Распоряжение Кабинета Министров КР от 5 ноября 2026 года № 829-т (О предоставлении государственному предприятию «Кыргызгеология» при Министерстве природных ресурсов, экологии и технического надзора Кыргызской Республики права пользования недрами для проведения геологоразведочных работ на месторождении угля Читты, расположенном в Узгенском районе Ошской области Кыргызской Республики)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 5-ноябры № 829-т
Кыргыз Республикасын мындан ары социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында, «Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 251-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасына Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунда жайгашкан Читты көмүр кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн тиркемеге ылайык тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттер менен жер казынасын пайдалануу укугу берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Кыргызгеология» мамлекеттик ишканасы ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн кен чыккан жерде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүнү баштаганга чейин «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын сактоону камсыз кылсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |