Распоряжение Кабинета Министров КР от 16 ноября 2026 года № 857-т (Об одобрении заключения Кабинета Министров Кыргызской Республики к Конвенции о борьбе с незаконными актами в отношении международной гражданской авиации и протоколам в сфере гражданской авиации)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 16-ноябры № 857-т
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине ылайык:
1. 2010-жылдын 10-сентябрында Пекинде кол коюлган Эл аралык жарандык авиацияга карата мыйзамсыз актыларга каршы күрөшүү жөнүндө конвенцияга, 2010-жылдын 10-сентябрында Пекинде кол коюлган Аба кемелерин мыйзамсыз басып алууга каршы күрөшүү жөнүндө конвенцияны толуктоочу протоколго, 2014-жылдын 4-апрелинде Монреалда кол коюлган Аба кемелеринин бортунда жасалган кылмыштар жана айрым башка актылар жөнүндө конвенцияны өзгөртүүчү протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Конвенцияны жана протоколдорду ишке ашырууга жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |