Майдан айылдык кенешинин 2026-жылдын 5-июнундагы №45 «Айрыбаз айылындагы №25 Айрыбаз жалпы билим берүү мектебинин имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө» токтому
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясы
2026-жылдын 5-июну № 45
Айрыбаз айылындагы №25 Айрыбаз жалпы билим берүү мектебинин имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Айрыбаз айылындагы №25 Айрыбаз жалпы билим берүү мектебинин имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн долбоорду каржылоодо айыл өкмөтүнүн өздүк салымын камсыз кылуу максатында, Майдан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айрыбаз айылындагы №25 Айрыбаз жалпы билим берүү мектебинин имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн Майдан айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары жергиликтүү бюджеттин каражатынан 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом бөлүнсүн.
2. Аталган каражатты бөлүү жана мыйзамдарга ылайык тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү Майдан айыл өкмөтүнүн экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы Токтосунов Каныбекке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: А.Юлдашов