ПостановлениеДействует

Постановление Кабинета Министров КР от 21 августа 2026 года № 568 «О внесении изменений в постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики»Об утверждении Порядка проведения дополнительной (заключительной) легализации транспортных средств с иностранными регистрационными номерными знаками«от 9 июля 2026 года № 470»

Редакцияот 21.08.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

 2026-жылдын 21-августу № 568

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-июлундагы № 470 "Чет өлкөлүк каттоочу номердик белгилери бар транспорт каражаттарын кошумча (акыркы) легалдаштырууну жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-июнундагы № 197 "Чет өлкөлүк каттоо белгилери бар транспорт каражаттарын легалдаштырууну аяктоо жана жүгүртүүнү жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-июлундагы № 470 "Чет өлкөлүк каттоочу номердик белгилери бар транспорт каражаттарын кошумча (акыркы) легалдаштырууну жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Чет өлкөлүк каттоочу номердик белгилери бар транспорт каражаттарын кошумча (акыркы) легалдаштырууну жүргүзүү тартибинде:

- 4-пунктта:

4-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4) транспорт каражатынын конструкциясына өндүрүүчү завод тарабынан жана (же) конструктордук документтерде каралбаган, техникалык кароону жана транспорт каражатынын конструкциясынын жол кыймылынын коопсуздугунун талаптарына шайкештигин баалоону жүргүзүү боюнча уюмдар тарабынан белгиленген тартипте аныкталуучу өзгөртүүлөр киргизилген, рулдук башкаруусунун жайгашуусу өзгөртүлүп (оң тарабынан сол тарабына которулуп) кайра жабдылган, транспорт каражаттарынан тышкары;";

6-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;

- 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 7-пунктча менен толукталсын:

"7) рулдук башкаруусунун жайгашуусу өзгөртүлүп (оң тарабынан сол тарабына которулуп) кайра жабдылган транспорт каражатынын техникалык абалы жөнүндө корутунду.";

- төмөнкүдөй мазмундагы 13-1-пункт менен толукталсын:

"131. Рулдук башкаруусунун жайгашуусу өзгөртүлүп (оң тарабынан сол тарабына которулуп) кайра жабдылган транспорт каражаттарына техникалык экспертиза "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Техникалык багыттагы борбору" мамлекеттик ишканасынын транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү боюнча аккредитацияланган контролдоо органы тарабынан жүргүзүлөт, анын жыйынтыгы боюнча 3-тиркемеге ылайык форма боюнча техникалык абал жөнүндө корутунду таризделет.";

- 14-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"14. Транспорт каражатынын шайкештигин техникалык экспертиза формасында баалоону жүргүзүү үчүн арыз ээси төмөнкүлөрдү берет:";

- 23-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:

"4) рулдук башкаруусунун жайгашуусу өзгөртүлүп (оң тарабынан сол тарабына которулуп) кайра жабдылган транспорт каражаттарын жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу менен байланышкан ишкердик иште пайдаланууга тыюу салуу.";

- 27-пункттун 10-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"10) транспорт каражатынын коопсуздугу жөнүндө корутундунун талаптарына транспорт каражаты шайкеш келбесе же рулдук башкаруусунун жайгашуусу өзгөртүлүп (оң тарабынан сол тарабына которулуп) кайра жабдылган транспорт каражатынын техникалык абалы жөнүндө терс корутунду болсо;";

- 2-тиркеменин акыркы абзацында "буйрукта" деген сөз "Тартипте" деген сөзгө алмаштырылсын;

- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 3-тиркеме менен толукталсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев

 

 

 

Тиркеме

 

 

 

"3-тиркеме

Рулдук башкаруусунун жайгашуусу өзгөртүлүп (оң тарабынан сол тарабына которулуп) кайра жабдылган транспорт каражатынын техникалык абалы жөнүндө КОРУТУНДУ

№ ________

Контролдоо органы ____________________________________________________                          (Контролдоо органынын толук жана кыскартылган

_____________________________________________________________________ (аталышы, анын дареги, аккредитациялоо аттестатынын номери жана колдонуу мөөнөтүнүн аякташы)

Транспорт каражаты

Идентификациялык номери (VIN)

 

Маркасы

 

Тиби

 

Өндүрүүчү жана анын дареги

 

Категориясы (M1, M1G, M2, M2G, N1, N1G жана N2)

 

Чыгарылган жылы

 

Кыймылдаткычынын номери (бар болсо)

 

Кузовунун номери (бар болсо)

 

Түсү

 

Транспорт каражатын идентификациялоочу документ (сериясы, номери, берилген датасы)

 

Транспорт каражатынын менчик ээси жөнүндө маалыматтар (фамилиясы, аты, атасынын аты же уюмдун аталышы, жашаган жеринин дареги же юридикалык дареги)

 

Транспорт каражатынын жалпы мүнөздөмөсү

Дөңгөлөк формуласы/жетектөөчү дөңгөлөктөр

 

Транспорт каражатынын компановкалоо схемасы

 

Кузовунун тиби/эшиктердин саны

 

Алдынкы/арткы орундардын саны

 

Жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугу

 

Отуруу үчүн орундардын саны

 

Транспорт каражатынын жабдылган абалдагы массасы, кг

 

Транспорт каражатынын техникалык жактан уруксат берилген максималдуу массасы, кг

 

Габариттик өлчөмдөрү, мм:

- узундугу

- туурасы

- бийиктиги

 

База, мм

 

Алдынкы/арткы дөңгөлөктөрдүн изи, мм

 

Кыймылдаткычы (маркасы, тиби):

- цилиндрлердин саны жана жайгашуусу

- цилиндрлердин жумушчу көлөмү, см3;

- кысуу даражасы;

- максималдуу кубаттуулугу, кВт (мин.1);

- максималдуу айлануу учуру, Н м (мин.1).

Отун

 

Азыктандыруу системасы (тиби)

 

От алдыруу системасы (тиби)

 

Иштетилген газдарды чыгаруу жана нейтралдаштыруу системасы

 

Трансмиссиясы (тиби)

Илештирүү (маркасы, тиби)

Которуу кутусу (маркасы, тиби)

 

Асма (тиби):

- алдынкы;

- арткы

Рулдук башкаруу (маркасы, тиби)

 

Тормоздук системалар (тиби):

- жумушчу;

- запастык;

- токтотуучу

 

Шиналар (белгилөө)

 

_________________________________________________________ берилген                     (Контролдоо органынын юридикалык дареги)

20___-жылдын "___" ______________ № ___________ корутундусуна ылайык.

Рулдук башкаруусунун жайгашуусу өзгөртүлүп (оң тарабынан сол тарабына которулуп) кайра жабдылган транспорт каражатын Кыргыз Республикасынын аймагында эксплуатациялоого жол берилет.

 

Тариздөө датасы "___" ______________ 20____-ж.

 

Контролдоо органынын жетекчиси

_________________________________________________________________________________                      (Контролдоо органынын толук жана кыскартылган аталышы, анын

_________________________________________________________________________________                         дареги, аккредитациялоо аттестатынын номери жана колдонуу                                                            мөөнөтүнүн аякташы)

 

_________________________

 

______________________________________________

            (Кол тамгасы)

 

                     (Инициалдары, фамилиясы)

 

Рулдук башкаруусунун жайгашуусу өзгөртүлүп (оң тарабынан сол тарабына которулуп) кайра жабдылган транспорт каражатынын техникалык абалы жөнүндө корутунду А4 (210х297 мм) форматындагы ак түстөгү кагазда таризделет жана техникалык экспертизаны жүргүзүү боюнча контролдоо органынын жетекчисинин кол тамгасы жана анын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.".