Майдан айылдык кенешинин 2026-жылдын 21-августундагы №63 №Майдан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 9-июлундагы №01-05/757 чыгыш катындагы сунушу жөнүндө" токтому
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы
2026-жылдын 21-августу № 63
Майдан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 9-июлундагы №01-05/757 чыгыш катындагы сунушу жөнүндө
Майдан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 9-июлундагы №01-05/757 чыгыш катына негиз Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майдан айыл аймагына караштуу Аустан жайлоосундагы 1210,0 га жер аянтында Вольфрамдын көлөмүн аныктоо максатында геологиялык чалгындоо иштерине мыйзам чегинде макулдук берүү Майдан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
2. Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясында белгиленген протоколдук талаптардын аткарылышын камсыздалсын.
3. Бул токтом Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин расмий сайтына жарыялансын жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Тоокен жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага: А.Юлдашов