УставДействует

Устав общественного фонда «Фонд по сохранению и реставрации историко-культурных объектов Кыргызской Республики» (Приложение 1 к распоряжению Руководителя Администрации Президента КР от 16 ноября 2026 года № 200)

Редакцияот 16.11.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

1-тиркеме

 

(Кыргыз Республикасынын

 Президентинин Администрациясынын

Жетекчисинин 2026-жылдын 16-ноябрындагы

№ 200 тескемесине)

 

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий объекттерин сактоо жана реставрациялоо боюнча фонд» коомдук фондунун

уставы

 

1-глава. Жалпы жоболор

 

1. «Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий объекттерин сактоо жана реставрациялоо боюнча фонд» коомдук фонду (мындан ары – Фонд) мүчөлүккө негизделбеген жана ушул Уставда аныкталган коомдук пайдалуу максаттарга жетүү үчүн түзүлгөн фонддун уюштуруу-укуктук формасындагы коммерциялык эмес уюм болуп саналат.

2. Фонд ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, тарыхый-маданий мурастарды коргоо жөнүндө мыйзамдарга, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана ушул Уставга ылайык жүргүзөт.

3. Фонддун иши мыйзамдуулук, ыктыярдуулук, өзүн-өзү башкаруу, каражаттарды максаттуу пайдалануу, илимий негиздүүлүк, ачык-айкындуулук жана отчеттуулук принциптерине негизделет.

4. Фонд ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий объекттердин менчик ээлери жана баланс кармоочулары, илимий мекемелер, Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин юридикалык жана жеке жактары менен өз ара байланышта жүргүзөт.

5. Фонддун толук аталышы:

– мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий объекттерин сактоо жана реставрациялоо боюнча фонд» коомдук фонду;

– расмий тилде: общественный фонд «Фонд по сохранению и реставрации историко-культурных объектов Кыргызской Республики».

Фонддун кыскартылган аталышы:

– мамлекеттик тилде: «КР ТМО сактоо жана реставрациялоо боюнча фонд» коомдук фонду;

– расмий тилде: «Фонд по сохранению и реставрации ИКО КР».

6. Фонддун юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Пушкин көчөсү, 78.

7. Фонд иштөө мөөнөтү чектелбестен түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып юридикалык жак болуп саналат.

8. Фонд өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ боло алат жана ишке ашыра алат, милдеттерди тарта алат, сотто доогер жана жоопкер боло алат.

9. Фонддун өз алдынча балансы, өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, бланктары жана эмблемасы болот, белгиленген тартипте банктарда, анын ичинде Кыргыз Республикасында, ошондой эле чет өлкөлөрдө да чет өлкөлүк валютада эсептерди ачууга укуктуу.

 

2-глава. Фонддун максаты, ишинин предмети жана милдеттери

 

10. Фонддун негизги максаты болуп ХХ кылымда түзүлгөн Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин (мындан ары – КР мурас объекттери) коргоого, изилдөөгө, паспорттоштурууга, консервациялоого, реставрациялоого, калыбына келтирүүгө жана кеңири жайылтууга көмөктөшүү, КР мурас объекттерин башкаруу планын иштеп чыгуу жана алардын физикалык сакталышын камсыз кылуу жана келечек муундарга өткөрүп берүү саналат. Фонд КР мурас объекттерин коргоого жана башкарууга багытталган жаңы мыйзамдык чараларды иштеп чыгууга катышууга, ошондой эле жергиликтүү жана республикалык маанидеги эстеликтердин реестрине жаңы объекттерди киргизүү жөнүндө сунуштарды демилгелөөгө укуктуу.

11. Башка коомдук маанилүү долбоорлорду каржылоого аталган максат менен түздөн-түз байланышта болгондо жана тарыхый-маданий мурастарды коргоо жөнүндө мыйзамдарды сактоо менен гана жол берилет.

12. Фонддун ишинин предмети болуп КР мурас объекттерин, анын ичинде архитектуранын, шаар куруунун, көрктөндүрүүнүн, монументалдык искусствонун эстеликтерин, мемориалдык комплекстерди, тарыхый имараттарды жана ансамблдерди, алардын укуктук статусунун чегинде ландшафттык жана башка объекттерди сактоого уюштуруучулук, эксперттик, маалыматтык жана финансылык көмөктөшүү саналат.

13. Максатка жетүү үчүн Фонд төмөнкүдөй милдеттерди аткарат:

1) КР мурас объекттеринде илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү;

2) тарыхый-архивдик, натуралык, архитектуралык, инженердик жана теориялык изилдөөлөрдү жүргүзүү, архивдик материалдарды сактоо жана системалаштыруу;

3) илимий-долбоордук, сметалык жана башка зарыл документтерди даярдоону уюштуруу жана каржылоо;

4) жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттерди негиздөө үчүн тарыхый-маданий жана башка экспертизаларды каржылоо;

5) Фонддун уставдык максаттарына байланышкан иштерди каржылоо;

6) санариптик эсепке алууну, фотофиксацияны жана мониторингдин башка заманбап ыкмаларын колдонуу;

7) ХХ кылымдагы архитектуралык эстеликтер менен байланышкан музей буюмдарын, архивдик документтерди, тарыхый коллекцияларды жана искусство чыгармаларын, ландшафттык дизайнды жана монументалдык искусствону алардын атайын укуктук статусун эске алуу менен сактоого көмөктөшүү;

8) коргоо предметин жана белгиленген чектөөлөрдү бузбастан жанаша аймактарды көрктөндүрүүгө жана КР мурас объекттеринин жеткиликтүүлүгүнө көмөктөшүү;

9) илимий изилдөөлөрдү жана экспедицияларды уюштурууда, реставраторлорду, архитекторлорду жана башка профилдик адистерди даярдоодо жана квалификациясын жогорулатууда колдоо көрсөтүү;

10) конференцияларды, семинарларды, көргөзмөлөрдү, коомдук талкууларды, агартуучу жана билим берүү иш-чараларын өткөрүү;

11) илимий басылмаларды, методикалык, маалыматтык жана билим берүү материалдарын даярдоо жана жайылтуу;

12) тарыхый-маданий мурастарды сактоонун мамлекеттик, муниципалдык жана эл аралык программаларына катышуу;

13) жарандардын, жергиликтүү жамааттардын, илимий мекемелердин, музейлердин, архивдердин, кайрымдуулук кылуучулардын жана меценаттардын демилгелерин колдоо;

14) гранттарды, кайрымдуулуктарды, демөөрчүлүк, техникалык жана башка мыйзамдуу кайтарымсыз жардамдарды тартуу;

15) уставдык максаттарга жооп берген долбоорлорго максаттуу каржылоону жана гранттарды берүү;

16) эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасында ХХ кылымдын архитектуралык жана маданий мурастарын коргоо чараларын өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоо.

14. Уставдык максатка жетүү үчүн Фонд төмөнкүлөргө укуктуу:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган булактардан каражаттарды жана мүлктү тартууга;

2) келишимдерди, макулдашууларды жана меморандумдарды түзүүгө, гранттык жана башка конкурстарга катышууга;

3) КР мурас объекттерин сактоо жана адаптациялоо боюнча архивдик жана натуралдык изилдөөлөрдү, долбоорлоону, экспертизалоону жана иштерди белгиленген тартипте каржылоого;

4) эксперттерди, реставраторлорду, архитекторлорду, инженерлерди, подрядчыларды, консультанттарды жана ыктыярчыларды тартууга;

5) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, КР мурас объекттеринин менчик ээлери жана пайдалануучулары, илимий уюмдар, музейлер, архивдер, китепканалар, маданият мекемелери, архитекторлор, реставраторлор жана башка адистер менен өз ара аракеттенүүгө;

6) Фонддун уставдык максаттарына шайкеш келген жана түшкөн каражаттар Фонддун уставдык максаттарын ишке ашырууга багытталган шартта, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жол берилген учурларда жана чектерде киреше алып келүүчү ишти жүзөгө ашырууга;

7) ушул Уставда белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен Фонддун иши үчүн зарыл болгон мүлктү сатып алууга;

8) маалымат суроого, демилге көтөрүүгө жана сотто өз укуктарын коргоого;

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.

15. Фонд төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) мүлктү жана акча каражаттарын уставдык максаттарда гана пайдаланууга;

2) КР мурас объектинин менчик ээсинин (баланс кармоочунун) жазуу жүзүндөгү макулдугунун жана КР мурас объектиндеги иштерди каржылоого чейин Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарын сактоо, пайдалануу жана өнүктүрүү үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен зарыл болгон макулдашуулардын болушун камсыз кылууга;

3) тиешелүү илимий-долбоордук документтердин жана милдеттүү экспертизалардын негизинде гана изилдөө, инвентаризациялоо, паспорттоштуруу, долбоорлоо, ошондой эле консервациялоо, реставрациялоо жана калыбына келтирүү боюнча иштерди каржылоого;

4) ар бир КР мурас объекти жана долбоору боюнча түшүүлөрдүн жана чыгашалардын өзүнчө эсебин жүргүзүүгө;

5) байкоочу кеңеш аныктаган тартипте конкурстук негизде подрядчыларды тандап алууга;

6) жыл сайын көз карандысыз аудиттен өтүүгө жана белгиленген тартипте үч жылда бир жолудан кем эмес аудитордук уюмду алмаштырууга;

7) эгерде мыйзамдардын милдеттүү ченемдеринде башкача белгиленбесе, түшүүлөрдүн жылдык көлөмүнүн он пайызынын чегинде администрациялык чыгымдарды камсыз кылууга;

8) бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган отчетторду берүүгө жана Фонддун иши жөнүндө маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга.

16. Фондго төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) КР мурас объектинин коргоо предметин өзгөртүүчү иштерди, коргоо зоналарында жаңы курулуштарды курууну, КР мурас объекттерин же алардын бөлүктөрүн бузууну (демонтаждоону) каржылоого;

2) КР мурас объекттерин менчикке сатып алууга, ошондой эле КР мурас объекттерине укуктарды үчүнчү жактарга өткөрүүгө алып келүүчү бүтүмдөргө катышууга;

3) демөөрчүлөргө, донорлорго, меценаттарга жана башка кайрымдуулук кылгандарга КР мурас объекттерине карата менчик, пайдалануу, ижарага берүү же куруу укуктарын, ошондой эле кайрымдуулукка байланыштуу башка мүлктүк артыкчылыктарды берүүгө;

4) Фонддун жетекчилиги жана Фонддун башка башкаруу органдарынын мүчөлөрү, демөөрчүлөр, донорлор, меценаттар жана башка кайрымдуулук кылгандар же Фонддун ишин тейлеген мамлекеттик кызматкерлер менен аффилирленген жактар менен кызыкчылыктардын кагылышуусун ачыкка чыгарбастан жана кызыкдар жактардын катышуусу жок кабыл алынган байкоочу кеңештин чечимин чыгарбастан бүтүмдөрдү жасоого;

5) саясий ишти жүзөгө ашырууга жана саясий партияларды каржылоого.

 

3-глава. Фонддун мүлкү жана каражаттары

 

17. Фонддун мүлкүн акчалай жана башка формаларда түзүүчү булактар болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлүк, ошондой эле эл аралык уюмдардын жеке жана юридикалык жактарынан ыктыярдуу төгүмдөр жана кайрымдуулуктар;

2) ишкердик ишинен түшүүлөр;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка түшүүлөр.

18. Фондго акысыз берилген мүлк, анын ичинде акча каражаттары Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык чыгарып салынууга тийиш.

19. Мыйзамдарда белгиленген тартипте Фонддун карамагында жарандар жана уюмдар тарабынан берилген, Кыргыз Республикасында жаралган ХХ кылымдагы искусство чыгармалары, архитектура жана монументалдык искусствонун документтери жана эстеликтери, китепканалар, коллекциялар, кыймылсыз мүлк жана башка финансылык эмес мүнөздөгү кайрымдуулук каражаттары, ноу-хау, автордук жана башка укуктар түрүндөгү интеллектуалдык менчик ж.б. болушу мүмкүн.

20. Фонд мүлктү ушул Уставда аныкталган максаттар үчүн пайдаланат.

21. Фонд бухгалтердик эсепке алууну жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте салык, статистикалык жана башка милдеттүү отчетторду берет, салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөйт.

22. Фонд тарабынан алынган киреше уставдык максатка жетүү үчүн гана колдонулат.

23. Фонддун акча каражаттарын эсепке алуу пайдаланууга берилген бюджеттик каражаттар боюнча негизги сметадан өзүнчө жүргүзүлөт.

24. Фонддун директору ушул Уставда аныкталган сумманын чегинде Фонддун каражаттарын тескөөчү болуп саналат.

 

5-глава. Фонддун башкаруу органдары

 

25. Фонддун башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) жогорку башкаруу органы – уюштуруучу;

2) байкоочу орган – Байкоочу кеңеш;

3) жеке өзү аткаруучу орган – директор;

4) контролдук-текшерүүчү орган – ревизор (ревизиялык комиссия);

5) кеңеш берүүчү орган – көзөмөлчүлүк кеңеши;

6) илимий кеңеш.

26. Фонддун уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы болуп саналат.

27. Уюштуруучу Фонддун ишине байланыштуу кандай болбосун маселени кароого алууга укуктуу.

28. Уюштуруучунун компетенциясына төмөнкүдөй маселелерди чечүү кирет:

1) Фонддун уставын бекитүү;

2) Фонддун уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү;

3) байкоочу кеңешти түзүү жана мүчөлөрүн чакыртып алуу;

4) Фонддун ишинин артыкчылыктуу багыттарын жана келечектеги пландарын аныктоо;

5) директордун юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүү же башка юридикалык жактардын ишине катышуу жөнүндө чечимдерин кабыл алуусуна макулдук берүү;

6) Фонддун башкаруу органдарынын кандай болбосун чечимдерине вето коюу укугу;

7) Фонддун ишин текшерүү жөнүндө чечим кабыл алуу;

8) Фондду жоюу жана кайра уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алуу;

9) көзөмөлчүлүк кеңешин түзүү укугу;

10) Фонддун ишине тиешелүү башка маселелерди чечүү.

29. Уюштуруучунун чечимдери Фонддун бардык башкаруу органдары жана кызматкерлери тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү.

30. Байкоочу кеңеш Фонддун ишин, Фонддун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ушул Уставды сактоосун көзөмөлдөйт.

31. Фонддун байкоочу кеңеши бешке чейин так эмес сандагы мүчөдөн турган курамда түзүлөт жана уюштуруучу тарабынан бекитилет.

Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн кеминде жарымы архитектура, реставрация, тарых жана археология жаатындагы көз карандысыз адистер болууга тийиш.

Байкоочу кеңештин курамына мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, анын ичинде мамлекеттик кызматчылар кире алышат.

32. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү коомдук башталышта өз ишин жүзөгө ашырат.

33. Байкоочу кеңештин жыйналыштары төрага тарабынан же кеминде үч мүчөсүнүн демилгеси боюнча чакырылат жана квартал ичинде бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.

34. Байкоочу кеңештин жыйналышы белгиленген курамынын жарымынан көбү катышкан учурда укуктуу болуп эсептелет.

35. Байкоочу кеңештин чечимдери ушул Уставда каралган учурларды кошпогондо, мүчөлөрдүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

36. Байкоочу кеңештин ар бир мүчөсү бир добушка ээ болот жана бул добушту башка адамдарга өткөрүп берүүгө укугу жок.

37. Байкоочу кеңештин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ушул Уставдын жана Фонддун уставдык максаттарынын сакталышын контролдоо;

2) Фонддун жылдык жана келечектүү пландарын, бюджетин жана сметасын бекитүү, жылдык отчетторду кароо жана бекитүү;

3) 100 000 000 сомдон жогору суммадагы бүтүмдөрдү, кыймылсыз мүлк жана кызыкчылык менен бүтүмдөрдү алдын ала макулдашуу;

4) подрядчыларды тандоо, ички контролдоо, маалыматты ачыкка чыгаруу жана финансылык жол-жоболор боюнча эрежелерди бекитүү;

5) сынактын негизинде көз карандысыз аудиторду тандоо жана аудиттин жыйынтыктарын кароо;

6) Фонддун иши жөнүндө документтерди жана маалыматтарды суроо, аныкталган бузууларды жоюу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Уставдын чегинде башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.

38. КР мурас объекттерин сактоо, коргоо, изилдөө, консервациялоо, реставрациялоо, калыбына келтирүү жана популярдаштыруу боюнча иштерди каржылоо оң илимий-эксперттик корутунду жана зарыл макулдашуулар болгондо жол берилет.

39. Көзөмөлчүлүк кеңеши демөөрчүлөрдүн, донорлордун, меценаттардын жана башка кайрымдуулук кылгандардын ичинен түзүлөт жана Фонддун каражаттарын тескөө укугусуз кеңеш берүүчү органдын функцияларын аткарат.

Көзөмөлчүлүк кеңешинин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

– Фонд үчүн донорлорду (инвесторлорду, меценаттарды) жана башка каржылоо булактарын издөө жана тартуу;

– Фондду өнүктүрүү үчүн тартылган бюджеттен тышкаркы каражаттардын чыгымдарынын сметасын кароо;

– Фонддун ишин жакшыртуу жана уставдык иш жаатындагы ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштар;

– Фонддун ишине байланыштуу документтерди же башка маалыматтарды директордон суроо;

– зарыл болгон учурда көзөмөлчүлүк кеңешинин мүчөлөрүнөн туруктуу жана/же убактылуу комиссияларды түзүү;

– аудитордук, фискалдык жана башка контролдоочу органдардын текшерүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышуу;

– коомчулукту Фонддун иши жөнүндө маалымдоого көмөктөшүү.

 

6-глава. Илимий кеңеш

 

40. Илимий кеңештин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) Фонддун иши үчүн жакынкы 5–10 жылга жол картасын тартылган эксперттер менен биргеликте иштеп чыгуу;

2) Фонддун башкаруусунда турган объекттерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка маанилүү мурастары объекттерин тартылган эксперттер тарабынан инвентаризациялоого көмөктөшүү;

3) КР мурас объекттерин сактоо долбоорлору боюнча көз карандысыз илимий-эксперттик корутундуларды алуу;

4) долбоорлорду илимий баалоо тартибин, анын ичинде тартылуучу эксперттердин квалификациясына коюлуучу талаптарды бекитүү;

5) заказ кылынган изилдөө, агартуу жана долбоордук иштерди кароо жана бекитүү;

6) Фонддун көзөмөлүндө турган КР мурас объекттеринин абалын контролдоону жүзөгө ашырган эксперттерге көмөктөшүү, ошондой эле текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча аныкталган бузууларды жоюуга көмөктөшүү.

41. Илимий кеңештин сыпаттамасы:

1) илимий кеңеш өз жыйналыштарын айына бир жолу онлайн режиминде жана жылына алты жолу оффлайн режиминде (жыйналыштын күндүзгү формасы) өткөрөт;

2) илимий кеңештин мүчөлөрү директор жана көзөмөлчүлүк кеңеши тарабынан шайланат;

3) илимий кеңеш 5–7 мүчөдөн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнөн, көз карандысыз эксперттерден, Кыргыз Республикасынын жарандарынан жана чет өлкөлүк жарандардан турат;

4) илимий кеңештин ачык коммуникациясынын тилдери болуп кыргыз, орус жана англис тилдери саналат;

5) илимий кеңештин талкуулары меморандумда белгиленет, ал үч тилде жарыяланат;

6) илимий кеңештин чечимдери жана сунуштары сунуштама мүнөзүндө болот, бирок ушул Уставда белгиленген мөөнөттө директор жана камкорчулук кеңеши тарабынан милдеттүү түрдө каралышын талап кылат;

7) макулдашылган чечимдер жана сунуштар аткаруу үчүн башка компетенттүү органдарга берилет.

 

7-глава. Фонддун директору

 

42. Фонддун жеке өзү аткаруучу органы болуп директор саналат.

43. Директор Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

44. Директор Фонддун ишин учурдагы башкарууну жүзөгө ашырат жана уюштуруучуга жана байкоочу кеңешке алардын компетенциясынын чегинде отчет берет.

45. Директор Фонддун атынан ишеним катсыз иш-аракет жүргүзөт, анын кызыкчылыктарын мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, соттордо, эл аралык уюмдарда, ошондой эле жеке жана юридикалык жактар, мамлекеттер жана алардын ыйгарым укуктуу органдары менен мамилелерде билдирет, банктык эсептерди ачат, келишимдерди жана макулдашууларды түзөт, ишеним каттарды берет, ушул Уставда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

46. Директордун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) ушул Уставдын, уюштуруучунун жана байкоочу кеңештин чечимдерин аткарууну камсыз кылуу;

2) байкоочу кеңешке берүү үчүн пландарды, бюджетти, сметаларды, ички документтердин долбоорлорун жана отчетторду даярдоо;

3) долбоордук документтерди даярдоону, макулдуктарды алууну жана эксперттик корутундуларды аткарууну уюштуруу;

4) Фонддун бардык бүтүмдөрү боюнча чечимдерди кабыл алуу. Мында кыймылсыз мүлк жана кызыкчылык менен 100 000 000 сомдон жогору суммадагы бүтүмдөр боюнча чечимдер байкоочу кеңештин макулдугу менен кабыл алынат;

5) Фонддун түзүмүн, штаттык расписаниесин жана ишинин уюштуруучулук маселелерин бекитүү;

6) бухгалтердик эсепке алууну, отчеттуулукту, долбоорлорду өзүнчө эсепке алууну, мүлктүн сакталышын жана ички контролду камсыз кылуу;

7) олуттуу финансылык тобокелдиктер жана аныкталган бузуулар жөнүндө уюштуруучуну жана байкоочу кеңешти дароо кабарлоо;

8) алты айда бир жолудан кем эмес уставдык жана финансылык иштер жөнүндө отчетту жана ар жылдык жыйынтыктоочу отчетту байкоочу кеңешке берүү;

9) уюштуруучунун жана байкоочу кеңештин компетенциясына кирбеген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.

47. Директор убактылуу болбогон мезгилде анын милдеттерин аткаруу орун басарларынын бирине жүктөлөт.

 

7-глава. Ревизор (ревизиялык комиссия)

 

48. Ревизор (ревизиялык комиссия) уюштуруучу тарабынан зарылчылыкка жараша дайындалат.

49. Ревизор Фонддун аткаруучу органдарында кандайдыр бир кызмат орунду ээлей албайт.

50. Ревизор (ревизиялык комиссия) Фонддун финансылык жана чарбалык ишин текшерүүнү жүзөгө ашырат. Жылдын жыйынтыгы боюнча ревизор (ревизиялык комиссия) уюштуруучу тарабынан бекитилүүчү отчетту берет.

51. Ревизор (ревизиялык комиссия) өз ишине уюштуруучуну тартууга укуктуу.

52. Директордун ишин текшерүү уюштуруучунун чечими боюнча ревизор (ревизиялык комиссия) тарабынан жүзөгө ашырылат.

53. Ревизор (ревизиялык комиссия) Фонддун кызмат адамдарынан бардык керектүү материалдарды, бухгалтердик же башка документтерди жана оозеки түшүндүрмөлөрдү берүүнү талап кылууга укуктуу.

54. Өз милдеттерин аткарууда ревизор (ревизиялык комиссия) үчүнчү адистердин (көз карандысыз аудитор, баалоочу ж.б.) кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалана алат.

 

8-глава. Фондду кайра уюштуруу жана жоюу

 

55. Фондду кайра уюштуруу жана жоюу уюштуруучунун чечиминин негизинде жана тартипте же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда соттун чечими боюнча жүзөгө ашырылат.

56. Жоюу учурунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруучу жоюу комиссиясы (жоюучу) дайындалат.

57. Кредиторлордун талаптарын канааттандыргандан кийин Фонддун калган мүлкү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте КР мурас объекттерин сактоо максаттарына гана багытталат жана уюштуруучунун, Фонддун органдарынын мүчөлөрүнүн, кызматкерлеринин же белек берүүчүлөрдүн арасында бөлүштүрүлүүгө жатпайт.

58. Фонддун документтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сакталууга жана архивге берилүүгө тийиш.

 

9-глава. Корутунду жоболор

 

59. Ушул Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим уюштуруучу тарабынан кабыл алынат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлөт.

60. Ушул Уставда жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.