Постановление Абдыкерим Сыдыков айылного кенеша от 13 октября 2026 года № 66 «Об оплате питания в детских садах в айылном округе Абдыкерим Сыдыков»
АБДЫКЕРИМ СЫДЫКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-октябры № 66
Абдыкерим Сыдыков айыл аймагындагы бала
бакчаларындагы тамак аш үчүн төлөм жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августу № 179 “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 28-беренесинин 6-пунктуна ылайык, Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Абдыкерим Сыдыков айыл аймагындагы бала бакчаларындагы ата-энелер төлөөчү тамак аш үчүн бир айлык төлөмдүн наркын 2000 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңешинин 2026-жылдын 13- октябрындагы №34 “Абдыкерим Сыдыков айыл аймагындагы бала бакчаларындагы тамак аш үчүн төлөм жөнүндө” Токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине каттоодон өткөрүлсүн жана Массалык маалымат каражаттарында же сайтка жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Абдыкерим Абдыкерим Сыдыков айылдык Кеңешинин бюджет боюнча ишкердикти каржылоо жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Дозалиева А.Т. жүктөлсүн.
2026-жылдын 5-ноябрында https://gagsmsu.kg/2026/11/05/%d1%87%d2%af%d0%b9-%d0%be%d0%b1%d0%bb%d1%83%d1%81%d1%83%d0%bd%d1%83%d0%bd-%d0%b0%d0%bb%d0%b0%d0%bc%d2%af%d0%b4%d2%af%d0%bd-%d1%80%d0%b0%d0%b9%d0%be%d0%bd%d1%83%d0%bd%d0%b0-%d0%ba%d0%b0%d1%80%d0%b0-10/ расмий сайтында жарыяланды
Абдыкерим Сыдыков айылдык кеңешинин төрагасы |
Г. А. Рабиев |