ПостановлениеНе вступил в силу

Постановление Кабинета Министров КР от 16 ноября 2026 года № 758 «О введении временного запрета на ввоз сахара белого на территорию Кыргызской Республики»

Редакцияот 16.11.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 16-ноябры № 758

Кыргыз Республикасынын аймагына ак кантты

ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну киргизүү

жөнүндө

 

Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, ички рыноктун иштешин камсыз кылуу үчүн азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу, Кыргыз Республикасынын кант рыногун өнүктүрүү, кант тармагынын чийки зат жана кайра иштетүү базасын сактоо максатында, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 29, 47-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Төмөнкүлөрдү кошпогондо, ак кантты (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 170199100, 1701991001, 1701991009) үчүнчү өлкөлөрдөн жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленсин:

1) жүктөп жөнөтүлгөн датасын жана багытын ырастаган документтер болгондо, Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен өткөрүлүүчү, анын ичинде аны Евразия экономикалык бирлигине мүчө бир мамлекеттин аймагынан Евразия экономикалык бирлигине мүчө экинчи мамлекеттин аймагына ташууда;

2) Кыргыз Республикасынын аймагына андан ары анын чегинен тышкары ташып чыгуу (реэкспорттоо) үчүн ташып келинүүчү; 

3) «экстра» ак сортун;

4) бул токтом күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын дарегине темир жол транспорту менен жүктөп жөнөтүлгөн (жөнөтүлгөн), бул транспорттук (товарды коштоочу) документтер менен ырасталат.

2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги:

1) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте канттын өндүрүлүшүнө, запастарына жана ички рыноктогу бааларына ай сайын мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылсын жана сунуштун жетишсиз болуу тобокелдиги келип чыккан учурда ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салууну мөөнөтүнөн мурда жокко чыгаруу же өзгөртүү жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине токтоосуз киргизсин;

2) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен биргеликте «Кайыңды-Кант» ачык акционердик коому жана «Кошой» ачык акционердик коому менен ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу колдонулган мезгилде ички рынокто ак кантты сатуу шарттары жөнүндө макулдашууну түзсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул токтом күчүнө киргенге чейин үч күндөн кечиктирбестен бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына белгиленген тартипте кабарласын.

4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө киргенге чейин үч күндөн кечиктирбестен бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте кабарласын.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн ак кантты мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюуга багытталган чараларды көрсүн.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев