Постановление Бишкекского городского кенеша от 27 октября 2026 года № 116 «О представлении кандидатур в резерв участковых избирательных комиссий от представительного органа местного самоуправления города Бишкек»
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 27-октябры № 116
Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынан участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби тууралуу” жобосун жетекчиликке алып, Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын катынын негизинде (2026-жылдын 9-октябрындагы №01-4/19, 2026-жылдын 23-октябрындагы №01-04/25), Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын атынан, шайлоо участокторунун шайлоо комиссияларынын резервин толуктоо үчүн 1244 талапкерге тиешелүү документтерди Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылсын.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Төрага |
| Б. Усеналиев |