ЗаконНе вступил в силу

Закон КР от 13 ноября 2026 года № 157 О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики «О науке», «О Национальной академии наук Кыргызской Республики»)"

Редакцияот 13.11.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2026-жылдын 13-ноябры № 157

 

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Илим жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

1-берене.

"Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 15-августу, № 65) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

 

1) 2-беренеде:

а) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) илимий жана илимий-техникалык уюмдарды аккредитациялоо - илимий жана илимий-техникалык уюмдардын ишин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген критерийлерге жана талаптарга шайкештигин таануу максатында баалоонун жол-жобосу;";

б) төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:

"4)1 жетектөөчү окумуштуу - акыркы эки жылдын ичинде эл аралык маалымат базаларында индекстелген биринчи же экинчи квартилдеги басылмаларда кеминде бир макаланы жарыялаган же болбосо ойлоп табууга же селекциялык жетишкендикке кеминде бир патенти, же болбосо илимий иштеп чыгуунун өндүрүшкө киргизилгендигин ырастоочу тиешелүү документи бар изилдөөчү;";

в) төмөнкүдөй мазмундагы 141-пункт менен толукталсын:

"141) илимий мектеп - теориялык-методологиялык позициялардын жалпылыгы менен илимий жетекчинин жетекчилиги алдында бириккен, конкреттүү илимий багыттын алкагында изилдөөлөрдүн макулдашылган программасын ишке ашыруучу, ошондой эле илимий кадрларды даярдоону жана билимдин уланмалуулугун камсыз кылуучу окумуштуулардан жана изилдөөчүлөрдөн түзүлгөн жамаат;";

г) төмөнкүдөй мазмундагы 301-пункт менен толукталсын:

"301) жарыялоо активдүүлүгү - автордун, жамааттын, илимий уюмдун же жогорку окуу жайынын илимий-изилдөө ишинин өндүрүмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун чагылдырган, илимий жарыялоолордун санын, алардын цитаталануусун, алар жарыяланган илимий журналдардын импакт-факторунун деңгээлин, ошондой эле Хирш индексин эске алуу менен аныкталуучу көрсөткүч;";

2) 7-беренеде:

а) 2-бөлүктө "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 3 жана 4-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. УИА - табигый, техникалык, медициналык, айыл чарбалык, коомдук жана гуманитардык илимдердин негизги багыттары боюнча жүргүзүлүүчү фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдүн уланмалуулугун, уюштурууну жана координациялоону камсыз кылуучу жогорку мамлекеттик илимий мекеме. УИА өзүнүн илимий-изилдөө институттарын, академиянын мүчөлөрүн, илимий жана башка кызматкерлерин бириктирет.

УИАнын ишин уюштуруунун тартиби "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.

4. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссия жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу функциясын ишке ашыруучу мамлекеттик илимий-эксперттик орган болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиянын ишин уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";

3) 9-беренеде:

а) 3-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 11-пункт менен толукталсын:

"11) келишимдик негизде жүзөгө ашырылуучу акы төлөнүүчү илимий-изилдөө, билим берүү, консультациялык, басма, өндүрүштүк-коммерциялык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка кызмат көрсөтүүлөргө жана жумуштарга тарифтерди өз алдынча түзүүгө жана белгилөөгө.";

б) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Жүзөгө ашырылып жаткан иштин сапатын жана заманбап талаптарга шайкештигин камсыз кылуу үчүн илимий жана илимий-техникалык уюмдар аккредитациядан өтүүгө тийиш.

Илимий жана илимий-техникалык уюмдарды аккредитациядан өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";

4) 11-берененин 7-бөлүгүндө "бир пайызын" деген сөздөр "үч пайызын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

5) 12-берененин 6-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссия" деген сөздөргө алмаштырылсын;

6) 18-берене төмөнкүдөй мазмундагы 17-пункт менен толукталсын:

"17) илимий жана илимий-техникалык уюмдарга аккредитация жүргүзүү тартибин аныктайт.";

7) 19-беренеде:

а) 14-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"14) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагында турган жана базалык каржыланууга тийиш болгон илимий жана илимий-техникалык уюмдардын тизмегин аныктоо жана бекитүү;";

б) 16-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

в) төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:

"21) жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоону жүргүзүү, окумуштуулук даражаларды берүү жана окумуштуулук наамдарды ыйгаруу.";

8) 23-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертиза төмөнкүдөй максаттарда жүргүзүлөт:

1) илимди, илимий-техникалык жана инновациялык ишти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын, ошондой эле тиешелүү программалардын жана долбоорлордун илимий негиздүүлүгүн камсыз кылуу;

2) илимий жана илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруунун социалдык-экономикалык жана башка натыйжаларын аныктоо;

3) программалык-максаттуу жана гранттык каржылоонун формалары боюнча илимий жана илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду каржылоонун актуалдуулугун жана негиздүүлүгүн талдоо;

4) изилдөөлөрдүн деңгээлин жана алынган натыйжаларды баалоо.

Программалык-максаттуу жана гранттык каржылоого талапкер болгон илимий жана илимий-техникалык программалар жана долбоорлор милдеттүү көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертизадан өткөрүлүүгө тийиш.";

9) 27-беренеде:

а) 1-бөлүктө "Илимий жана илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду" деген сөздөр "Илимий жана илимий-техникалык ишти" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 2-4-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Базалык каржылоо илимий жана илимий-техникалык уюмдарга алар карамагында турган мамлекеттик органдар тарабынан ченемдер боюнча илимий инфратүзүмдү жана мүлктү, анын ичинде имараттарды, жабдууларды жана материалдарды учурда камсыз кылууга, ошондой эле кызматкерлердин эмгек акысын төлөөгө бөлүнөт.

Базалык каржыланууга тийиш болгон илимий жана илимий-техникалык уюмдардын тизмеги алар карамагында турган мамлекеттик органдар тарабынан аныкталат жана бекитилет.

3. Программалык-максаттуу каржылоо конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик тапшырыктын алкагында стратегиялык маанилүү милдеттерди чечүүгө багытталган улуттук жана мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга бөлүнөт.

Мамлекеттик маанидеги милдеттерди чечүүгө багытталган, олуттуу экономикалык натыйжаны камсыз кылган жана кечиктирилгис кароону талап кылган илимий жана илимий-техникалык программалар жана долбоорлор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча артыкчылыктуу илимий багыттардын алкагында конкурстук жол-жоболордон тышкары каржыланышы мүмкүн.

4. Гранттык каржылоо фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн, ошондой эле жаңы билимдерди, технологияларды алууга жана социалдык-экономикалык милдеттерди чечүүгө багытталган илимий-техникалык жана инновациялык долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу үчүн акысыз жана кайтарымсыз акча каражаттары (гранттар) түрүндө конкурстук негизде илимий уюмдарга, кесиптик жогорку билим берүү уюмдарына, илимий жамааттарга жана айрым окумуштууларга берилет. Гранттык каржылоо илимдин, илимий-техникалык жана инновациялык иштин артыкчылыктуу багыттарынын алкагында белгиленген натыйжаларга жетишүү, каражаттарды максаттуу пайдалануу жана отчет берүү шартында бөлүнөт.";

10) 28-беренин 3-бөлүгүндө:

а) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) мамлекеттик тапшырыктын алкагында конкурстук негизде улуттук жана мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык программаларды жана долбоорлорду каржылоого;";

б) төмөнкүдөй мазмундагы 8 жана 9-пункттар менен толукталсын:

"8) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагында турган илимий жана илимий-техникалык уюмдарды базалык каржылоого;

9) илимий жана илимий-техникалык программаларга жана долбоорлорго көз карандысыз илимий жана илимий-техникалык экспертиза жүргүзүүгө.".

2-берене.

"Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2025-жылдын 20-июну, № 45) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 14-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен УИАнын президенти болуп тиешелүү наамы же илимий даражасы жок Кыргыз Республикасынын жараны дайындалышы мүмкүн.";

2) 22-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Келишимдик негизде жүзөгө ашырылуучу, акы төлөнүүчү илимий-изилдөө, билим берүү, консультациялык, басма, өндүрүштүк-коммерциялык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка кызмат көрсөтүүлөргө жана жумуштарга тарифтер УИА тарабынан өз алдынча түзүлөт жана белгиленет.".

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 17-ноябрындагы № 87 (3847) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

2026-жылдын 21-октябрында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган