Майдан айылдык кенешинин 2026-жылдын 5-июнундагы №51 «Көк-Талаа айылынын тургуну Балкыев Имаралинин кайрылуусу жөнүндө» токтому
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясы
2026-жылдын 5-июну № 51
Көк-Талаа айылынын тургуну Балкыев Имаралинин кайрылуусу жөнүндө
Көк-Талаа айылынын тургуну Балкыев Имаралинин кайрылуусун карап чыгып, Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын оң корутундусун эске алып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Талаа айылынын тургуну Балкыев Имаралиге шоковый муздаткыч куруу үчүн 0.70 га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Майдан айыл өкмөтүнө ушул токтомдун негизинде жер тилкесин мыйзам чегинде ажыратып берүү иштерин жүргүзүү тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө Майдан айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага: А.Юлдашов