ПостановлениеДействует

Ак-Суу айылынын Арык Мырза жаңы конушундагы фельдшердик-акушердик пунктту Ак-Суу райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборуна ижарага түз жолу менен акысыз жана убактылуу пайдаланууга берүүгө макулдук берүү жөнүндө токтому

Редакцияот 19.11.2026
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫДЫР АКЕ

АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

 

II чакырылышынын кезектеги 18-сессиясы

                                                                                                                                                                                                                                                                                                 

ТОКТОМ

                                            

 04.11.2026 №98                                                                                                 

 

Ак-Суу айылынын Арык Мырза жаңы конушундагы

фельдшердик-акушердик пунктту Ак-Суу райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборуна ижарага түз жолу менен акысыз жана убактылуу  пайдаланууга берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

            Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына жана Кыдыр Аке  айыл аймагынын  жергиликтүү кеңешинин 2024-жылдын  28-июнундагы №28  токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчиктеги объекттерди пайдаланууга жана

ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө” жобонун 8-главасына таянуу менен айыл өкмөтүнүн сунушун карап, талкууга алып айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат: 

 1. Ак-Суу айылынын Арык Мырза жаны конушундагы айыл өкмөтүнүн карамагындагы фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) маанилүү социалдык маселелерди чечүүгө жана жергиликтүү калктын саламаттыгын сактоо максатында Ак-Суу райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборуна ижарага түз жолу менен акысыз жана убактылуу  пайдаланууга макулдук берилсин.

2. Айыл өкмөтү менен Ак-Суу райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун ортосунда келишим түзүлүп, тиешелүү мүлктөр оперативдүү башкаруу укугу менен берилсин.

           3.Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.

          4. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башкы Т.Ш.Кобонбаевге милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы кеңештин Муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча Жер маселелерин жөнгө салуу, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.С.Кыдыровго жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                 Б.С.Акунов