ПостановлениеДействует

Постановление Жогорку Кенеша КР от 22 апреля 2026 года № 421-VIII «Об избрании депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики Исираилова Азамата Алмазбековича на должность заместителя председателя Комитета по аграрной политике, водным ресурсам, недропользованию, экологии и охране окружающей среды»

Редакцияот 22.04.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

 

2026-жылдын 22-апрели № 421-VIII

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Исираилов Азамат Алмазбековичти Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитеттин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлоо жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м   к ы л а т:

 

1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Исираилов Азамат Алмазбекович Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитеттин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлансын.

 

2. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 16-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

 

1-пункттун 3-пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 

«Исираилов Азамат Алмазбекович – «Ала-Тоо» депутаттык тобунан;».

 

3. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

 

1-пунктта:

 

а) 3-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

 

«Исираилов Азамат Алмазбекович – «Ала-Тоо» депутаттык тобунан;»;

 

б) 7-пунктчанын бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

 

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төраганын орун басары

 

Ж. Таалайбек кызы