Постановление Орловского городского кенеша от 2 октября 2026 года № 119/18-29 «Об утверждении Положения о присвоении звания «Почетный гражданин города Орловка»»
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХIХ чакырылышынын ХVIII кезетеги сессиясы
2026-жылдын 2-октябры № 119/18-29
"Орловка шаарынын ардактуу атуулу" наамын ыйгаруу жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерине ылайык, "Орловка шаарынын ардактуу атуулу" наамы жөнүндө Жобонун долбоорун карап жана талкуулап Орловка шаарынын кеңеши токтом кылат:
1. "Орловка шаарынын ардактуу атуулу" наамын ыйгаруу жөнүндө Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Орловка шаарынын мэриясы бекитилген Жобого ылайык тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзсүн.
3. Бул токтом тиркемеси менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтында жарыялансын.
4. Шаардык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын, маалымат такталарына жайгаштырсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемеси менен ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышы Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаардык кеңешинин социалдык маселелер жана коомдук тартип боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага |
| М.И. Токтакунов |