Кызматташтык жөнүндө алкактык макулдашууну жактыруу жөнүндө токтому
КЫДЫР АКЕ
АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
II чакырылышынын кезектеги 18-сессиясы
ТОКТОМ
04.11.2026 №96
Кызматташтык жөнүндө алкактык макулдашууну
жактыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине ылайык айыл аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу максатында ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу долбоорун ишке ашыруу максатында айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк программасынын (СКСЖП) алкагындагы Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти менен түзүлүп жаткан Кызматташуу жөнүндө алкактык макулдашуу мамлекеттик жана расмий тилинде жактырылсын.
2. Кыдыр Аке жергиликтүү кеңешинин төмөндөгү токтомдору эске алынсын:
- 2026-жылдын 26-майындагы №40 “Пилоттук негизде Ак-Суу районунун айыл аймактарында ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын
көрсөтүүчү адистештирилген муниципалдык ишкананы түзүүгө макулдук берүү жөнүндө;
- 2026-жылдын 1-октябрындагы №83 “Айыл өкмөтүнүн алдындагы “Ак-Суу коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын базасында түзүлгөн “Райондук кызмат көрсөтүүчү “Ак-Суу суу түтүк” адистештирилген муниципалдык ишканасынын кызмат көрсөтүүнүн тарифтерин мурдагы бекитилген боюнча калтыруу жөнүндө”.
3. Кыдыр Аке айыл өкмөтүнүн төмөндөгү тескемелери эске алынсын:
-2026-жылдын 26-августундагы №334-т “Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин ичүүчу суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоо долбоорлорун ишке ашыруу тобу тарабынан ишке ашырылып жаткан “Бардыгына суу менен камсыздоо жана санитария” прогграммасынын таасирине кирген жарандардын кайрылууларын жергиликтүү деңгээлде кароо боюнча комиссия түзүү жөнүндө”;
-2026-жылдын 21-сентябрындагы №368-т “Пилоттук негизде Ак-Суу районунун айыл аймактарында ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарын
көрсөтүүчү “Ак-Суу” райондук кызмат көрсөтүүчү” адистештирилген муниципалдык ишканасынын Байкоочу кеңешин түзүү жөнүндө”;
- 2026-жылдын 6-октябрындагы №391-т “Райондук кызмат көрсөтүүчу “Ак-Суу суу түтүк” адистештирилген муниципалдык ишканысынын штаттык расписаниесин бекитүү жөнүндө”.
- 2026-жылдын 9-октябрындагы №398-т “Пилоттук долбоордун алкагында Ак-Суу районунун айыл аймактарында ичүүчу суу менен камсыздоо жана саркынды чсууларды чыгаруу кызматтарын көрсөтүүчү “Ак-Суу суу түтүк” адистештирилген муниципалдык ишканасына бир бирдик ачуу жөнүндө” (жергиликтүү бюджеттин каржылоосу менен).
4. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге милдеттендирилсин, жана көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштуу туруктуу коммиссиянын төрагасы К.Б.Асанбековго жүктөлсүн.
Төрага Б.С.Акунов