ПостановлениеДействует

Постановление Орловского городского кенеша от 6 августа 2026 года № 114/16-29 «О повышении тарифа за проезд по маршруту Орловка–Бишкек-Орловка»

Редакцияот 06.08.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

Орловка шаарынын кеңешинин ХХIХ чакырылышынын ХVI кезетеги сессиясы

 

2026-жылдын 6-августу №114/16-29

 

Орловка-Бишкек-Орловка каттамындагы жол кире баасынын тарифин жогорулатуу жөнүндө

Орловка-Бишкек-Орловка каттамындагы жол кире баасын тарифин жогорулатуу жөнүндө «Маресалик» жоопкерчилиги чектелген коомдон келип түшкөн кайрылууну карап жана талкуулап чыгып, учурда күйүүчү майдын, унаа тетиктердин жана башка кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын кымбатташын эске алуу менен, калкты үзгүлтүксүз коомдук транспорт менен камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34 жана 39-беренелерине ылайык, Орловка шаарынын кеңеши токтом кылат:

1.Орловка-Бишкек жана Бишкек-Орловка каттамындагы жол киренин баасы:

- бир адамга (бир орунга) 200 ( эки жүз) сом;

- Орловка шаарынын студенттери үчүн студенттик билетин көрсөтүү менен 180 (бир жүз сексен ) сом деп бекитилсин.

2. «Маресалик», «Олимп», «Марат» жоопкерчилиги чектелген коомдор Орловка-Бишкек-Орловка каттамы боюнча калкты белгиленген графикте жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташууну камсыздасын.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтында жарыялансын.

4. Шаардык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

6. Бул токтомдун аткарылышы Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.

7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин өнөр жай, экология, өзгөчө кырдаалдар, транспорт жана турак жай-коммуналдык кызматтар  боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Председатель

 

М.И. Токтакунов