Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди кайра кароо системасын бекитүү жөнүндө токтому
КЫДЫР АКЕ
АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
II чакырылышы
ТОКТОМ
04.11.2026 №97
Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды
сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди
кайра кароо системасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы №320 токтому менен бекитилген «Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоонун жана кайра кароонун тартиби жөнүндө» жобого ылайык, ошондой эле “Суу менен камсыздоого жана санитарияга каршы жалпы жеткиликтүүлүк программасы (СКСЖП)” долбоорунун алкагында гранттык макулдашуунун шарттарын аткаруу максатында айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди кайра кароо системасы (Тартиби) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом менен бекитилген Система тарифтин абсолюттук маанилерин (баасын) азыркы учурда бекитүүнү же колдонуудагы тарифтерди кайра кароону карабайт, ал бир гана тарифти эсептөө методун, аны макулдашуу, бекитүү процедураларын жана чыгымдарды жабуунун максаттуу деңгээлдерин белгилейт деп аныкталсын.
3.Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге милдеттендирилсин, жана көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштуу туруктуу коммиссиянын төрагасы К.Б.Асанбековго жүктөлсүн
Төрага Б.С.Акунов