ПостановлениеДействует

от 9 ноября 2026 года № 747 «Об одобрении проекта Дополнительного соглашения к Пересмотренному Инвестиционному Соглашению между Правительством Кыргызской Республики от имени Кыргызской Республики,»Центерра Голд Инк.«, закрытым акционерным обществом»Кумтор Голд Компани«и закрытым акционерным обществом»Кумтор Оперейтинг Компани«, одобренному постановлением Правительства Кыргызской Республики»Об одобрении проектов соглашений и договоров, вытекающих из Соглашения о новых условиях по проекту «Кумтор» от 5 июня 2009 года № 355 и подписанному 6 июня 2009 года"

Редакцияот 09.11.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

 

2026-жылдын 9-ноябры № 747

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 355 "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашуудан келип чыккан макулдашуулардын жана келишимдердин долбоорлорун жактыруу тууралуу" токтому менен жактырылган жана 2009-жылдын 6-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, "Центерра Голд Инк.", "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун жана "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун ортосундагы Кайрадан каралган инвестициялык макулдашууга Кошумча макулдашуунун долбоорун жактыруу жөнүндө

 

 

"Центерра Голд Инк" компаниясынын "Кумтөр" долбоорунан чыгуусуна байланыштуу Кумтөр кенинин үзгүлтүксүз жана натыйжалуу иштешин камсыз кылуу максатында, "Бишкек шаарында 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, "Кыргызалтын" ачык акционердик коому, "Центерра Голд Инк." канадалык компаниясы, "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коому, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому жана "Камеко" канадалык корпорациясынын ортосундагы "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-сентябрындагы № 396-б буйругу менен жактырылган "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана "Центерра Голд Инк." компаниясынын жана "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун жана "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун ортосундагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык макулдашуунун жана 2019-жылдын 7-августундагы "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун Бир тараптуу милдеттенмесинин колдонулушун токтотуу жөнүндө 2023-жылдын 26-декабрындагы макулдашууну аткаруу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-июнундагы № 355 "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашуудан келип чыккан макулдашуулардын жана келишимдердин долбоорлорун жактыруу тууралуу" токтому менен жактырылган жана 2009-жылдын 6-июнунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, "Центерра Голд Инк.", "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун жана "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коомунун ортосундагы Кайрадан каралган инвестициялык макулдашууга Кошумча макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. "Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна жана "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомуна бул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүү сунушталсын.

3. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана административдик ведомстволору белгиленген компетенциясынын алкагында бул токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл болгон көмөк көрсөтсүн жана чараларды көрсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Касымалиев