Постановление Орловского городского кенеша от 2 октября 2026 года № 118/18-29 «О принятии на баланс внутрихозяйственных каналов города Орловка с установлением водоохранной зоны»
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХIХ чакырылышынын ХVIII кезетеги сессиясы
2026-жылдын 2-октябры № 118/18-29
Орловка шаарынын ички чарбалык каналдарынын баланска кабыл алуу жана сууну коргоочу зонаны бекитүү жөнүндө
Кемин райондук суу чарба башкармалыгынын 2026-жылдын 18-августундагы № 344 катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы " Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери жөнүндөгү Жобону бекитүү жөнүндө" № 271 токтомун жетекчиликке алып, Орловка шаарынын кеңеши токтом кылат:
1. Орловка шаарынын ички чарбалык каналдарынын сууну коргоочу зонасын каналдын нугунун огунан 1,5 метр аралыкта бекитилсин.
2. Орловка шаарынын төмөнкү ички чарбалык каналдары Орловка шаарынын мэриясынын балансына кабыл алынып, андан кийин Кемин райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилсин:
1-ирээтиндеги ички чарба аралык каналдар- 11,4 км:
-Быстроток, Кемин шаары, Г-120;
-Р-4-2 Подгорное айылы, жер нугундагы канал;
-Шабдан-1, Жаңы Алыш, Г-120;
-Аты жок, Ударник айылы, жер нугундагы канал;
-Ударник, Ударник айылы, Лр-60;
-Калинина, Орловка шаары, Лр-60.
2-ирээтиндеги ички чарба каналдар- 11,12 км:
-Быстроток, Кемин шаары, жер нугундагы канал;
-Калинина, Орловка шаары, монолит;
-Андрей, Орловка шаары, Лр-60.
Бардыгы Орловка шаары боюнча 22,52 км.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтында жарыялансын.
4. Шаардык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын, маалымат такталарына жайгаштырсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышы Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин жер, курулуш, архитектура жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| М.И. Токтакунов |