ПостановлениеДействует

Постановление Орловского городского кенеша от 25 августа 2026 года № 117/17-29 «О подаче проектной заявки в фонды развития»

Редакцияот 25.08.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

Орловка шаарынын кеңешинин ХХIХ чакырылышынын ХVII кезексиз сессиясы

 

2026-жылдын 25-августу № 117/17-29

Өнүктүрүү фонддорго долбоордук өтүнмө тапшыруу жөнүндө

"Орловка суу каналы" муниципалдык ишканасынын директорунун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Орловка шаарынын кеңеши токтом кылат:

1. “Орловка суу каналы” муниципалдык ишканага адистештирилген канализация тазалоочу унааны сатып алуу үчүн өнүктүрүү фонддорго долбоордук өтүнмө тапшырууга макулдук берилсин:

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтында жарыялансын.

3. Шаардык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышы “Орловка суу каналы” муниципалдык ишкананын директоруна жүктөлсүн.

6. Тескеменин аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин инвестицияларды тартуу, инновациялар жана санариптештирүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төраганын орун басары

 

Х.С. Мамедов