ПостановлениеДействует

Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 6-октябрындагы «Кезектеги V Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Баш-Кайыңды айыл аймагындагы айылдарда жарандардын жыйындарын чакыруу жана өтүүчү жерин аныктоо, жыйынга катышуучулардын санын бекитүү, жыйындарды өткөрүү боюнча жергиликтүү жамааттарды тиешелүү аймактык бөлүктөргө бөлүү ченемдери,жыйналыштарды өткөрүү графигин бекитүү , жыйынды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмесин бекитүү жана жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамын бекитүү жөнүндө» №5/1 токтому

Редакцияот 06.10.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

  КЕЗЕКСИЗ V  СЕССИЯСЫ

 

 

2026-жылдын 6-октябры №5/1                                                                     

 

 

      Кезектеги V Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Баш-Кайыңды айыл аймагындагы айылдарда жарандардын жыйындарын  чакыруу жана өтүүчү жерин аныктоо, жыйынга катышуучулардын санын бекитүү, жыйындарды өткөрүү боюнча жергиликтүү жамааттарды тиешелүү аймактык бөлүктөргө бөлүү ченемдери,жыйналыштарды өткөрүү графигин бекитүү ,  жыйынды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмесин бекитүү жана жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамын бекитүү жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Чукулуковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин  сессиясы  токтом кылат :

1.    2026-жылдын 24-октябрында ишемби күнү саат 11-00 гө кезектеги V Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Баш-Кайыңды айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын  жыйыны Баш-Кайыңды айылындагы айыл өкмөтүнүн жыйындар залында чакырылсын.

2.    Жергиликттүү коомдоштуктардын жыйынына катышуучуларды аныктоо  боюнча Баш-Кайыңды айыл аймагынын жергиликтүү жамааттары төмөндөгүдөй аймактык бөлүктөргө бөлүнсүн: Өзгөрүш айылы,Талды-Суу айылы,1-Май айылы,Большевик айылы,Баш-Кайыңды айылы.

3.Баш-Кайыңды айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйына катышуучу өкүлдөрдүн саны 80 адам деп бекитилсин,анын ичинде

·         Өзгөрүш айылынан- 7 адам

·         Талды-Суу айылынан- 14 адам

·         1-Май айылынан- 10 адам

·         Большевик айылынан- 9 адам

·         Баш-Кайыңды айылынан- 40 адам

4.Жергиликтүү коомдоштуктун жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча

төмөндөгүдөй курамда жумушчу тобу бекитилсин:                

·         Бокоев Абдылдабек-айылдык кеңештин төрагасы,жумушчу тобунун төрагасы;

·         Чукулуков Абдыкадыр-айылдык кещештин жооптуу катчысы,жумушчу тобунун катчысы;

·         Акунбаев Азамат- 1-Май айылынын айыл башчысы,жумушчу тобунун мүчөсү;

·         Абдыкеримов Нурбек- Өзгөрүш айылынын айыл башчысы,жумушчу тобунун мүчөсү;

·         Орозакунов Жолдошбек-Талды-Суу айылынын айыл башчысы,жумушчу тобунун мүчөсү;

·         Солтобаев Бактыбек-Большевик айылынын айыл башчысы,жумушчу тобунун мүчөсү;

·         Сулайманов Талант- милициянын Баш-Кайыңды аймактык бөлүмчөсүнүн башчысы,жумушчу тобунун мүчөсү;

·         Курманебекова Чолпон-айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы,жумушчу топтун мүчөсү;

·         Акылбеков Алыбек-айыл өкмөтүнүн юристи,жумушчу тобунун мүчөсү;

·         Эсенов Мирбек-айыл өкмөтүнүн адиси,жумушчу тобунун мүчөсү;

·         Итибакунов Ырысбек-айыл өкмөтүнүн башкы адиси,жумушчу тобунун мүчөсү;

·         Каналиев Жаныбек-айыл өкмөтүнүн адиси,жумушчу тобунун мүчөсү;

·         Өмүрбек уулу Нурлан-мунициаплдык ишкананын жетекчиси,жумушчу топтун мүчөсү;

 

5. Баш-Кайыңды айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынына катышуучу өкүлдөрдү  шайлоо боюнча аймактардагы чогулуштарды өткөрүү графиги жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу айылдык кеңештин депутаттары жана жумушчу тобунун мүчөлөрү бекитилсин:

·         Өзгөрүш айылында -8.10.2026-жылы саат: 11-00, жооптуулар :Абдыкеримов Нурбек-жумушчу тобунун мүчөсү;аппарат кызматкерлери;

·         Талды-Суу айылында- 8.10.2026-жылы саат: 14-00, жооптуулар :  Орозакунов Жолдошбек-жумушчу тобунун мүчөсү;аппарат кызматкерлери;

·         1-Май айылында- 9.10.2026-жылы саат: 11-00, жооптуулар :Акунбаев Азамат-жумушчу тобунун мүчөсү;

·         Болшевик айылында-9.10.2026-жылы саат:14-00,жооптуулар: айыл башчы,жумушчу тобунун мүчөсү Солтобаев Бактыбек; аппарат кызматкерлери;

·          Баш-Кайыңды айылында-12.10.2025-жылы саат:11-00,жооптуулар:Курманбекова Чолпон-жумушчу тобунун мүчөсү; Акылбеков Алыбек-жумушчу тобунун мүчөсү;аппарат кызматкерлери;

6. Элдик Курултайдын делегатын шайлоо боюнча жыйындар жана чогулуштар өткөрүлө турган күн,убакыт жана өтүлүүчү жай жөнүндө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө маалымат жеткирүү жана айылдык жыйындарды,жергиликтүү коомдоштуктун жыйынын уюшкандыкта өткөрүү  айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине жана жумушчу тобуна тапшырылсын.

7. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик

укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы

А.Чукулуковго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

 

 Абдылдабек Бокоев