ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 11 ноября 2026 года № 135 «О внесении изменений в постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики «Об утверждении Положения о порядке организации и проведения голосования, установления итогов голосования и определения результатов выборов избирательными комиссиями на выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики» от 14 ноября 2025 года № 139»

Редакцияот 11.11.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА

РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 11-ноябры № 135

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 139 “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссияларынын добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 139 “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссияларынын добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссияларынын добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо тартиби жөнүндө жободо:

- 32-пункттун төртүнчү абзацы “бир шайлоо округунун” деген сөздөрдүн алдында “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо” деген сөздөр менен толукталсын;

- мамлекеттик тилдеги редакциясында 67-пункттун экинчи абзацындагы "тутумдук" деген сөз "системалык" деген сөзгө алмаштырылсын;

- 67-пункттун акыркы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Аймактык шайлоо комиссияларындагы системалык администраторлор участкалык шайлоо комисияларынын аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө электрондук протоколдорун Борбордук шайлоо комиссиясынын тутумунан басып чыгарышат жана аларды жалпылоо үчүн округдук, аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасына өткөрүп беришет”.

2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жана Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р. Ш. Жакышовго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Т. Шайназаров