РаспоряжениеДействует

Распоряжение Кабинета Министров КР от 18 ноября 2026 года № 865-т (О предоставлении кредитных средств для реализации инвестиционного проекта по строительству и вводу в эксплуатацию Майлуу-Сууйской малой гидроэлектростанции)

Редакцияот 18.11.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2026-жылдын 18-ноябры № 865-т

 

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарын жана жанаша аймактарды электр энергиясы менен ишенимдүү камсыз кылуу, энергетика тармагына инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, региондорду туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. «Элдик Банк» ачык акционердик коомуна (мындан ары – «Элдик Банк» ААК) төмөнкүлөр сунушталсын:

1) «Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду» ачык акционердик коому (мындан ары – Фонд) тарабынан түзүлгөн долбоордук компанияга Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда Майлуу-Суу чакан гидроэлектрстанциясын (мындан ары – ГЭС) куруу долбоорун (мындан ары – долбоор) ишке ашырууга EPC-контрактынын жалпы наркынын 70 пайызы өлчөмүндө кредиттик каражаттарды берүү;

2) долбоордук компания менен белгиленген тартипте төмөнкү шарттарда кредиттик келишим түзүү:

– кредиттин суммасы – кытай юанында EPC-контрактынын жалпы наркынын 70 пайызы;

– кредиттин мөөнөтү – 120 ай;

– негизги карызды төлөө боюнча жеңилдетилген мезгил –каржылоо берилгенден кийин 12 ай;

– максаттуу багыты – долбоорду ишке ашыруу;

– пайыздык ставка – жылдык 6 пайыз;

3) Фонд тарабынан белгиленген тартипте тандалып алынган, EPC-контрактынын негизинде долбоорду ишке ашыруучу подряддык компанияга «Элдик Банк» ААКтын бул тескемеде каралган шарттарда долбоорду каржылоого ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн кредиттик каражаттарды бөлүп берүүгө даяр экендигин ырастаган документти берүү;

4) долбоорду ишке ашыруу аяктагандан, ГЭС эксплуатациялоого киргизилгенден жана объектти кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол коюлгандан кийин белгиленген тартипте ГЭСтин мүлктүк комплексинин, анын ичинде ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн кредиттик каражаттардын эсебинен курулган жана (же) сатып алынган имараттардын, курулмалардын, гидротехникалык объекттердин, энергетикалык жана электротехникалык жабдуулардын, ошондой эле башка мүлктүн күрөө кармоочусу катары чыгуу.

2. Долбоордук компанияга төмөнкүлөр сунушталсын:

1) подряддык компания менен ГЭСти долбоорлоону, курууну, жабдууларды берүүнү жана монтаждоону, ишке киргизүү-жөнгө салуу иштерин жүргүзүүнү жана эксплуатациялоого киргизүүнү караган ЕРС-контрактын түзүү жана анын шарттарын аткаруу аркылуу долбоорду ишке ашырууну камсыз кылуу;

2) EPC-контракт түзүлгөндөн кийин аны бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн кредиттик каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө маселени кароо үчүн «Элдик Банк» ААКка берүү;

3) «Элдик Банк» ААК менен түзүлгөн кредиттик келишимдин шарттарына ылайык бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн кредиттик каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу;

4) бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн кредиттик каражаттарды эсепке алуу жана пайдалануу үчүн гана «Элдик Банк» ААКта өзүнчө алыш-бериш эсебин ачуу.

3. Фондго Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү кепилчилик келишимин түзүү менен бул тескемеде каралган шарттарда EPC-контрактынын жалпы наркынын 70 пайызы өлчөмүндө долбоорду каржылоо үчүн «Элдик Банк» ААК менен түзүлүүчү кредиттик келишимден келип чыгуучу долбоордук компаниянын милдеттенмелери боюнча кепилчилик берүүчү катары чыгуу сунушталсын.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев