РаспоряжениеДействует

Распоряжение Кабинета Министров КР от 18 сентября 2026 года № 712-т (Об образовании организационного комитета по подготовке и проведению Евразийского экономического форума)

Редакцияот 18.09.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2026-жылдын 18-сентябры № 712-т

 

Евразия экономикалык форумун өз убагында, сапаттуу даярдоону жана 2027-жылдын майында Бишкек шаарында өткөрүүнү камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. Евразия экономикалык форумун даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети (мындан ары – уюштуруу комитети) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Уюштуруу комитети Евразия экономикалык форумун сапаттуу өткөрүү үчүн ушул тескемеден келип чыгуучу өз убагындагы жана бардык мүмкүн болуучу чараларды көрсүн.

3. Уюштуруу комитетине зарыл болгон учурда белгиленген тартипте маалыматты суроого жана иш процессинде келип чыгуучу маселелерди чечүү үчүн тиешелүү министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бизнес-ассоциациялардын жана эксперттик коомчулуктун (макулдашуу боюнча) өкүлдөрүн тартууга укук берилсин.

4. Тиешелүү министрликтердин, административдик ведомстволордун жетекчилери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары белгиленген тартипте уюштуруу комитетинин суроо-талабы боюнча зарыл болгон маалыматты ыкчам берсин жана анын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.

5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев

 

 

 

Тиркеме

 

 

Евразия экономикалык форумун даярдоо жана өткөрүү

боюнча уюштуруу комитетинин

курамы

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча секторунун башчысы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.

 

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары – тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын протокол кызматынын жетекчисинин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчисинин орун басары;

Кыргыз Республикасынын юстиция министринин биринчи орун басары;

Кыргыз Республикасынын финансы министринин биринчи орун басары;

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;

Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусунун орун басары;

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары;

Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары (макулдашуу боюнча);

Евразия экономикалык комиссиясынын Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин директору (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн Евразия экономикалык бирлигинин иштери боюнча секторунун эксперти;

«Кыргызстан аэропорттору» ачык акционердик коомунун операциялык жана өндүрүштүк иш боюнча директору (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);

«Өндүрүшчүлөрдүн жана Ишкерлердин Кыргыз бирлиги» юридикалык жактардын бирикмесинин вице-президенти (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору» мамлекеттик мекемесинин директору;

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Евразия экономикалык бирлигин координациялоо башкармалыгынын начальниги.