Распоряжение Кабинета Министров КР от 20 октября 2026 года № 797-т (Об определении поставщика работ и услуг по разработке Правил землепользования и застройки города Бишкек и проектов детальной планировки города Бишкек)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 20-октябры № 797-т
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 8-октябрындагы № 348 тескемесин ишке ашыруу максатында, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. "Научно-исследовательский институт перспективного градостроительства" жоопкерчилиги чектелген коому Бишкек шаарынын жер пайдалануу жана куруу эрежелерин жана Бишкек шаарын деталдуу пландоо долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү болуп аныкталсын.
2. Бишкек шаарынын мэриясына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
1) "Научно-исследовательский институт перспективного градостроительства" жоопкерчилиги чектелген коому менен Бишкек шаарынын жер пайдалануу жана куруу эрежелерин жана Бишкек шаарын деталдуу пландоо долбоорлорун иштеп чыгууга келишим түзүү боюнча чараларды көрсүн;
2) ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги:
1) Бишкек шаарынын жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин жана Бишкек шаарын деталдуу пландоо долбоорлорун иштеп чыгуу менен байланышкан иш-чараларды даярдоодо жана жүзөгө ашырууда, анын ичинде долбоорлоого тапшырманы даярдоодо Бишкек шаарынын мэриясына ар тараптуу көмөк көрсөтсүн;
2) чет мамлекеттин лицензиары тарабынан берилген "Научно-исследовательский институт перспективного градостроительства" жоопкерчилиги чектелген коомунун лицензиясын Кыргыз Республикасынын аймагында бир тараптуу тартипте таануу боюнча белгиленген тартипте чараларды көрсүн.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул тескеме эки жыл бою колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |