Сары-Камыш айылынын Жума көчөсү №3 жана №5 дарегинде катталган социалдык багыттагы «Контора» жана ал жайгашкан жер тилкесинин багытын «Турак жай фондусуна» өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө токтому
КЫДЫР АКЕ
АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
II чакырылышынын кезектеги 18-сессиясы
ТОКТОМ
03.11.2026 №95
Сары-Камыш айылынын Жума көчөсү №3 жана №5 дарегинде катталган
социалдык багыттагы “Контора” жана ал жайгашкан жер тилкесинин багытын
“Турак жай фондусуна” өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 12-беренесинин 2-пунктунун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы №665 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” жобонун негизинде айыл өкмөтүнүн сунушун карап, айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Камыш айылынын Жума көчөсү №3 (ЕНИ-2-01-16-1002-0235) жана №5 (ЕНИ-2-01-16-1002-0236) дарегинде катталган социалдык багыттагы “Контора” жана ал жайгашкан жер тилкесинин багытын “Турак жай фондусуна” өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Сары-Камыш айылынын Башкы Мерчемине (Генпланга) 1-пунктта көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр киргизилсин.
3. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага Б.С.Акунов