Майдан айылдык кенешинин 2026-жылдын 21-августундагы №61 ««Майдан кызмат көрсөтүү» муниципалдык ишканасынын кайрылуусу жөнүндө» токтому
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясы
2026-жылдын 21-августу № 61
«Майдан кызмат көрсөтүү» муниципалдык ишканасынын кайрылуусу жөнүндө
«Майдан кызмат көрсөтүү» муниципалдык ишканасынын кайрылуусун карап чыгып, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майдан айыл аймагындагы калктан тиричилик таштандыларын ташып чыгаруу үчүн бир кожолукка айына 150 сом ал эми таштанды полигонуна жеке адамдар тарабынан курулуш таштандыларын төгүү үчүн 500 сом төлөм белгиленсин.
2. Достук айылындагы мал базарында төмөнкү төлөмдөр белгиленсин:
a. жылкы жана уй үчүн – 100 сом;
b. кой жана эчки үчүн – 50 сом;
c. машина токтотуучу жай үчүн – 30 сом.
3. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу «Майдан кызмат көрсөтүү» муниципалдык ишканасына жүктөлсү
Төрага: А.Юлдашов