Приложение Методологии разработки отраслевой рамки квалификаций (Утверждена приказом Министерства труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики от 18 сентября 2026 года № 227)
Көңүл буруңуздар!
Ушул Методология
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 15-июлундагы № 77
токтому күчүн жоготту деп таанылган учурдан
тартып күчүнө кирет
| Тиркеме 2 |
| (Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын 18-сентябрындагы № 227 буйругу менен бекитилди) |
Квалификациялардын тармактык алкактарын
иштеп чыгуунун
МЕТОДОЛОГИЯСЫ
1. Жалпы жоболор
2. Квалификациялардын тармактык алкактарында ишти уюштуруу тартиби
3. Квалификациялардын тармактык алкактарын баалоо жана бекитүү тартиби
4. Квалификациялардын тармактык алкактарын иштеп чыгуу тартиби
5. Квалификациялардын тармактык алкактарын иштеп чыгуу тартиби
Эскетүүсү:
Ушул Методологияда бөлүмдөрдүн тексти мамлекеттик менен расмий тилдердин айырмачылыктар бар
1. Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынын экономикалык иштеринин түрлөрүнүн мамлекеттик классификатору – Кыргыз Республикасынын техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтарын классификациялоонун жана коддоонун бирдиктүү системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Дескрипторлор – квалификациянын ар кандай деңгээлдери үчүн окутуунун натыйжаларынын жалпыланган түрүндө баяндалышы. Дескрипторлор системасы инварианттык болуп саналат, башкача айтканда, квалификацияларды салыштырууга жеңил болуучу белгилүү бир билим берүү контекстине байланыштырылган эмес.
Информалдык билим берүү – адамдын иши, үй-бүлөлүк жашоосу же бош убактысын өткөрүүсү менен байланышкан күнүмдүк жашоо-турмушунун жүрүшүндө билим берүү системасынын алкагынан тышкары өтүүчү окутуу;
Формалдуу эмес билим берүү – окутуу формасынын көп түрдүүлүгүнө жана ар түрдүүлүгүнө, жарандын билим алуу муктаждыктарына ыкчам жооп берүү жөндөмдүүлүгүнө негизделген формалдуу билим берүү алкагынан сырткары билим берүү иши;
Билим – иш же окуу жаатына байланыштуу болгон фактылардын, принциптердин, теориялардын жана практикалардын жыйындысы. Билимдер теориялык жана/же фактологиялык мааниде баяндалат жана окутуу аркылуу маалыматты өздөштүрүүнүн натыйжасы болуп саналат.
Квалификация – белгиленген үлгүдөгү документ менен тастыкталуучу, окутууга жана кесиптик иштин белгилүү бир түрүн аткарууга даярдыгын мүнөздөөчү билимдердин, көндүмдөрдүн жана социалдык-инсандык компетенциялардын деңгээли;
Компетенция – билим алып жаткандарды белгилүү бир чөйрөдө анын натыйжалуу өнүмдүү иши үчүн зарыл болгон билим берүүгө даярдоого карата алдын ала коюлган социалдык талап (ченем);
Компетенттүүлүк – адамдын белгилүү бир кырдаалда (окуу, инсандык жана кесиптик) билимдин жана көндүмдөрдүн ар кандай элементтерин өз алдынча колдонууга интеграцияланган жөндөмдүүлүгү;
Жеке компетенциялар – белгилүү бир турмуштук жана/же кесиптик кырдаалды кыйла натыйжалуу чечүүгө багытталган жүрүм-турум аракеттери.
Магистр – аспирантурага (адъюнктурага) жана (же) базалык докторантурага (PhD/профиль боюнча) өтүү жана кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн укук берүүчү кесиптик жогорку билим берүү квалификациясынын деңгээли;
Жөндөмдөр – бул автоматизмге чейин жеткирилген, эмгек функцияларын сапаттуу аткара билүү.
Квалификациялардын улуттук алкагы – улуттук квалификациялык чакан системаларды интеграциялоого жана координациялоого, квалификациялардын салыштырмалуулугун камсыздоого багытталган жана квалификациялардын ылайык келүүсүн тастыктоо жана ыйгаруу системасы үчүн негиз болуучу критерийлердин топтомуна ылайык квалификациялардын деңгээлдеринин түзүмдөштүрүлгөн баяндамасы.
Кыргыз Республикасынын кесиптеринин жалпы республикалык классификатору – бул аталыштардын бирдейлигине жетишүүгө мүмкүндүк берген эмгек ишмердүүлүгүнүн түрлөрүнүн тутумдаштырылган тизмеси, калктын иштин түрлөрү боюнча бөлүштүрүлүшүнө статистикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү, иш менен камсыз кылуу саясатын иш жүзүнө ашыруу, аналитикалык изилдөөлөрдү жана салыштырууларды аткаруу, анын ичинде эл аралык аналитикалык изилдөөлөрдү жана салыштырууларды аткаруу максатында статистикалык эсептөөлөрдү уюштуруу.
Квалификациялардын тармактык/сектордук алкактары – аныкталган тармактагы (сектордогу) квалификациялардын мазмундарынын деңгээлдери боюнча системалык жана түзүмдөштүрүлгөн сүрөттөмөсү;
Тармак – бул өндүрүлүүчү продукциянын, көрсөтүлгөн кызматтардын жалпылыгы менен мүнөздөлгөн ишканалар менен уюмдардын мүнөзү боюнча жакын топтору.
Тармак алды – бул жалпы продукциялар же көрсөтүлүүчү кызматтар менен бириккен жана окшош технологиялык жана өндүрүштүк өзгөчөлүктөрүнө ээ болгон ишканалардын жана уюмдардын тар тобун билдирген тармактын бир бөлүгү.
Кесиптик стандарт – кесиптик ишмердүүлүктүн белгилүү бир түрүн жүзөгө ашыруу жана белгилүү бир эмгек функциясын аткаруу үчүн керектүү квалификациянын мүнөздөмөсү;
Кесип – бул атайын даярдыктын натыйжасында алынган жана квалификациясы жөнүндө тиешелүү документтер менен тастыкталган белгилүү бир билимди, көндүмдөрдү жана практикалык жөндөмдөрдү талап кылган адамдын эмгек ишмердүүлүгүнүн негизги түрү.
Окутуунун натыйжалары – окуучунун окутуу аяктагандан кийин билет, түшүнөт жана жасай алат деп констатациялоо. Окутуунун натыйжалары жеке жетишкендиктерди, өзүнчө курсту, билим берүү программасынын/модулунун бөлүгүн же бүтүндөй билим берүү программасын ийгиликтүү аяктагандан кийин алынган жана көрсөтүлгөн жеке билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү көрсөтөт. Окутуунун натыйжалары баалоо критерийлерин камтыйт, алынган даражага карата минималдуу талаптарды чагылдырат. Окутуунун натыйжаларын милдеттерден жана максаттардан айырмалоо керек, анткени алар мугалимдин милдеттерине караганда окуучулардын жетишкендиктерине көбүрөөк байланыштуу. Ар бир квалификациялык деңгээлдеги окутуунун натыйжалары Улуттук квалификациялардын алкактарында чагылдырылат жана формалдуу, формалдуу эмес жана информалдуу окутуу аркылуу алынган натыйжаларды баалоо жана таануу үчүн негиз болуп саналат.
Адис – магистратурага, аспирантурага (адъюнктурага) жана/же базалык докторантурага (PhD/профиль боюнча) тапшыруу жана кесиптик ишти жүзөгө ашыруу үчүн укук берүүчү кесиптик жогорку билимдин квалификациясынын деңгээли.
Көндүмдөр – алган билимин практикада колдоно билүү.
Квалификациянын деңгээли – кызматкерлердин компетенцияларына карата квалификациялык алкактарда белгиленген жана сыпатталган талаптардын жыйындысы. Квалификациялык деңгээл билим, көндүмдөр, жоопкерчилик, көз карандысыздык жана баарлашуу параметрлерине жараша дифференциацияланат.
Расмий билим берүү – бул менчик түрүнө карабастан билим берүү уюмдары тарабынан берилүүчү жана мамлекеттик билим берүү стандарттары менен жөнгө салынуучу билим берүү;
1. Кесиптик стандартты иштеп чыгуу методологиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 Жарлыгы менен бекитилген 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук өнүгүү программасын, Кыргыз Республикасынын “Билим берүүжөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 505 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында квалификациялардын улуттук системасынын концепциясын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана кесиптик стандартты иштеп чыгуу, эксперттик баалоо жана колдонууга киргизүү тартибин белгилейт.
2. Квалификациялардын тармактык алкактарын иштеп чыгуу методологиясы терминдерди жана аныктамаларды, квалификациялык тармактык алкактарды иштеп чыгуу механизмдерин, аны баалоо жана бекитүү механизмдерин критерийлерин, ошондой эле анын квалификациялардын тармактык алкактарынын макетине ылайык таризделишине талаптарды камтыйт. Квалификациялардын тармактык алкактарын толтуруунун мисалы 2-тиркемеде келтирилген.
3. Квалификациялардын тармактык алкактары Кыргыз Республикасында квалификациялардын улуттук системасынын элементтеринин бири болуп саналат. Квалификациялардын тармактык алкактарынын максаты – кызматкерлердин билимин, көндүмдөрүн жана жеке компетенцияларын квалификациялардын улуттук алкагынын (мындан ары – КУА) негизинде түзүлгөн квалификациясы менен корреляциялоо, ошондой эле тармактагы кесиптерди жана кызмат орундарын түзүү.
4. Квалификациялардын тармактык алкактары баяндалган квалификациялык деңгээлдер/чакан деңгээлдер кесиптик стандартта колдонулат.
5. Квалификациялардын тармактык алкактарынын колдонуучулары баардык кызыкдар тараптар болуп саналат (мисалы, жумуш берүүчүлөрдүн/кызматкерлердин бирикмелери, билим берүү органдары, уюмдар, тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ж.б.).
6. Квалификациялардын тармактык алкактары төмөнкүлөрдү аныктоого мүмкүндүк берет:
1) тармактагы квалификациянын деңгээлин/чакан деңгээлинин жана алардын тармактар аралык байланыштарын;
2) деңгээлдердин дескрипторлорун (билим, жөндөм жана жеке компетенциялар);
3) квалификацияга жетүү жолдору;
4) сертификаттоо үчүн квалификацияларга талаптар;
5) адамдык ресурстарды өнүктүрүүнүн жаңы талаптары.
2. Квалификациялардын тармактык алкактарында
ишти уюштуруу тартиби
7. Эмгек жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган квалификациялардын тармактык алкактарын иштеп чыгуу жана илгерилетүү боюнча ишти түздөн-түз координациялайт.
8. Квалификациялардын тармактык алкактарын өнүктүрүүгө жана аны андан ары илгерилетүүгө кызыкдар тарап заказчы болуп саналат, заказчы квалификациялардын тармактык алкактарынын негизги талаптарын аныктайт, долбоорду каржылоону камсыз кылат. Заказчылар тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар болушу мүмкүн.
9. Квалификациялардын тармактык алкактарын тармактык кеңештер, жумуш берүүчүлөрдүн бирикмелери тарабынан иштелип чыгат, алар өз ишине адистерди, көз карандысыз эксперттерди жана тиешелүү тармактын башка өкүлдөрүн тартууга укуктуу.
10. Квалификациялардын тармактык алкагында ишти уюштуруу төмөнкүдөй ырааттуулукта жүзөгө ашырылат:
1) тармакты өнүктүрүүнүн стратегиясын жана приоритеттерин, конкреттүү иш-аракеттердин өзгөчөлүктөрүн, кызматкерлердин квалификацияларына коюлуучу талаптар, кесиптик билим берүүнүн жана окутуунун программалары жана формалары жөнүндө билими бар адистерди, эксперттерди жана тиешелүү тармактын башка өкүлдөрүн тартуу менен квалификациялардын тармактык алкактарын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топту түзүү;
2) квалификациялардын тармактык алкактарынын долбоору ушул Методологиянын 5-бөлүмүндө жана квалификациялардын тармактык алкактарынын макетинде каралган тартипке ылайык иштелип чыгат;
3) иштелип чыккан квалификациялардын тармактык алкактарынын долбоору 30 күндүн аралыгында коомдук талкуулоо жол-жобосунан өтөт (тегерек столдор, квалификациялардын тармактык алкактарын иштеп чыгуучулардын сайтына жайгаштырылат ж.б.);
4) талкуулоонун натыйжаларын эске алуу менен долбоорду жеткире иштеп чыгуу (зарылчылык болсо).
3. Квалификациялардын тармактык алкактарын
баалоо жана бекитүү тартиби
11. Квалификациялардын тармактык алкактарынын долбоору иштеп чыгуучулар тарабынан тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга санарип документи же кагаз жүзүндөгү документи берилиши керек. Квалификациялардын тармактык алкактарын баалоо тиешелүү тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында түзүлгөн эксперттик топ тарабынан жүргүзүлөт. Эксперттик топту түзүүнүн тартиби жана анын иштөө регламенти тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет. Буйрукта эксперттик топтун курамы төрагасын, экспертизаны өткөрүү мөөнөтүн жана эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберген күнү көрсөтүлөт. Эксперттик топтун курамына квалификациялардын тармактык алкактары арналган тармактын өкүлдөрү жана тармактык кесиптик бирликтин өкүлдөрү (эгер бар болсо) кирет. Тармактын өкүлдөрү катары тармактын ишканалары жана кесиптик бирикмелер кирген бизнес ассоциациялар болушу мүмкүн. Квалификациялардын тармактык алкактарын баалоого билим берүү системасынын өкүлдөрү да катыша алышат. Квалификациялардын тармактык алкактарын баалоонун өз убагындалыгын жана объективдүүлүгү эксперттик топтун төрагасына жүктөлөт.
12. Эксперттик топ квалификациялардын тармактык алкактарынын долбоору келип түшкөн күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде анын түзүлүшүнүн жана таризделишинин квалификациялардын тармактык алкактарынын макетине шайкештигин, ошондой эле төмөнкү критерийлер боюнча баа берет:
1) квалификациялардын тармактык алкактарынын мазмуну квалификациялардын тармактык алкактарынын макетинде көрсөтүлгөн бардык зарыл талаптарды камтууга жана каралып жаткан тармактын өзгөчөлүктөрүн эске алууга тийиш;
2) маалыматка ээ колдонуучунун кабылдоосунун ыңгайлуулугу үчүн квалификациялардын тармактык алкактарынын кыска болушу керек, ушул Методологияда сунуш кылган терминология, ошондой эле түшүнүктүү аныктамалар колдонулушу керек;
3) квалификациялардын тармактык алкактары Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге шайкеш келиши керек.
13. Квалификациялардын тармактык алкактарынын долбооруна оң баа берилген учурда, эксперттик топ корутунду чыгарат (3-тиркеме).
14. Тармактык квалификациялык алкактын долбоору эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.
15. Квалификациялардын тармактык алкактарынын долбоору үч күндүк мөөнөттө тармактык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет жана буйруктун жана эксперттик корутундунун көчүрмөсүн тиркөө менен кагаз жүзүндө жана санарип форматында эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга каттоого жөнөтүлөт.
16. Эмгек жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үч жумушчу күндүн ичинде тармактык квалификациялык алкакты реестрге киргизет жана өзүнүн расмий сайтына жайгаштырат. Бекитилген квалификациялардын тармактык алкактары эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
4. Квалификациялардын тармактык алкактарын
иштеп чыгуу тартиби
17. Квалификациялардын тармактык алкагы Квалификациялардын тармактык алкактарынын макетине ылайык иштелип чыгат жана беш бөлүмдөн турат:
1) тармак жөнүндө жалпы маалымат;
2) тармактагы кызмат орундарынын, кесиптеринин тизмеси.
Жумушчулардын кесиптеринин, кызматкерлердин кызмат орундарынын категориялары Жалпы республикалык жумушчу кесиптердин, кызматкерлердин кызмат орундарынын жана тарифтик разряддардын классификаторуна ылайык аныкталат.
3) тармактык кызмат орундары жана кесиптери үчүн квалификациялардын тармактык алкактарынын түзүмү;
4) иштеп чыгуучулар жөнүндө маалымат.
18. Тармак жөнүндө жалпы маалымат. Квалификациялардын тармактык алкактарынын бул бөлүмүндө төмөнкү пункттар көрсөтүлүшү керек:
1) квалификациялардын тармактык алкактарынын коду эмгек жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын реестрине киргизүү жана квалификациялардын тармактык алкактарын колдонууга, сактоого, издөөгө ыңгайлуу болушу үчүн талап кылынат. Код алфавиттик жана сандык белгилерден турат – XXXYYYZZZZ:
– XXX – бул квалификациялардын тармактык алкактарынын аббревиатурасы;
– YYY – реестрдеги квалификациялардын тармактык алкактарынын катар номери (ар бир квалификациялардын тармактык алкагына үч орундуу катар номери берилет);
– ZZZZ – экономикалык иштин түрүнүн секциясы, чакан секциясы жана бөлүмү.
1– мисал – ОРК090QA86:
КТА – квалификациялардын тармактык алкагы;
КТА090 – реестрдеги квалификациялардын тармактык алкактарынын номери;
КТА090QA – Кыргыз Республикасынын "Экономикалык иштин түрлөрү" мамлекеттик классификаторуна (мындан ары – ЭИМК) ылайык секция, чакан секция;
КТА 090QA86 – ЭИМКдагы бөлүм – саламаттык сактоо.
2-мисал – КТА035А02:
5. Квалификациялардын тармактык алкактарын
иштеп чыгуу тартиби
19. Квалификациялардын тармактык алкагы Квалификациялардын тармактык алкактарынын макетине ылайык иштелип чыгат жана беш бөлүмдөн турат:
1) тармак жөнүндө жалпы маалымат;
2) тармактагы кызмат орундарынын, кесиптеринин тизмеси. Жумушчулардын кесиптеринин, кызматкерлердин кызмат орундарынын категориялары Жалпы республикалык жумушчулардын кесиптеринин, кызматкерлердин кызмат орундарынын жана тарифтик разряддарынын классификаторуна ылайык аныкталат.
3) тармактык кызмат орундары жана кесиптери үчүн квалификациялардын тармактык алкактарынын түзүмү;
5) иштеп чыгуучулар жөнүндө маалымат.
20. Тармак жөнүндө жалпы маалымат. Квалификациялардын тармактык алкактарынын бул бөлүмүндө төмөнкү пункттар көрсөтүлүшү керек:
1) квалификациялардын тармактык алкактарынын коду эмгек жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын реестрине киргизүү жана квалификациялардын тармактык алкактарын колдонууга, сактоого, издөөгө ыңгайлуу болушу үчүн талап кылынат. Код алфавиттик жана сандык белгилерден турат – XXXYYYZZZZ:
– XXX – бул квалификациялардын тармактык алкактарынын аббревиатурасы;
– YYY – реестрдеги квалификациялардын тармактык алкактарынын катар номери (ар бир квалификациялардын тармактык алкагына үч орундуу катар номери берилет);
– ZZZZ – экономикалык иштин түрүнүн секциясы, чакан секциясы жана бөлүмү.
1 - мисал – ОРК090QA86:
КТА – квалификациялардын тармактык алкагы;
КТА090 – реестрдеги квалификациялардын тармактык алкактарынын номери;
КТА090QA – Кыргыз Республикасынын “Экономикалык иштин түрлөрү” мамлекеттик классификаторуна (мындан ары – ЭИМК) ылайык секция, чакан секция;
КТА 090QA86 – ЭИМКдагы бөлүм – саламаттык сактоо.
2 - мисал – КТА 035А02:
КТА – квалификациялардын тармактык алкагы;
КТА 035 – реестрдеги квалификациялардын тармактык алкактарынын номери;
КТА 035А – ЭИМКга ылайык секция;
КТА 035А02 – ЭИМКдагы бөлүм – токой чарбасы жана ушул чөйрөдөгү кызматтарды көрсөтүү;
2) тармактын аталышы ЭИМКга ылайык көрсөтүлөт;
3) тармактын негизги максатын түзүүдө анын өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы эске алынат. Мисалы, саламаттык сактоо тармагы үчүн максат төмөнкүдөй берилиши мүмкүн: Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жана чыңдоо;
4) тармак ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан негизги ченемдик укуктук актылардын тизмесин тизмектөө зарыл.
21. Тармактын кызматтарынын, кесиптеринин тизмеси. Квалификациялардын тармактык алкактарынын бул бөлүмү төмөнкү максаттарда иштелип чыгат:
– Кыргыз Республикасынын кесиптеринин, кызматчылардын кызмат орундарынын жана тарифтик категорияларынын жалпы республикалык классификаторуна жана Жумуштардын жана жумушчулардын кесиптеринин бирдиктүү тарифтик–квалификациялык маалымдамасына ылайык тармакта болгон кесиптердин жана кызматкерлердин категориялары боюнча кызмат орундарын талдоо жана топтоо (мисалы, жогорку квалификациялык деңгээлдеги жетекчилер, адистер ж.б. категориялар).) жана КР УКА деңгээлдери боюнча;
– кызматтардын жана кесиптердин тармактык жана тармактар аралык топторун аныктоо.
Кызмат орундарын жана кесиптерин талдоо жана аныктоо үчүн Кесиптердин жалпы республикалык классификаторун (мындан ары – КЖРК), тармактын уюмдарынын штаттык ырааттамалары, кызматкерлердин кызматтык нускамалары ж.б. колдонсо болот.
ИЖРК конкреттүү жумуш/иш жок болгон учурда кесиптик стандартты иштеп чыгуучулар эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга ИЖРКга аны киризүүнү сунуштай алат.
22. Тармактык кызмат орундары жана кесиптер үчүн квалификациялардын тармактык алкактарынын түзүмү төмөнкү элементтерден турат:
– квалификациялардын тармактык алкактарынын деңгээли – УКА деңгээлине ылайык аныкталат. Айрым тармактарда деңгээлдердин астындагы деңгээлдер болушу мүмкүн экендигин эске алуу керек. Мисалы, саламаттык сактоодо КР УКА 7 деңгээлинде 7.1 (адистер) жана 7.2 (ординаторлор) деңгээлдери бар. 7.1де эксперименталдык билим берүү программаларында же чет өлкөлүк билим берүү мекемелеринде магистрдин диплому бар врачтар да кире алышат;
– квалификациялардын тармактык алкактарынын макети үчүн УКАнын дескрипторлорунун тизмеси колдонулган: билим, жөндөм, жеке компетенциялар (1 – өз алдынчалуулук, 2 – жоопкерчилик, 3 – байланыш). Бул дескрипторлордун мазмуну тармактын өзгөчөлүктөрүн чагылдырышы керек;
– “Кызматтардын аталышы” графасында ушул макеттин экинчи бөлүмүндөгү кызматтардын жана кесиптердин тизмеси колдонулат. Мындан тышкары, ар бир кесип квалификациялардын тармактык алкактарынын деңгээли менен байланыштуу болушу керек;
– УКА боюнча минималдуу квалификациялык деңгээлин аныктоо үчүн аталган кызмат орду жана кесип үчүн билим деңгээлин эске алуу керек;
– “Квалификациянын деңгээлине жетүү жолдору” графасында жогорулоонун жана квалификацияны жогорулатуунун мүмкүн болгон траекториялары жөнүндө маалыматтар келтирилген. Квалификациянын деңгээлине билимдин ар кандай түрлөрү (формалдык, формалдык эмес, информалдуу), иш тажрыйбасы ж.б. аркылуу жетишүүгө болот. Мисалы, врач кызмат ордунда иштөө үчүн адистин жогорку кесиптик билими, ушул чөйрөдөгү иш тажрыйбасы жана квалификациясын жогорулатуу талап кылынат.
23. Жыйынтыктоочу бөлүгүндө квалификациялардын тармактык алкактарынын иштеп чыгуу жөнүндө толук маалымат таблица түрүндө берилет, ал иштеп чыгуучунун аталышын (тармактык кеңеш/кесиптик бирикме/бизнес ассоциациялар ж.б.), толук аты–жөнү, иштеп чыгуучулардын кызматы жана тармактык квалификациялык алкактын иштелип чыккан күнү жана квалификациялардын тармактык алкактарынын колдонуу мөөнөттөрүн камтыйт.
24. Квалификациялардын тармактык алкактарынын колдонуу мөөнөтү 5 жылга белгиленди. Тармактын өзгөчөлүктөрүнө жана зарылчылыкка жараша квалификациялардын тармактык алкактары көрсөтүлгөн мөөнөттөн мурда жаңыртылышы мүмкүн.
25. Квалификациялардын тармактык алкактарын тариздөө үчүн бирдиктүү таризди колдонуу керек:
– квалификациялардын тармактык алкактары 14 өлчөмүндөгү “Times New Roman” шрифтин колдонуу менен бир сап аралыктык интервал менен таризделет;
– квалификациялардын тармактык алкактарынын бөлүмдөрү, чакан бөлүмдөрү жана бөлүмдүн ичинде пункттар бир сап аралыктык интервал менен ажыратылат;
– тармактык кызмат орундары жана кесиптер үчүн квалификациялардын тармактык алкактарынын түзүлүшү альбомдук форматта таризделет;
– документтин ар бир барагынын тилкелеринин өлчөмү төмөнкүдөй болууга тийиш: сол жагы – 3 см; оң, жогорку жана төмөнкү жагы – 2 см;
– квалификациялардын тармактык алкактарынын барактарынын номерлери барактын төмөнкү тилкесинин оң жагына коюлушу керек.
| Квалификациялардын тармактык алкактарынын иштеп чыгуу методологиясына 1–тиркеме |
| Ыйгарым укуктуу органдын аталышы “Бекитем” Министр______________ аты–жөнү
М.О. Буйрук №________
“___” _________20___ – ж.
|
Квалификациялардын тармактык алкактарынын МАКЕТИ
Квалификациялардын тармактык алкагы _______________________________________ (тармактын аталышы атооч жөндөмөсүндө)
Кесиптик стандарттын версиясынын номери: ________ | |
1. Тармак жөнүндө жалпы маалымат
Квалификациялардын тармактык алкактарынын коду (экономикалык иштин түрүнүн секциясы, чакан секциясы, бөлүмү) |
|
Тармактын негизги максаттары |
|
Алкагында тармактын иши жүргүзүлгөн негизги ченемдик укуктук актылардын тизмеси | 1. 2. |
2. Тармактагы кызмат орундардын, кесиптердин тизмеси
Жумушчулардын категориялары (кызматтар жана кесиптер) | КТА деңгээли
| КТА деңгээли жана/же деңгээлчеси | Тармактык кызматтар, кесиптер |
Тармактар аралык кызмат орундар (эгерде тармакта тармак аралык кесиптерге ээ болсо) | |||
Жетекчилер |
|
|
|
Квалификациянын жогорку деңгээлиндеги адистер |
|
|
|
Квалификациянын орто деңгээлиндеги адистер |
|
|
|
Тармактын жумушчуларынын башка категориялары (1) |
|
|
|
Квалификацияланбаган жумушчулар |
|
|
|
Тармактар аралык (эгерде тармак алдында тармак аралык кесиптер болгон учурда) | |||
Жетекчилер |
|
|
|
Квалификациянын жогорку деңгээлиндеги адистер |
|
|
|
Квалификациянын орто деңгээлиндеги адистер |
|
|
|
Тармактын жумушчуларынын башка категориялары (1) |
|
|
|
Квалификацияланбаган жумушчулар |
|
|
|
Тармактар аралык кызмат орундар, кесиптер | |||
Жетекчилер |
|
|
|
Квалификациянын жогорку деңгээлиндеги адистер |
|
|
|
Квалификациянын орто деңгээлиндеги адистер |
|
|
|
Тармактын жумушчуларынын башка категориялары (1) |
|
|
|
Квалификацияланбаган жумушчулар |
|
|
|
(1) Тармактын жумушчуларынын башка категориялары үчүн өзүнчө саптарды түзүү сунушталат. |
3. Тармактык кызматтар жана кесиптер үчүн
квалификациялардын тармактык алкагынын түзүмү
Квалификациялардын тармактык алкактын деңгээли, чакан деңгээл | Билими | Жөндөмү | Жеке компетенциялар (өз алдынчалуулук, жоопкерчилик , баарлашуу) | Кызмат орундарынын жана кесиптердин аталышы | КУА боюнча квалификациянын минималдуу деңгээли |
|
|
|
|
|
|
4. Квалификациялардын тармактык алкактарын
иштеп чыгуу жөнүндө маалымат
Иштеп чыгуучунун аталышы (тармактык кеңеш/кесиптик бирикме/бизнес–ассоциациясы ж.б.) |
|
|
Квалификациялардын тармактык алкактарын иштеп чыгуу датасы: |
| |
Колдонуу мөөнөтү: |
| |
Иштеп чыгууга катышуучулар: | Аты–жөнү | Кызмат орду жана уюмдун аталышы |
Кыскартуулардын тизмеси:
КУА – Кыргыз Республикасынын квалификацияларынын улуттук алкагы. |
| Квалификациялардын тармактык алкагын иштеп чыгуу методологиясына 2-тиркеме |
Квалификациялардын тармактык алкагынын мисалы
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги
| |
| “Бекитем” Министр______________ Аты–жөнү
М.О. Буйрук №________ |
Квалификациялардын тармактык алкагы __Медицина __________ (тармактын аталышы атооч жөндөмөсүндө) Кесиптик стандарттын версиясынын номери: ________ | |
1. Тармак тууралуу жалпы маалымат
Квалификациялардын тармактык алкактарынын коду (экономикалык иштин түрүнүн секциясы, чакан секциясы жана бөлүмү) | ОРК090QA86 |
Тармактын негизги максаттары | Жарандардын саламаттыгын коргоо жана чыңдоо |
Алкагында тармактын иши жүргүзүлгөн негизги ченемдик укуктук актылардын тизмеси | 1. ОКЗ 2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2018–жылдын 30–майындагы № 387 "Медициналык жана фармацевтикалык адистиктердин номенклатурасын, кызмат орундарынын номенклатурасын жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында медициналык жана фармацевтикалык кызмат орундарына шайкештиктин тизмесин бекитүү жөнүндө" буйругу |
|
|
2. Тармактагы кызмат орундарынын, кесиптеринин тизмеси
1 - мисал – Саламаттык сактоо (тармактар аралык кызмат орундар
жок)
Кызматкерлердин категориялары (кызматтар жана кесиптер)) | КУА деңгээли | КТА деңгээли жана деңгээлчеси | Тармактык кызматтар жана кесиптер |
Жетекчилер | 8 | 7,8,9 | Директор, директордун орун басары, бөлүм башчысы |
Квалификациянын жогорку деңгээлиндеги адистер | 7 | 7 |
Дарыгерлер (багыттары боюнча)
|
Квалификациянын орто деңгээлиндеги адистер | 5 | 5 | Стоматологиялык гигиенист, тиш техниги |
Квалификациянын баштапкы деңгээлиндеги адистер | 4 | 4 | Бөлүмдүн санитаркасы |
Тармактар аралык кызмат орундар, кесиптер | |||
Квалификациянын жогорку деңгээлиндеги адистер | 7 | 7 | Башкы бухгалтер, Башкы бухгалтердин орун басары, Кадрлар бөлүмүнүн начальниги, Окутуучу, педагог |
Квалификациянын жогорку деңгээлиндеги адистер | 6 | 6 | Биолог, Логопед, Клиникалык психолог |
Квалификациянын орто деңгээлиндеги адистер | 5 | 5 | Слесарь, техник, Электромонтер |
Квалификациялуу жумушчулар жана кызматчылар | 4 | 4 | Ашпозчу, Ашканачы, Кароолчу, |
Квалификациялан– баган жумушчулар | 123 | 123 | Тазалоочу, Короо тазалагыч |
2. Тармактагы кызмат орундардын, кесиптердин тизмеси
2 - мисал – ОРК001Р85 «Билим» (тармак алдындагылары бар)
Жумушчулардын категориялары (тармактык кызматтар/ кесиптер) | КУА
| КТА деңгээли же деңгээлчеси | Тармактык кызматтар, кесиптер |
Тармак алдындагы: Жогорку кесиптик билими | |||
Уюмдун жетекчилери | 8 | 7.1 | Ректор Проректор: –окуу иштери боюнча –илимий иштер боюнча (жана дарылоо иштери боюнча) Тарбиялоо иштери жана мамлекеттик тил боюнча Түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси: – Институттун директору –…….. |
Чыгармачыл кесиптердин, дене тарбиясы жана спорттун, ИИМ системасында адистерди даярдоо менен алектенген жетекчилер жана ЖКБ уюмдары | 7 | 7.1 | Ректор/Начальник Проректор/Начальниктин орун басары: – окуу иштери; – илимий иштер. –________ |
Квалификациянын жогорку деңгээлиндеги адистер | 9 | 9 | Профессор, улуттук масштабдагы илимий долбоорлордун жетекчилери |
Квалификациянын жогорку деңгээлиндеги адисттер | 8 | 8 | Профессор (өзгөчө), доцент |
Квалификациянын жогорку деңгээлиндеги адистер | 7 | 7.2 | Доцент (өзгөчө), улук окутуучу, окутуучу, окутуучу– ассистент |
Тармак алдындагы: Орто кесиптик билим | |||
Уюмдун жетекчилери | 7 | 7.1 | Орто кесиптик билим берүү уюмунун директору Түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси: – Окуу–методикалык иштер боюнча орун басары – Тарбиялоо иштери жана мамлекеттик тил боюнча орун басары – өндүрүштүк практика боюнча орун басары – Окуу–усулдук кеңештин башчысы – Сапатты башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси – Бөлүм башчысы – Квалификацияны жогорулатуу борборунун жетекчиси |
Квалификациянын жогорку деңгээлиндеги адистер | 6 | 6.2 | Окутуучу, Өндүрүштүк окутуу чебери, Психолог, сурдокотормочу (сурдопедагог) |
Тармак алдында: Баштапкы кесиптик билими | |||
Уюмдун жетекчилери | 6 | 6.1 | Баштапкы кесиптик билим берүү уюмунун директору, Окуу–өндүрүштүк иштер боюнча директордун орун басары (усулдук иштер), Окуу–тарбиялоо иштери жана мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары, Предметтер боюнча төрага (Циклдик комиссия, квалификацияларды жогорулатуу борборунун башчысы, лабораториянын башчысы) |
Квалификациянын орто деңгээлиндеги адистер | 5 | 5 | Атайын предметтердин окутуучусу, ага устат, өндүрүштүк окутуунун чебери |
Мектептеги билим берүү | |||
Уюмдун жетекчилери | 6 | 6.1 | Жалпы билим берүү уюмунун директору, Окуу иштери боюнча директордун орун басары |
Квалификациянын жогорку деңгээлиндеги адистер | 6 | 6.2 | Предметтен берген мугалим, Музыка, сүрөт тартуу сабактарынан берген мугалим, кошумча билим берүү педагогу |
Мектепке чейинки билим берүү | |||
Уюмдун жетекчилери | 6 | 6.1 | Балдар бакчасынын башчысы, балдар чыгармачылыгы борборунун жетекчиси |
Квалификациянын жогорку деңгээлиндеги адис | 5 | 5 | Бардык адистиктер боюнча мугалимдер, психологдор, логопеддер |
Квалификациялуу жумушчулар жана кызматкерлер | 4 | 4 | Багуучу, мугалимдин/тарбиялоочунун жардамчысы, санитарка
|
Тармактар аралык кызматтар, профессиялар | |||
Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери | 7 | 7.1 | Административдик–чарба иштери боюнча проректор, Ректордун жардамчысы, аралыктан окутуу бөлүмүнүн башчысы |
Квалификациянын жогорку деңгээлиндеги адис | 6 | 6 | Административдик – чарба иштери боюнча директордун орун басары, башкы адис, жетектөөчү адис |
Квалификациянын орто деңгээлиндеги адис | 5 | 5 | Диспетчер, техник–лаборант, Шеф–ашпозчу, Медайым… |
Квалификациялуу жумушчулар жана кызматкерлер | 4 | 4 | Маалымат даярдоо, документтештирүү, эсепке алуу жана техникалык тейлөө менен алектенген кызматкерлер; Канцелярия кызматкери, Катчы, Кассир, Телефон оператору, Квалификациялуу жумушчулар жана ишчилер (Базалык кесиптик билим берүү) Ашпозчу, электрик, электр жарыктандыруу боюнча техник, жыгач уста–айнекчи, жыгач уста, слесарь, сантехник, механик…….
|
Квалификациялуу эмес ишчилер | 1, 2, 3 | 1,2,3 | Гардероб кызматкери, ашкана кызматкери, идиш жуугуч |
3. Тармактык кызмат орундары жана кесиптер үчүн тармактык
квалификациялык алкактын түзүмү
___________________________________________________
_________________________
(тармактын коду жана аталышы)
Тармактык квалификация алкагынын деңгээлдери жана деңгээл ичиндегилери | Билими | Көндүмдөрү | Жеке компетенциялары (өз алдынчалык, жоопкерчилик, коммуникация) | Кызматтардын аталышы | КТА боюнча квалификациянын минималдуу деңгээли Квалификациянын деңгээлине жетүү жолдору
| |
7.1 |
|
|
| Оорукананын директору, башкы дарыгер, бөлүм башчысы, администратор | 7 ден кем эмес | Жогорку кесиптик билим (адис, магистр даражасы) жана тармактагы иш тажрыйбасы жана/же кошумча кесиптик билим |
7.2 |
|
|
| Дарыгерлер (багыттары боюнча) ординатор, провизор, башкы мед.айым, статист, дарыкананын директору | 7 ден кем эмес | Жогорку кесиптик билими (адис, ординатура) же тармактагы тажрыйба жана/же кошумча кесиптик билими |
6 |
|
|
| Коомдук саламаттыкты сактоо дарыгерлери, тиш доктур, фармацевт, башкы медайым, статистик | 6 дан кем эмес | Жогорку кесиптик билими (бакалавриат, магистратура) же тармактагы тажрыйба жана/же кошумча кесиптик билими |
5 |
|
|
| Медайым, башкы медайым, фельдшер, лабораториялык техник, ортодонт, фармацевт | 6 дан кем эмес | Орто кесиптик билими же тармактагы тажрыйба жана/же кошумча кесиптик билими |
5. Тармактык квалификациялык алкактын иштеп
чыгуусу жөнүндө маалымат
Иштеп чыгуучунун аталышы (тармактык кеңеш/кесиптик ассоциация/бизнес ассоциациясы ж.б.) |
| |
Тармактык квалификациялык алкактын иштелип чыккан күнү |
| |
Аткаруу мөөнөтү |
| |
Иштеп чыгууга катышуучулар: | Фамилиясы, аты, атасынын аты | Ээлеген кызматы жана уюмдун аталышы |
Кыскартуулардын тизмеси:
ЖКБ – жогорку кесиптик билими; УКА – Кыргыз Республикасындагы улуттук квалификациялар алкагы; ЖРИК – Жалпы республикалык жумушчулар классификатору; ТКА – Тармактык квалификация алкагы; ОКБ – орто кесиптик билими. ГКЭД – Экономикалык ишмердиктин түрүнүн мамлекеттик классификатору |
| Квалификациялардын тармактык алкагын иштеп чыгуу методологиясына 3-тиркеме |
Квалификациялардын тармактык алкагынын долбооруна эксперттик топтун корутундусунун ФОРМАсы
“_____________________________________ _________________________________” квалификациялардын тармактык алкагынын аталышы
1. Квалификациялардын тармактык алкагынын коду туура аныкталган:
2. Тармактын негизги максаттары туура түзүлгөн:
3.Тармактык жана тармактар аралык кызмат орундары жана кесиптери туура категорияланган:
4. Тармактык кызматтар жана кесиптер үчүн тармактык квалификциялар алкагынын түзүмүнүн компоненттери туура аныкталган:
5. Тармактар аралык кызматтар жана кесиптер үчүн квалификациялардын тармактык алкагынын түзүмүндөгү компоненттер туура аныкталган:
6. Квалификациялардын тармактык алкагынын долбоору төмөндөгү кызыктар тараптар менен талкууланган жана макулдашылган: 1) _______________________________________________________________ 2) ________________________________________________________________ 3) ________________________________________________________________ 4) _______________________________________________________ (3)
7. Эксперттик комиссия квалификациялардын тармактык алкагынын долбоорун бекитүүгө сунуштайт:
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Эксперттик топтун төрагасы _________________________________________ ___________________________________ | |
| фамилиясы, аты, атасынын аты |
| _________________________ ______ |
| колу
|
Эксперттик топтун мүчөсү _________________________________________ _____ | |
| фамилиясы, аты, атасынын аты |
| _________________________ ______ |
| колу
|
Эксперттик топтун мүчөсү _________________________________________ ___________________________________ | |
| фамилиясы, аты, атасынын аты |
| _________________________ ______ |
| колу
|
Эксперттик топтун мүчөсү _________________________________________ ___________________________________ | |
| фамилиясы, аты, атасынын аты |
| _________________________ ______ |
| колу
|
Эксперттик топтун мүчөсү _________________________________________ ___________________________________ | |
| фамилиясы, аты, атасынын аты |
| _________________________ ______ |
| колу
|
Эксперттик топтун мүчөсү _________________________________________ ___________________________________ | |
| фамилиясы, аты, атасынын аты |
| _________________________ ______ |
| колу
|
Күнү: “___” ___________________ 202__ -жыл. | |