Майдан айылдык кенешинин 2026-жылдын 21-августундагы №62 «Сары-Алтын айылынын тургуну Абдикаримова Сардалдын кайрылуусу жөнүндө» токтому
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы
2026-жылдын 21-августу № 62
Сары-Алтын айылынын тургуну Абдикаримова Сардалдын кайрылуусу жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Алтын айылынын тургуну Абдикаримова Сардалдын кайрылуусун карап чыгып, агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Сары-Алтын айылынын тургуну Абдикаримова Сардал турак жай куруу берилген жердин ичинен 180 чарчы метр жер тилкесине авто унаа жуучу жай ал эми 120 чарчы метр жерге соода сатык курганга макулдук берилсин.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Жогоруда көрсөтүлгөн жер аянтын мыйзамдуу түрдө расмий документтештирүү үчүн тиешелүү материалдар Архитектура жана шаар куруу бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
- Майдан айыл өкмөтүнө ушул токтомго ылайык тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана жер багытын өзгөртүү боюнча мыйзамдуу жол-жоболорду аткаруу тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы көзөмөлгө алсын.
Төрага: А.Юлдашов