РаспоряжениеДействует

Распоряжения Президента Кыргызской Республики от 18 ноября 2026 года № 391 (О проектировании и строительстве узловой трансформаторной подстанции 6,5 МВт (35/10 кВ) в Чуйской агропромышленной зоне на территории Ысык-Атинского района Чуйской области Кыргызской Республики)

Редакцияот 18.11.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2026-жылдын 18-ноябры № 391

 

Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагында жайгашкан Чүй агроөнөр жай зонасында зарыл болгон инфраструктураны түзүү максатында, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык:

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагында жайгашкан Чүй агроөнөр жай зонасында 6,5 МВт (35/10 кВ) түйүндүк трансформатордук подстанцияны долбоорлоо жана куруу боюнча берүүчүнү аныктасын.

2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

С.Н. Жапаров