УказДействует

Указ Президента КР от 19 августа 2026 года № 296 «О некоторых вопросах открытого акционерного общества»Кылым Банк"

Редакцияот 19.08.2026
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2026-жылдын 19-августу № 296

 

"Кылым Банк" ачык акционердик коомунун айрым маселелери жөнүндө

 

"Кылым Банк" ачык акционердик коомунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин "Кылым Банк" ачык акционердик коомунда акционер катары чыгуу боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функцияларды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына өткөрүп берсин;

2) өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:

1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен биргеликте ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;

2) белгиленген тартипте мамлекеттик мүлктү "Кылым Банк" ачык акционердик коомуна пайдаланууга берүү үчүн чараларды көрсүн.

3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров