Майдан айылдык кенешинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги №43 «Рахманов Расул, Бегматов Айбек жана Бегматов Келдибектин кайрылуусу жөнүндө» токтому
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги XIII-сессиясы
2026-жылдын 8-апрели № 43
Рахманов Расул, Бегматов Айбек жана Бегматов Келдибектин кайрылуусу жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Марказ айылынын тургуну Рахманов Расулдун, Достук айылынын тургундары Бегматов Айбек жана Бегматов Келдибектин кайрылууларын, ошондой эле агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын оң корутундусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Марказ айылынын тургуну Рахманов Расулга Ош–Раззаков унаа жолунун боюнда, эски клуб менен №33-лицейдин клубунун ортосунда жайгашкан аянты 500 (беш жүз) чарчы метр болгон бош жер тилкеси 3 (үч) жылдык мөөнөткө келишимдин негизинде убактылуу пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
2. Достук айылынын тургундары Бегматов Айбектин өздөштүрүлгөн 0,30 га жер тилкесине жана Бегматов Келдибектин өздөштүрүлгөн 0,50 га жер тилкесине түзүлгөн келишимдердин мөөнөтүн 3 (үч) жылдык мөөнөткө узартууга макулдук берилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Майдан айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага: А.Юлдашов