ПостановлениеДействует

Кыдыр Аке жергиликтүү кеңешинин 2025-жылдын 16-октябрындагы №101 жана 2026-жылдын 28-сентябрындагы №80 токтомдорун күчүн жоготту деп табуу жөнүндө токтому

Редакцияот 19.11.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫДЫР АКЕ

АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

 

II чакырылышынын кезектеги 18-сессиясы

                                                                                                                                                                                                                                                                                                 

ТОКТОМ

                                                         

                                                                         

 03.11.2026 №94                                                                                                     

 

Кыдыр Аке жергиликтүү кеңешинин 2025-жылдын 16-октябрындагы

№101 жана 2026-жылдын 28-сентябрындагы №80 токтомдорун

 күчүн жоготту деп табуу  жөнүндө  

 

            Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына жана  Кыдыр Аке жергиликтүү кеңешинин 2024-жылдын 18-декабрындагы №96 токтому менен бекитилген

Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин Регламентинин 32-пунктуна ылайык,  айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат: 

 1. Кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен 2026-жылдын 20-октябрындагы көчүрмөлөрүн эске алуу менен Сары-Камыш айылындагы эски мектептин имараты мурдагы Кереге-Таш айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 19-мартындагы №104 токтому менен “контора” деп катталгандыктан  Кыдыр Аке жергиликтүү кеңешинин төмөндөгү токтомдору күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыдыр Аке жергиликтүү кеңешинин 2025-жылдын 16-октябрындагы №101 “Сары-Камыш айылындагы эски мектептин имаратынын багытын жер тилкеси менен өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтому;

- Кыдыр Аке жергиликтүү кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы №80 “Кыдыр Аке жергиликтүү кеңешинин 2025-жылдын 16-октябрындагы №101 “Сары-Камыш айылындагы эски мектептин имаратынын багытын жер тилкеси менен өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтому.

           3.Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.

          4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын

 

 

Төрага                                                        Б.С.Акунов