РаспоряжениеДействует

Распоряжение Кабинета Министров КР от 3 ноября 2026 года № 819-т (Об утверждении Плана действий по совершенствованию системы государственного экологического контроля и мониторинга, цифровизации управления в сфере охраны окружающей среды Кыргызской Республики на 2027-2028 годы)

Редакцияот 03.11.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР

КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2026-жылдын 3-ноябры № 819-т

 

Мамлекеттик экологиялык контролдоо жана айлана-чөйрөнүн компоненттерине мониторинг жүргүзүү системасын өркүндөтүү максатында, «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29, 30, 31-статьяларына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. 2027–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик экологиялык контролдоо жана мониторинг жүргүзүү системасын өркүндөтүү, башкарууну санариптештирүү боюнча иш-аракеттер планы (мындан ары – Иш-аракеттер планы) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Иш-аракеттер планын ишке ашырууга катышкан мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча):

1) Иш-аракеттер планын белгиленген мөөнөттөрдө өз убагында аткарууну камсыз кылсын;

2) жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине Иш-аракеттер планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча, отчеттук мезгилден кийинки айдын 25инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Иш-аракеттер планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты берсин.

4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев

 

 

 

Тиркеме

 

2027–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик экологиялык контролдоо жана мониторинг жүргүзүү системасын өркүндөтүү, башкарууну санариптештирүү боюнча иш-аракеттер планы

 

 

№

Милдеттер

Чаралар/иш-аракеттер

Аткаруу мөөнөттөрү

Күтүлүүчү

натыйжа

Жооптуу аткаруучулар

Каржылоо

1-глава. Ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү

1

Мамлекеттик экологиялык мониторинг жүргүзүү системасынын учурдагы абалын талдоо жана аны өркүндөтүү

Мамлекеттик экологиялык мониторинг жүргүзүүнүн колдонуудагы системасына талдоо жүргүзүү, анын ичинде аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо менен маалыматты чогултуу, иштеп чыгуу жана пайдалануу механизмдерин баалоо

2027-жылдын IV кварталы

Мамлекеттик экологиялык мониторинг жүргүзүү системасына талдоо жүргүзүлдү. Проблемалуу маселелер аныкталды, аны өркүндөтүү боюнча сунуштар даярдалды

ЖРЭТКМ, ЖРЭТКМге караштуу ЭМД

Каржылоону талап кылбайт

2

Мамлекеттик экологиялык мониторинг жүргүзүү жана маалымат алмашуу чөйрөсүндө ведомстволор аралык координацияны күчөтүү

2027–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик экологиялык контролдоо жана мониторинг жүргүзүү системасын өркүндөтүү, башкарууну санариптештирүү боюнча иш-аракеттер планын ишке ашырууну координациялоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топту кызыкдар мамлекеттик органдардын, КРП облустардагы ЫУӨ жана ЖӨБО (макулдашуу боюнча) өкүлдөрүнүн катышуусу менен түзүү

2027-жылдын I кварталы

Ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү.

Өз ара аракеттенүү, маалымат алмашуу жана 2027–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик экологиялык контролдоо жана мониторинг жүргүзүү системасын өркүндөтүү, башкарууну санариптештирүү боюнча иш-аракеттер планын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү тартиби аныкталды

ЖРЭТКМ, кызыкдар мамлекеттик органдар,

КРП ЫУӨ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)

Каржылоону талап кылбайт

3

Экологиялык мониторинг жүргүзүүнүн бирдиктүү санариптик маалыматтык системасынын иштешин укуктук жактан камсыз кылуу

Экологиялык мониторинг жүргүзүүнүн бирдиктүү мамлекеттик санариптик системасы жөнүндө, анын түзүмүн, катышуучуларын, операторун, маалымат алмашуу тартибин жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу талаптарын аныктаган жобону иштеп чыгуу жана бекитүү

2027-жылдын II кварталы

Экологиялык мониторинг жүргүзүүнүн бирдиктүү мамлекеттик санариптик системасы жөнүндө жобо бекитилди

ЖРЭТКМ

Каржылоону талап кылбайт

4

Тобокелдикке багытталган ыкманы өркүндөтүү

Мамлекеттик экологиялык контролдоо объекттеринин тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин жана текшерүүлөрдү пландаштыруу үчүн аларды тобокелдик категориялары боюнча бөлүштүрүү тартибин актуалдаштыруу

2027-жылдын IV кварталы

Тобокелдик даражасын баалоо критерийлери актуалдаштырылды. Объекттерди категориялар боюнча бөлүштүрүү жана контролдук иш-чараларды пландаштыруу камсыз кылынды

ЖРЭТКМ, ЭКМ

Каржылоону талап кылбайт

2-глава. Санариптештирүү, маалыматтык системаларды жана аналитикалык инструменттерди түзүү

5

Мамлекеттик экологиялык мониторинг жүргүзүүнүн бирдиктүү санариптик маалыматтык системасын түзүү жана өнүктүрүү

Экологиялык тобокелдиктерди жана региондук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен экологиялык мониторинг жүргүзүү пункттарынын тармагын өнүктүрүүнү жана кеңейтүүнү камсыз кылуу менен мамлекеттик маалыматтык системаларды жана маалыматтык ресурстарды интеграциялоону, республикалык жана региондук деңгээлдерде экологиялык мониторинг жүргүзүүнүн маалыматтарын, анын ичинде атмосфералык абага, суу ресурстарына жана кыртышка мониторинг жүргүзүүнүн маалыматтарын борборлоштурулган чогултууну, иштеп чыгууну жана талдоону камсыз кылган Мамлекеттик экологиялык мониторинг жүргүзүүнүн бирдиктүү санариптик маалыматтык системасын иштеп чыгуу, киргизүү жана өнүктүрүү

2028-жылдын II кварталы

Мамлекеттик маалыматтык системаларды жана ресурстарды интеграциялоону, экологиялык маалыматтарды борборлоштурулган чогултууну, иштеп чыгууну жана талдоону, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен уюмдардын ортосунда маалыматтык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылган Мамлекеттик экологиялык мониторинг жүргүзүүнүн бирдиктүү санариптик маалыматтык системасы түзүлдү жана пайдаланууга берилди

ЖРЭТКМ,

КРПИБ,

«Кызмат» ММ, ӨКМ, Кыргызгидромет, ССМ, кызыкдар органдар

ЖРЭТКМ каражаттарынын алкагында

6

Мамлекеттик экологиялык мониторинг жүргүзүү объекттери жөнүндө маалыматтарды эсепке алууну жана системалаштырууну өркүндөтүү

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мамлекеттик экологиялык мониторинг жүргүзүү объекттеринин санариптик реестрлерин, анын ичинде объекттер, контролдук иш-чаралардын натыйжалары жана экологиялык мыйзамдарды бузуулар жөнүндө маалыматтарды түзүү жана жүргүзүү, аларда камтылган маалыматтарды бирдиктүү маалыматтык системада белгиленген тартипте актуалдаштырууну, интеграциялоону жана пайдаланууну камсыз кылуу

2028-жылдын

IV кварталы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Мамлекеттик экологиялык мониторинг жүргүзүү объекттеринин санариптик реестрлери түзүлүп, жүргүзүлүүдө. Мамлекеттик экологиялык мониторинг жүргүзүүнү пландаштырууда жана жүргүзүүдө маалыматтарды системалаштыруу, актуалдаштыруу жана пайдалануу камсыз кылынды

ЖРЭТКМ, КРПИБ,

«Кызмат» ММ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖРЭТКМ каражаттарынын чегинде

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

7

Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жүрүшүн жана натыйжаларын санариптик фиксациялоо аркылуу алардын объективдүүлүгүн, ачыктыгын жана далилдүүлүгүн жогорулатуу

 

Мамлекеттик маалыматтык системалар жана маалыматты коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын сактоо менен, «proverka.gov.kg» санариптик платформасын колдонуп, фото-, видео- жана

GPS-фиксациялоону колдонуу аркылуу ишкердик субъекттерин текшерүүлөрдү фиксациялоонун иштеп жаткан механизмин өркүндөтүү

2027-жылдын

II–IV кварталдары

 

 

 

 

 

 

Фото-, видео- жана GPS-фиксациялоону колдонуу аркылуу текшерүүлөрдүн жүрүшүн жана натыйжаларын

санариптик фиксациялоо камсыз кылынды. Фиксациялоонун материалдары геолокацияга байланыштырылып, санариптик архивде сакталат

ЖРЭТКМ, ЭКМ, ЖРЭТКМге караштуу ЭТКК

 

 

 

 

 

ЖРЭТКМ каражаттарынын чегинде

 

 

 

 

 

 

 

8

Экологиялык жагдайга жана мамлекеттик экологиялык мониторинг жүргүзүүнүн натыйжаларына ыкчам мониторинг жүргүзүү аркылуу башкаруучулук чечимдердин натыйжалуулугун жогорулатуу

 

 

 

 

 

Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик маалыматтык системаларда жана маалыматтык ресурстарда камтылган маалыматтардын негизинде экологиялык жагдайга жана мамлекеттик экологиялык мониторинг жүргүзүүнүн натыйжаларына мониторинг жүргүзүү үчүн интерактивдүү маалыматтык дашбордду иштеп чыгуу жана киргизүү

2028-жылдын

IV кварталы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу үчүн экологиялык жагдай жана мамлекеттик экологиялык мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө актуалдаштырылган маалыматтардын чагылдырылышын камсыз кылган интерактивдүү маалыматтык дашборд иштелип чыгып, эксплуатациялоого берилди

ЖРЭТКМ, УСК, КРПИБ,

«Кызмат» ММ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖРЭТКМ каражаттарынын чегинде

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

3-глава. Региондордун натыйжалуулугун баалоо жана экологиялык-экономикалык мониторинг жүргүзүү

9

Кыргыз Республикасынын региондорунун экологиялык абалын баалоонун объективдүүлүгүн жана салыштырмалуулугун жогорулатуу

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын региондорунун экологиялык абалын баалоо методологиясын иштеп чыгуу, бекитүү жана ишке киргизүү, андан ары экологиялык мониторинг жүргүзүүнүн маалыматтарынын негизинде экологиялык көрсөткүчтөр боюнча региондордун индексин иштеп чыгуу жана киргизүү

2028-жылдын

II кварталы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Региондордун экологиялык абалын баалоо методологиясы иштелип чыгып, бекитилди.

Экологиялык мониторинг жүргүзүүнүн маалыматтарынын негизинде региондордун экологиялык абалын баалоо системасы киргизилди жана экологиялык көрсөткүчтөр боюнча региондордун индекси түзүлдү

ЖРЭТКМ,

КРП ЫУӨ, УСК, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Каржылоону талап кылбайт

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

10

Мамлекеттик экологиялык контролдун жана мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалуулугун баалоо системасын өркүндөтүү

 

 

 

 

 

Тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарын, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселелерди эске алып, иштин натыйжалуулугунун дифференцияланган көрсөткүчтөрүн киргизүү жолу менен ЖРЭТКМге караштуу ЭМД жана ЖРЭТКМге караштуу ЭТКК ишинин натыйжалуулугун баалоо системасын өркүндөтүү

2027-жылдын

IV кварталы

 

 

 

 

 

 

 

 

Иштин сандык көрсөткүчтөрүн баалоодон иш жүзүндөгү натыйжаларды баалоого өтүүнү камсыз кылган мамлекеттик экологиялык контролдун натыйжалуулугун баалоо системасы өркүндөтүлдү.

Тиешелүү органдардын жана ЖӨБО ыйгарым укуктарын эске алуу менен дифференцияланган көрсөткүчтөрдү колдонуу киргизилди

ЖРЭТКМ, ЖРЭТКМге караштуу ЭТКК, ЖРЭТКМге караштуу ЭМД

 

 

 

 

 

 

 

 

Каржылоону талап кылбайт

 

 

 

 

 

 

 

 

4-глава. Институттук өнүгүү, кадрдык потенциал жана материалдык-техникалык камсыздоо

11

ЖРЭТКМге караштуу ЭТККнын штаттык санын оптималдаштыруу жана күчөтүү

 

 

 

 

 

 

 

ЖРЭТКМге караштуу ЭТККнын учурдагы штаттык санына жүктөлгөн функциялардын көлөмүн, мамлекеттик экологиялык контролдоо объекттеринин санын, аймактык иш жүктөмүн эске алуу менен талдоо жүргүзүү, штаттык санды оптималдаштыруу боюнча сунуштарды даярдоо

2027-жылдын

II кварталы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖРЭТКМге караштуу ЭТККнын штаттык санына талдоо жүргүзүлдү. Жүктөлгөн функциялардын натыйжалуу аткарылышын камсыз кылган штаттык санды оптималдаштыруу боюнча сунуштар даярдалды

ЖРЭТКМ, ЖРЭТКМге караштуу ЭТКК

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Каржылоону талап кылбайт

 

 

 

 

 

 

 

 

 

12

Кадрдык аудит жүргүзүү жана кадрдык потенциалды чыңдоо боюнча чараларды иштеп чыгуу

Түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишинин натыйжалуулугун баалоо, функциялардын бөлүштүрүлүшүн талдоо, тиешелүү профилдеги адистерге болгон муктаждыкты аныктоо, кесиптик даярдыктын деңгээлин баалоо жана кадрдык потенциалды өнүктүрүүнүн багыттарын аныктоо максатында

мамлекеттик экологиялык контролдоо системасына функционалдык жана кадрдык аудит жүргүзүү

2027-жылдын IV кварталы

Мамлекеттик экологиялык контролдоо жана мониторинг жүргүзүү системасына кадрдык жана функционалдык аудит жүргүзүлдү; кадрдык камсыздоого болгон муктаждыктар, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана компетенцияларын өнүктүрүү багыттары аныкталды. Уюштуруу түзүмүн өркүндөтүү боюнча сунуштар даярдалды

ЖРЭТКМ, ЖРЭТКМге караштуу ЭТКК, МКЖӨБМА

Каржылоону талап кылбайт

13

Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана санариптештирүү боюнча иш-чаралардын техникалык жана финансылык-экономикалык негиздүүлүгүн камсыз кылуу.

Айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү материалдык-техникалык базанын абалына жана санариптештирүү деңгээлине талдоо жүргүзүү, санариптик маалыматтык системаларды, электрондук реестрлерди, санариптик сервистерди жана материалдык-техникалык базанын объекттерин түзүүгө, өнүктүрүүгө жана модернизациялоого техникалык тапшырмаларды иштеп чыгуу, анын ичинде функционалдык жана техникалык талаптарды талдоо, иштердин көлөмүн аныктоо, финансы-экономикалык эсептөөлөрдү даярдоо жана каржылоо булактарын аныктоо

2028-жылдын I кварталы

Санариптик маалыматтык системаларды, электрондук реестрлерди, санариптик сервистерди жана материалдык-техникалык базанын объекттерин түзүүгө, өнүктүрүүгө жана модернизациялоого техникалык тапшырмалар даярдалды.

Финансы-экономикалык эсептөөлөр аткарылды жана каржылоо булактары аныкталды

ЖРЭТКМ, ЖРЭТКМге караштуу ЭТКК, ЖРЭТКМге караштуу ЭМД, ФМ, ЭКМ

Каржылоону талап кылбайт

14

Экологиялык тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү, талдоо жана болжолдоо боюнча адистештирилген бөлүм түзүү

ЭМДнын түзүмүндө экологиялык тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү, талдоо жана болжолдоо боюнча адистештирилген бөлүм түзүү, анын функцияларын жана ыйгарым укуктарын аныктоо, ошондой эле бөлүмдүн ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу, анын ичинде экологиялык мониторингдин маалыматтарын иштеп чыгуу жана экологиялык тобокелдиктерди болжолдоо үчүн заманбап аналитикалык инструменттерди киргизүү

2028-жылдын

I кварталы

Экологиялык тобокелдиктерге мониторинг жүргүзүү, талдоо жана болжолдоо боюнча адистештирилген бөлүм түзүлдү.

Анын функциялары жана ыйгарым укуктары аныкталды. Башкаруучулук чечимдерди маалыматтык-аналитикалык жактан коштоо үчүн экологиялык тобокелдиктерди талдоо жана болжолдоо системасынын иштеши камсыз кылынды

ЖРЭТКМ, ЖРЭТКМге караштуу ЭМД

Каржылоону талап кылбайт

15

Экологиялык контролдоо жана тобокелдикке багытталган көзөмөлдөө боюнча маалыматтык системасын коштоо боюнча адистештирилген бөлүм түзүү

ЖРЭТКМге караштуу ЭТККнын түзүмүндө экологиялык контролдоо жана тобокелдикке багытталган көзөмөлдөө системасын коштоо боюнча адистештирилген бөлүм түзүү, анын функцияларын жана ыйгарым укуктарын аныктоо, тобокелдикке багытталган ыкманы колдонууну, контролдук иштин жыйынтыктарын талдоону жана экологиялык контролдоонун санариптик инструменттерин өркүндөтүүнү методикалык коштоону уюштуруу

2028-жылдын

I кварталы

Экологиялык контролдоо жана тобокелдикке багытталган көзөмөлдөө системасын коштоо боюнча адистештирилген бөлүм түзүлдү. Тобокелдикке багытталган ыкманы колдонууну методикалык коштоо камсыз кылынды. Контролдук иштин жыйынтыктарына талдоо жүргүзүлдү, мамлекеттик экологиялык контролдоо системасынын натыйжалуулугу жогорулады

ЖРЭТКМ, ЖРЭТКМге караштуу ЭТКК

Каржылоону талап кылбайт

 

 Кыскартуулардын тизмеси

 

МКЖӨБМА

–

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик

«Кызмат» ММ

–

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси

ЖРЭТКМге караштуу ЭМД

–

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык мониторинг департаменти

Кыргызгидромет

–

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат

ССМ

–

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

ЖРЭТКМ

–

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

ФМ

–

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги

ӨКМ

–

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

ЭКМ

–

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги

УСК

–

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети

ЖӨБО

–

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

КРП ЫУӨ

–

Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү

ЖРЭТКМге караштуу ЭТКК

–

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы

КРПИБ

–

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы