ПостановлениеДействует

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 23-сентябрындагы «Баш-Кайыңды айыл аймагындагы бала бакчаларда ата-энелерден түшкөн взностун өлчөмүн бекитүү жөнүндө» №4/2 токтому

Редакцияот 23.09.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

   IV  СЕССИЯСЫ

 

 

2026-жылдын 23-сентябры №4/2                                                                     

 

 

 Баш-Кайыңды айыл аймагындагы бала бакчаларда ата-энелерден түшкөн взностун өлчөмүн бекитүү жөнүндө

 

Бала бакчалардын жетекчилеринин кайрылууларын,айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Н.Дайыргазы уулунун маалыматын угуп жана  талкуулап айылдык Кеңешинин   IV  сессиясы токтом кылат :

 

1.    Баш-Кайыңды айыл аймагындагы балдар бакчаларында тарбияланып жаткан балдардын ата-энелеринен чогулуп жаткан взностор, ата-энелеринин макулдугу боюнча  Талды-Суу айылдык “Ырыскы-Талды-Суу” балдар бакчасында 1 айга 1 балага кенже топко-1000 сом, жогорку топко- 1200 сом,1-Май айылылындагы А.Кыдыралиева атындагы бала бакчада 1 айга 1 балага-1200 сом,Большевик айылындагы “Аруузат” балдар бакчасында 1 айга 1 балага -1300 сом,Баш-Кайыңды айылындагы А.Шадыбеков атындагы балдар бакчасында 1 айга 1 балага кенже топко-1300 сом, жогорку топко-1500 сом деп бекитилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүктурүү бөлүмүнүн башчысы Н.Дайыргазы уулуна  тапшырылсын.

 

3.Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик 

укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы 

 А.Чукулуковго милдеттендирилсин. 

 

Төрага:

 

 Абдылдабек Бокоев