Постановление Кабинета Министров КР от 12 ноября 2026 года № 755 «Об утверждении Положения о порядке проведения проверок государственных органов и подведомственных им организаций по соблюдению требований законодательства Кыргызской Республики в сфере защиты персональных данных»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-ноябры № 755
Мамлекеттик органдарга жана алардын
ведомстволук уюмдарына жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүү
тартиби жөнүндө жобону
бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 90-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Мамлекеттик органдарга жана алардын ведомстволук уюмдарына жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомду ишке ашыруу тартылган мамлекеттик органдар үчүн республикалык бюджетте тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын жана бекитилген штаттык сандын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 158 «Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жеке маалыматтарды башка мамлекеттик кармоочулардан (ээлеринен) алган жеке маалыматтардын пайдаланылышына контроль жүргүзүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |