Эмгек функцияларынын сыпаттамасы" төмөнкүдөй параметрлер аркылуу эмгек функцияларынын сыпаттамасын камтыйт:
- жалпыланган эмгек функциясынын аталышы жана коду, бул маалыматтар 2-бөлүмдүн маалыматтары менен бирдей болууга тийиш;
- КУАга ылайык квалификациялардын деңгээлдери жана квалификациялардын тармактык алкактарынын деңгээлдери/деңгээлчелери, бул маалыматтар 2-бөлүмдөгү маалыматтар менен бирдей болушу керек;
- компетенттүү иштин критерийлери аларды өлчөөнүн так мүмкүнчүлүгү түзүлгөндөй сыпатталышы керек, бул үчүн сыпаттамада баалоочу сөздөр камтылууга тийиш. Компетенттүү иштин критерийлери Улуттук квалификация алкагынын белгиленген талаптарына ылайык жоопкерчилик, өз алдынчалык жана коммуникация көндүмдөрү жагынан зарыл болгон билимдерди, көндүмдөрдү жана жеке компетенцияларды (ишке болгон мамилени) камтышы керек.
- эмгек функциясын сапаттуу аткаруу үчүн талап кылынган зарыл билимдер: бул бөлүмдө ченемдик документтерде, анын ичинде техникалык документтерде аныкталган билимдер көрсөтүлүшү мүмкүн.
- кандай иш-аракеттер аткарылышы керек экендигин көрсөткөн керек болгон көндүмдөр же эмгек функцияларын аткаруу үчүн жумушчу эмне кылганды билүүсү керек;
- жеке компетенциялар Квалификациялардын улуттук алкагына ылайык жеке компетенциялардын топтому кесиптик иштин чөйрөсүнө жараша өзгөрүп турат;
- жумушчу чөйрөнүн сыпаттамасы: өндүрүш чөйрөсүнүн жана эмгек процессинин факторлору, эмгек функцияларын аткаруу үчүн керек болгон эмгек каражаттарынын жана эмгек предметтеринин өзгөчөлүгү;
- баалоого карата көрсөтмөлөр эмгек функциясын өздөштүрүүгө далилдерди (материалдарды, инструменттерди жана баалоо ыкмаларын) камтууга тийиш.
33. 4-бөлүмдө таблица формасында кесиптик стандарттын иштеп чыгуучулары жөнүндө толук маалымат берилет, анда кесиптик стандартты иштеп чыгуучулардын аты-жөнү, кызматы, иштеп чыгуучу уюмдардын аталышы, кесиптик стандарттын иштелип чыккан күнү жана кесиптик стандарттын колдонуу мөөнөтү камтылат. Зарыл болгон учурда иштеп чыгуучулар (өнөр жай министрликтери) кесиптик стандартты тиркемелер менен толуктай алышат.
34. Кесиптик стандарттын колдонуу мөөнөтү иштеп чыгуучулар тарабынан тармактын өзгөчөлүгүнө жараша, бирок 5 жылдан ашпаган мөөнөткө белгиленет.
6. Кесиптик стандартты тариздөө
35. Кесиптик стандарт 14 өлчөмүндөгү "Times New Roman" шрифтин колдонуу менен ортолору бир саптык аралык менен таризделет.
36. Кесиптик стандарттын бөлүмдөрү, бөлүмдүн ичиндеги бөлүмчөлөр жана пункттар бир саптык аралык менен бөлүнөт.
37. Кесиптик стандарттын баракчасынын номерлери барактын ылдыйкы тилкесинин оң жагына коюлат.
38. Документтин ар бир барагынын тилкелеринин өлчөмү төмөнкүдөй болууга тийиш: сол жагы 3 см; оң, жогорку жана төмөнкү жагы - 2 см.
Кесиптик стандартты иштеп чыгуу методологиясынын 1-тиркемеси
Кесиптик стандарттын МАКЕТИ _______________________________________________________________ Ыйгарым укуктуу органдын аталышы
| |
| “Бекитем” Министр______________ Ф.А.А.
М.О. Буйрук №________ “___”_________20___ -ж. |
Кесиптик стандарт _______________________________________ (Кесиптик стандарттын аталышы атооч жөндөмөсүндө) Каттоо номери ________________________________________________________ (кесиптик стандартты бекиткенден кийин реестрге киргизге учурда берилет) Кесиптик стандарттын версиясынын номери: ________
КР Улуттук квалификация алкагы боюнча квалификациянын деңгээли: ____________
1. Жалпы маалымат | |
1.1. Кесиптик стандарттын коду |
|
1.2. Кесиптик ишмердиктин түрү |
|
1.3. Кесиптик ишмердиктин түрүнүн негизги максаты |
|
1.4. КЖРК (2) боюнча кесиптер тобу (КЖРК боюнча баштапкы топ) | Кесиптер тобу КЖРКга ылайык кесиптердин жалпыланган эмгек функциялары менен өз ара байланыштуу бир же бир нече баштапкы топторунун аталышына (ХХХХ төрт белгиси) ылайык көрсөтүлөт. Маалымат жок болгон учурда графага сызыкча коюлат. |
1.5. ЭИМК менен өз ара байланыштыруу | Кесиптик ишмердүүлүктүн бул түрүн өз ара байланыштырууда ЭИМКга ылайык экономикалык иштин бир же бир нече чакан класстарынын (хх.хх.х), класстардын (хх.хх) же топторунун (хх.х) кодун жана аталышын көрсөтүү зарыл. |
(1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-январындагы № 9 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын "Экономикалык иштин түрлөрү" мамлекеттик классификатору. (2) Кесиптердин жалпы республикалык классификатору (КЖРК 009-2019) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин 2019-жылдын 6-майындагы № 10 токтому менен колдонууга киргизилген. | |
2. Кызматтык милдеттердин тизмеси
Эмгек функцияларынын аталышы | Код | УКА боюнча квалификациянын деңгээли |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Кайчылаш функциялардын аталышы | Код | УКА боюнча квалификациянын деңгээли |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
3. Эмгек функцияларын сүрөттөө
3.1. Эмгек функциясынын коду жана аталышы КУА боюнча деңгээли КТА деңгээли/деңгээлчеси Компететтүү иштин критерийлери Зарыл билимдер Зарыл көндүмдөр Жеке компетенциялар (жоопкерчилик, өз алдынчалык жана коммуникация) Жумушчу чөйрөнүн сыпаттамасы Баалоого карата көрсөткүчтөр (эмгек функциясын өздөштүрүүнүн далилдери) |
4. Кесиптик стандартты иштеп чыгуучулар жөнүндө маалымат
№ | Уюм | Кызмат орду | Аты-жөнү | Колу | |
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
| |
|
|
|
|
| |
Иштеп чыккан күнү: |
| ||||
Колдонуу мөөнөтү: |
| ||||
Кесиптик стандартты толтуруунун ҮЛГҮСҮ
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги “Бекитем” Министр ______________ Аты-жөнү
Буйрук №_________ “___”_________20___ ж. Кесиптик стандарт Тигүү өндүрүшүнүн техник-технологу (кесиптик стандарттын аталышы атооч жөндөмөсүндөгү зат атооч аркылуу берилет) Каттоо номери ____________________________________________ (кесиптик стандартты бекиткенден кийин, аны реестрге киргизүү учурунда ыйгарылат)
Кесиптик стандарттын версиясынын номери: _2_ УКА деңгээли: 5 1. Жалпы маалымат
(1) Кесиптердин жалпы республикалык классификатору (КЖРК 009-2019) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин 2019-жылдын 6-майындагы № 10 токтому менен күчүнө киргизилген. 2. Эмгек функцияларынын тизмеги
3. Эмгек функцияларын сүрөттөө
4. Кесиптик стандартты иштеп чыгуучулар жөнүндө маалымат
Кыскартуулардын тизмеси:
ЭИМК - Кыргыз Республикасынын "Экономикалык иштин түрлөрү" мамлекеттик классификатору; КУА - Кыргыз Республикасынын квалификациялардын улуттук алкагы; КЖРК - кесиптердин жалпы республикалык классификатору; КТА - квалификациянын тармактык алкагы; ЭФ – эмгек функциясы; КФ - кайчылаш функция.
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Кесиптик стандарттын долбооруна карата эксперттик топтун корутундусунун ФОРМАСЫ
"______________________________________________________ ________________" кесиптик стандарттын аталышы
1. Кесиптик стандарт иштелип чыккан кесип (кесип) Экономикалык иштин мамлекеттик классификациясында (МКК), ИЖРК тарабынан каралат:
2. Сунушталган кесипти (кесипти) ишке киргизүү Кыргыз Республикасынын эмгек рыногунун учурдагы жана (же) келечектеги керектөөлөрү менен негизделет:
3. Кесиптик стандарттын түзүмү кесиптик стандарттын макетине туура келет:
4. Кесиптик иштин түрү туура аныкталган:
5. Кесиптик ишмердиктин түрүнүн негизги максаты туура аныкталган:
6. Класстык топтор ИЖРК ге ылайык аныкталат:
7. Кызматтык милдеттери туура аныкталган:
8. Эмгек функцияларынын компоненттери туура аныкталган: 8.1.1. Компетенттүү иш үчүн критерийлер:
8.1.2. Керектүү билим:
8.1.3. Керек болгон көндүмдөр:
8.1.4. Жеке компетенциялар:
8.1.5. Иш чөйрөсүн сүрөттөө:
8.1.6. Баалоого көрсөтмөлөр:
13. Текстте кесиптик терминология жагынан каталар жана/же так эместиктер жок:
14. Кесиптик стандарттын долбоору төмөнкү кызыкдар тараптар менен талкууланды жана макулдашылды: 1) _______________________________________________ ______________________ ____________________________ 2) _______________________________________________ ______________________ ____________________________ 3) ________________________________________________ ______________________ ____________________________ 4) _________________________________________________ ____________________________(3)
16. Эксперттик комиссия кесиптик стандарттын долбоорун бекитүүгө сунуш кылат:
Эксперттик топтун төрагасы
Эксперттик топтун мүчөсү
Эксперттик топтун мүчөсү
Эксперттик топтун мүчөсү
_____________________ | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||