Указ Президента КР от 13 ноября 2026 года № 386 «О представителях Кыргызской Республики в Европейской комиссии за демократию через право»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 13-ноябры № 386
Кыргыз Республикасынын Укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссиядагы өкүлдөрү жөнүндө
Укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссиянын (Венеция комиссиясынын) Уставынын 2-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр дайындалсын:
- Кыргыз Республикасынан Венеция комиссиясындагы мүчөсү болуп Кыргыз Республикасынын юстиция министри Айылчиев Алмаз Асимович;
- Кыргыз Республикасынан Венеция комиссиясындагы мүчөсүнүн орун басары болуп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Таалайбек кызы Жылдыз.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-декабрындагы № 551 "Кыргыз Республикасынын Укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссиядагы өкүлдөрү жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |