ПостановлениеДействует

Майдан айылдык кенешинин 2026-жылдын 21-августундагы №66 «Майдан айыл аймагынын аймагындагы социалдык объектилер үчүн калтырылган жер тилкелерин муниципалдык менчикте каттоо жөнүндө» токтому

Редакцияот 21.08.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы

 

2026-жылдын 21-августу № 66

 Майдан айыл аймагынын аймагындагы социалдык объектилер үчүн калтырылган жер тилкелерин муниципалдык менчикте каттоо жөнүндө

Майдан айыл аймагынын аймагындагы социалдык объектилер үчүн калтырылган жер тилкелерин каттоо жана муниципалдык менчикте бекитүү максатында, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Майдан айыл аймагынындагы социалдык объектилерди куруу үчүн калтырылган жер тилкелери муниципалдык менчикке катталсын.

2.    Майдан айыл өкмөтүнө социалдык объектилер үчүн калтырылган жер тилкелеринин тизмесин жана аянттарын тактап, тиешелүү жер-кадастрдык документтерин          мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүү тапшырылсын.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Майдан айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:                                                                                                                     А.Юлдашов