Постановление Орловского городского кенеша от 25 августа 2026 года № 116/17-29 «О гарантиях выполнения обязательств и предоставлении залогового имущества по проекту»Реабилитация системы водоснабжения и водоотведения в городе Орловка«, финансируемому при поддержке Европейского банка реконструкции и развития»
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХIХ чакырылышынын ХVII кезексиз сессиясы
2026-жылдын 25-августу № 116/17-29
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен каржыланган "Орловка шаарындагы суу менен камсыздоо жана канализация системаларын калыбына келтирүү" долбоору боюнча милдеттенмелерди аткаруунун кепилдиктери жана күрөө менен камсыз кылуу жөнүндө
"Орловка суу каналы" муниципалдык ишканасынын директорунун Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бюджеттик насыя боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу талаптары жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-беренесине, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын "Күрөө жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Орловка шаарынын кеңеши токтом кылат:
1. Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын насыя жана гранттык каражаттарын пайдалануу менен "Орловка шаарында суу менен камсыздоо жана канализация системаларын калыбына келтирүү" инвестициялык долбоорун ишке ашырууга ниет кылат.
2. Орловка шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетинде "Орловка суу каналы" муниципалдык ишканасынын төлөөгө жөндөмсүздүгү же өздүк капиталынын жетишсиздиги коркунучу жаралган учурда насыянын бүткүл мөөнөтүнө бюджеттик насыяны кайтарып берүүнү жана тейлөөнү кепилдөө милдеттенмелери каралсын.
3. Насыя боюнча бюджеттик милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу үчүн муниципалдык мүлктү жана/же "Орловка суу каналы" муниципалдык ишканасынын мүлкүн күрөө катары берүүгө макулдук берилсин.
4. Орловка шаарынын мэриясына "Орловка суу каналы" муниципалдык ишканасы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күрөөнү аныктоо, баалоо жана каттоо боюнча бардык зарыл болгон жол-жоболорду жүргүзүү тапшырылсын.
5. Орловка шаарынын мэриясы "Орловка суу каналы" муниципалдык ишканасы менен биргеликте Техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) аяктагандан кийин шаардык кеңешке кароого төмөнкүлөрдү тапшырсын:
- Техникалык-экономикалык негиздеменин тандалган инвестициялык вариантын;
- Ишкананын кирешелүүлүгүн жана долбоордун кайтарымдуулугун камсыз кылуу үчүн суу менен камсыздоо жана канализация тарифтерин кайра карап чыгуу (актуалдаштыруу) боюнча экономикалык жактан негизделген эсептөөлөрдү.
6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтында жарыялансын.
7. Шаардык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
8. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
9. Бул токтомдун аткарылышы Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин бюджет, финансы, экономика, салыктар жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жана өнөр жай, экология, өзгөчө кырдаалдар, транспорт жана турак жай-коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| Х.С.Мамедов |