ПостановлениеДействует

Майдан айылдык кенешинин 2026-жылдын 5-июнундагы №54 «Майдан айыл өкмөтүнүн 01-05/718 чыгыш сандуу каты жөнүндө» токтому

Редакцияот 05.06.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясы

 

2026-жылдын 5-июну № 54

Майдан айыл өкмөтүнүн 01-05/718 чыгыш сандуу каты жөнүндө

Майдан айыл өкмөтүнүн 01-05/718 чыгыш сандуу каты, Пылдырак айылынын тургуну Хакимбердиев Эгембердинин жана Исфайрам айылынын тургуну Абибилла уулу Сабыттын кайрылуулары, Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча туруктуу комиссиянын оң корутундусу каралып чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Пылдырак айылынын тургуну Хакимбердиев Эгембердиге өзүнө таандык жеке    менчик жер тилкесинин 300 чарчы метр аянтына калкка кызмат көрсөтүү                      багытындагы объектти (АКФ) жана тосмо курууга мыйзамдарда белгиленген          тартипте макулдук берилсин.

2.    Исфайрам айылынын тургуну Абибилла уулу Сабытка Исфайрам-1 көчөсүнүн         боюндагы мамлекеттик чек арага чектеш аймактан 500 чарчы метр жер тилкесин ижарага берүү маселеси Кадамжай райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын оң корутундусу алынган шартта жана мыйзам чегинде макулдук      берлисин

3.    Тиешелүү укук белгилөөчү документтерди мыйзамдарда белгиленген тартипте даярдоо жана тариздөө Майдан айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Майдан айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага:                                                                                                                     А.Юлдашов