Постановление Кабинета Министров КР от 11 ноября 2026 года № 751 «О переводе (трансформации) земельных участков, расположенных на территории города Ош, из категории «Земли сельскохозяйственного назначения» в категорию «Земли населенных пунктов»»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 11-ноябры № 751
Ош шаарынын аймагында жайгашкан жер тилкелерин «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Ош шаарынын аймагында социалдык багыттагы объекттери бар көп кабаттуу турак жай комплексин куруу максатында, Ош шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 9-июлундагы № 803 токтомун, Ош шаарынын мэриясынын жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) боюнча жер комиссиясынын 2026-жылдын 8-июлундагы корутундусун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 13-пунктуна, «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин экинчи бөлүгүнүн 121-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Ош шаарынын аймагында № 3613 (0,86 га), 100 (2,64 га) контурларда жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган, жалпы аянты 3,50 га сугат айдоо жер тилкелери «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Ош шаарынын мэриясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкелерин максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
3) курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоо менен шаар куруу жана архитектура жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкелеринин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
4) жамгырдын жана эриген кардын сууларын коопсуз буруу системасынын иштөөсүн, башкы планды иштеп чыгууда жер титирөөгө каршы иш-чараларды жүргүзүүнү, ошондой эле тиешелүү аймактагы кооптуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, болжолдоо боюнча колдонмону сактоону;
5) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкелеринде тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда аларды күтүүнү жана коргоону, Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык казууларды жана курулуш иштерин жүргүзүүдө археологиялык көзөмөлдөө үчүн археолог адисти тартууну;
6) «Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык автомобиль жолунун бөлүнгөн тилкесин сактоону;
7) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкелери пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аларды баштапкы абалына келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
8) Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 16-беренесинин айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу суммаларын төлөө бөлүгүндө талаптарын сактоону;
9) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкелеринин бирдей маанидеги аянтын калыбына келтирүүнү, асылдуулугу төмөн жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;
10) чарбалык жана башка ишти жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жана санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик жаатындагы мыйзамдарына ылайык экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарууну.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |