ПРАВИЛА обеспечения экологической безопасности на территории города Орловка (утверждено постановлением Орловского городского кенеша от 6 августа 2026 года № 113/16-29
| (Орловка шаардык кеңешинин 2026-жылдын 6-августундагы № 113/16-29 токтомуна бекитилди тиркеме) М.И.Токтакунов _____________ |
Орловка шаарынын аймагында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелер Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 8-майындагы №151 «Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуунун жалпы техникалык регламенти жөнүндө» Мыйзамына, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
2. Ушул Эрежелер Орловка шаарынын аймагында чарбалык жана башка иш-аракеттерди жүргүзүүдө экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талаптарды белгилейт.
3. Ушул Эрежелердин талаптары төмөнкүлөр үчүн милдеттүү болуп саналат:
* юридикалык жактар;
* жеке ишкерлер;
* уюмдар жана мекемелер;
* Орловка шаарынын аймагында иш жүргүзгөн жеке жактар.
4. Ушул Эрежелердин негизги максаты:
* айлана-чөйрөнү коргоо;
* атмосфералык абанын, суу объекттеринин жана топурактын булганышына жол бербөө;
* Орловка шаарынын калкынын экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу.
2. Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуунун негизги талаптары
2.1. Атмосфералык абаны коргоо
Орловка шаарынын аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1. Булгоочу заттардын чыгындыларын тазалоочу курулмалары жок чарбалык объекттерди пайдаланууга.
2. Шаардын аймагында турмуш-тиричилик жана өндүрүш калдыктарын өрттөөгө.
3. Экологиялык талаптарга жооп бербеген автотранспорт каражаттарын пайдаланууга.
4. Атмосфералык абага терс таасирин тийгизүүчү ишканаларды санитардык-коргоо аймактарын эске албастан жайгаштырууга.
2.2. Суу объекттерин коргоо
Орловка шаарынын аймагындагы суу ресурстарын коргоо максатында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1. Тазаланбаган саркынды сууларды суу объекттерине жана жер кыртышына агызууга.
2. Дарыялардын, каналдардын жана арыктардын жээктерин турмуш-тиричилик жана курулуш калдыктары менен булгоого.
3. Саркынды сууларды алдын ала тазалоосуз шаардык канализация тутумуна агызууга.
4. Экологиялык коркунуч туудурган объекттерди суу коргоо аймактарына жайгаштырууга.
2.3. Өсүмдүктөр дүйнөсүн жана жашыл көчөттөрдү коргоо
Орловка шаарынын аймагындагы жашыл көчөттөрдү сактоо максатында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1. Бак-дарактарды жана бадалдарды өз алдынча кыюуга.
2. Жашыл көчөттөрдү жана газондорду бузууга.
3. Кургак чөптөрдү жана өсүмдүктөрдү өрттөөгө.
4. Жашыл аймактарга курулуш материалдарын жана калдыктарды үйүүгө.
5. Шаарды көрктөндүрүү иштеринин алкагында отургузулган бак-дарактарды жок кылууга же аларга зыян келтирүүгө.
2.4. Топуракты жана жерлерди коргоо
Орловка шаарынын аймагында төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1. Курулуш, турмуш-тиричилик жана башка калдыктарды өз алдынча жайгаштырууга.
2. Топуракты мунай заттары, химиялык заттар жана калдыктар менен булгоого.
3. Жер тилкелерин алардын максаттуу багыты боюнча пайдаланбоого.
4. Курулуш жана башка иштерди жүргүзүүдө топурактын түшүмдүү катмарын бузууга.
2.5. Калдыктар менен иштөө
Орловка шаарында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында:
1. Катуу тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жайгаштыруу «Орловка шаардык ТКЧ» муниципалдык ишканасы тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Юридикалык жактар, уюмдар жана шаардын тургундары төмөнкүлөргө милдеттүү:
* катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу боюнча келишим түзүүгө;
* таштандыларды жыйноонун белгиленген эрежелерин сактоого;
* калдыктарды чогултуу үчүн атайын контейнерлерди пайдаланууга.
3. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
* калдыктарды өз алдынча жайгаштырууга;
* таштандыларды өрттөөгө;
* калдыктарды коомдук жайларга, көчөлөргө, арыктарга жана суу объекттерине таштоого;
* уруксат берилбеген таштанды төгүүчү жайларды уюштурууга.
3. Экологиялык көзөмөл
1. Ушул Эрежелердин талаптарынын сакталышына көзөмөл төмөнкү органдар тарабынан жүзөгө ашырылат:
* Орловка шаарынын мэриясы;
* муниципалдык кызматтар;
* айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар.
2. Көзөмөл төмөнкү жолдор аркылуу жүргүзүлөт:
* визуалдык текшерүүлөр;
* аспаптык көзөмөл;
* экологиялык документтердин бар экендигин текшерүү.
4. Жоопкерчилик
1. Ушул Эрежелердин талаптарын бузууга күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
2. Экологиялык талаптарды бузгандыгы үчүн төмөнкү чаралар колдонулат:
* административдик айып салуу;
* аныкталган мыйзам бузууларды жоюу жөнүндө милдеттүү көрсөтмөлөрдү берүү;
* Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка жоопкерчилик чаралары.
5. Жыйынтыктоочу жоболор
Ушул Эрежелер Орловка шаарынын аймагында экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга жана шаардын санитардык абалын жакшыртууга багытталган.
Уюмдар жана шаардын тургундары ушул Эрежелердин талаптарын сактоого жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча зарыл чараларды көрүүгө милдеттүү.
Мэр г.Орловка |
| “Орловка шаардык ТКЧ” МИ мекеме башчысы |
________Койшыбаев А. А. |
| ___Кудайбергенов А. Ш. |