ЗаконНе вступил в силу

Закон КР от 10 ноября 2026 года № 155 «О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики»О государственных закупках«,»Об образовании")

Редакцияот 10.11.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

 

2026-жылдын 10-ноябры № 155

 

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө", "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене.

"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 15-апрели, № 34) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

2-берененин 4-бөлүгүнүн 4-1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4-1) Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагында турган кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарын кошпогондо, өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайлары тарабынан жүзөгө ашырылуучу;".

2-берене.

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 18-августу, № 66) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

47-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагында турган кесиптик жогорку билим берүүнүн билим берүү уюмдарын кошпогондо, өзгөчө статуска ээ башталгыч жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдары финансылык ишин Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунан тышкары жүзөгө ашырат.".

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айдын ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган