ПостановлениеДействует

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 23-сентябрындагы «Баш-Кайыңды айыл аймагындагы Баш-Кайыңды,Большевик,Талды-Суу,Өзгөрүш айылдарынын көчөлөрүн жарыктандыруу үчүн зым тиректерин орнотуу жөнүндө» №4/4 токтому

Редакцияот 23.09.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

   IV  СЕССИЯСЫ

 

 

2026-жылдын 23-сентябры №4/4                                                                     

 

 

      Баш-Кайыңды айыл аймагындагы Баш-Кайыңды,Большевик,Талды-Суу,Өзгөрүш айылдарынын көчөлөрүн   жарыктандыруу үчүн зым тиректерин орнотуу   жөнүндө

 

Айылдардын көчөлөрүндөгү жалпы пайдалануудагы жер аянттарына Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин жана 32-беренесинин 4-пунктунун негизинде жарыктандыруу зым тиректерин орнотуу максатында Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин  IV сессиясы токтом кылат :

1.    Баш-Кайыңды айылынын М.Өмүракунов,С.Бокоев,Муканбет уулу Турдакмат атындагы көчөлөрүн,Большевик айылынын Мечит атындагы көчөсүн,Талды-Суу айылынын Жунус уулу Ороке атындагы көчөсүн,Өзгөрүш айылынын К.Кыдырбаев атындагы көчөсүн   жарыктандыруу үчүн зым тиректерин    орнотууга уруксат  берилсин.

2.    Жарыктандыруу зым тиректерин орнотуу үчүн жер аянттарын аныктоо боюнча Ат-башы районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын долбоорунун негизинде башкармалыктын адиси менен биргеликте иш жүргүзүлсүн.

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн турак жай адиси М.Эсеновго милдеттендирилсин.

4.    Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Чукулуковго милдеттендирилсин.

  

 

Төрага:

 

 Абдылдабек Бокоев