Закон КР от 6 ноября 2026 года № 151 «О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики»О порядке рассмотрения обращений граждан"
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 6-ноябры № 151
"Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 458-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 61-статьянын 6-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик тутуму, башка маалыматтык тутум, расмий сайт жана электрондук почтанын расмий дареги аркылуу келип түшкөн электрондук кайрылуулар белгиленген тартипте каралууга тийиш. Электрондук кайрылууга жооп электрондук документ жүгүртүү тутумунда түзүлөт, электрондук колтамга коюлат жана мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий электрондук почтасы аркылуу жаранга кайрылууда көрсөтүлгөн электрондук дарегине, ал эми ал жок болсо - андан кайрылуу келип түшкөн электрондук дарекке жөнөтүлөт. Эгерде кайрылууда жоопту почта дареги боюнча жөнөтүү жөнүндө өтүнүч камтылса, ал жазуу жүзүндө гана жиберилет.";
2) 12-статьянын 2-бөлүгүнүн 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) эгер кайрылуунун өзүндө башкача көрсөтүлбөсө, жарандарга кайрылууну кароонун натыйжалары жана ал боюнча кабыл алынган чечим жөнүндө ошол кайрылуу берилген формада маалымдоого;".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-ноябрындагы № 85 (3845) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |