Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 20-октябрындагы «Муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө» №22/134 токтому
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Мин-Булак айыл аймагынын
айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын IV кезектүү сессиясы
2026-жылдын 20-октябры №22/134
Муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн 12.10.2026-жылдагы 02-2-3/1174 кайрылуусу жана 2022-жылдын 15-мартындагы №37 «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамынын» 19-статьясына ылайык Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин XXIX чакырылышынын IV кезектүү сессиясы токтом кылат:
1. Миӊ-Булак айыл аймагынын «Коомдук фондунан» Асанов Жекшебай көчөсүндөгү №12жер тилкелерин 4-05-17-1002-0377 идентификациялык кодунда жайгашкан 2000 чарчы метр жана, Асанов Жекшебай көчөсүндөгү №14а 4-05-17-1002-0380 идентификациялык кодунда жайгашкан 1540 чарчы метр жер тилкеси, Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Океновго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп, min-bulak.gov.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн
Төрага: | И. Мукамбетов |