Распоряжение Председателя Кабинета Министров КР от 8 октября 2026 года № 653 (Об образовании государственной межведомственной комиссии при Кабинете Министров Кыргызской Республики по пересмотру и созданию новых учебных программ, учебников и учебно-методических комплексов для общеобразовательных организаций)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 8-октябры № 653
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-сентябрындагы № 336 «Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери жана окуу-методикалык комплекстер менен камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгынын 3-пунктун аткаруу үчүн, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жалпы билим берүү уюмдары үчүн жаңы окуу программаларын, окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди кайра кароо жана түзүү боюнча мамлекеттик ведомстволор аралык комиссия (мындан ары – ведомстволор аралык комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык комиссия 2026-жылдын 31-декабрына чейин 2027–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди басып чыгаруунун мамлекеттик программасын иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентине бекитүүгө киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссияга белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укук берилсин:
- эксперттерди, консультанттарды, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) жана уюмдардын адистерин ишке тартууга;
- коюлган милдеттерди аткаруу үчүн мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан материалдарды суроого жана жардам алууга.
4. Министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) жетекчилери ведомстволор аралык комиссиянын суроо-талабы боюнча зарыл маалыматты оперативдүү тартипте берип турсун жана анын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.
5. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук камсыздоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн социалдык секторуна жүктөлсүн.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жалпы билим берүү уюмдары үчүн жаңы окуу программаларын, окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди кайра кароо жана түзүү боюнча мамлекеттик ведомстволор аралык комиссиянын
курамы
Маматканов Улан Эркинович | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчиси; |
Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна | - | Кыргыз Республикасынын агартуу министри, ведомстволор аралык комиссиянын жетекчисинин орун басары; |
Надырбеков Союзбек Надырбекович | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары; |
Сейитов Чоро Сейитович | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары; |
Айдаров Айбек Самудинович | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; |
Джусупбекова Надира Сынташевна | - | Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары; |
Кубатбек уулу Нарынбек | - | Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары; |
Жумакадыр уулу Сейтек | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары; |
Койчуманов Мээримбек Нурбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары; |
Ибраимакунов Кубан Темирканович | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин экспертиза жана диний уюмдар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы; |
Асан кызы Айнура | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн социалдык секторунун башкы эксперти; |
Турсунбеков Замирбек Аманканович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башкы эксперти; |
Бердалиев Кайрат Чолпонкулович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн эксперти; |
Адиева Айнура Абдужалаловна | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын башкы окумуштуу катчысы; |
Садыкова Сымбат Зарылкановна | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Болот Юнусалиев атындагы Тил илими институтунун директору; |
Абдыкеримова Алиман Сарыпбековна | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Химия институтунун илимий кызматкери; |
Укелеева Астра Зарылбековна | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Химия институтунун илимий кызматкери; |
Койчуманова Чолпон Урушбековна | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун башкы илимий кызматкери; |
Бексултанова Чынара Дамировна | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун улук илимий кызматкери; |
Жапаров Амантур Забидинович | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун бөлүм башчысы; |
Тапаев Ильгиз Канатбекович | - | "Учкун" ачык акционердик коомунун башкы директору; |
Бейшеев Кубат Тологонович | - | "Учкун" ачык акционердик коомунун өндүрүш боюнча директору; |
Аматов Төлөгөн Апазович | - | Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу "Окуу китеби" басма үйү" мамлекеттик мекемесинин директору; |
Ашымов Данияр Эсеналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу "Окуу китеби" басма үйү" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары. |